Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети саясат таануучу Марат Казакпаев мамлекетке чыккынчылык кылуу иши боюнча кармалганын бышыктады. Экинчи шектүүнүн аты-жөнү ачыкка чыга элек.
УКМК шектелгендердин экөө тең Кыргызстандын улуттук коопсуздугун ички жана сырткы коркунучтардан коргоону камсыздоо иштери жүрүп жатканда, атап айтканда, чет элдик атайын кызматтар менен уюмдарга каршы туруу учурунда кармалганын баса белгиледи.
«Төгүнгө чыгарылгыс далилдер табылды. Жасалган кылмыштар үчүн жазык жоопкерчилиги 10 жылды түзүшү мүмкүн. Бул иш улуттук коопсуздукка байланыштуу болгондуктан, ал жашыруун сыр болуп саналат», — деп УКМКдан билдиришти.
Мамлекетке чыккынчылык кылды деген шек менен Кыргызстандын эки жараны кармалганы тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы 13-апрелде кабарлаган.
«“Мамлекетке чыккынчылык кылуу” беренеси менен катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында бул кылмышка барууга өлкөнүн айрым жарандарынын катыштыгынын төгүнгө чыгарылгыс далилдери табылган», — деп УКМКнын билдирүүсүндө жазылган.
Ошол эле билдирүүдө «кылмыш ишине берилген жашыруун сырдын даражасын эске алып», кармалгандардын аты-жөнүн жана иштин кырдаалын ачыкка чыгаруу мүмкүн эмеси айтылган.
Бирок, айрым ЖМКлар күч түзүмдөрүндөгү өз булактарына таянып, кармалгандардын бири — саясат таануучу Марат Казакпаев экенин дароо билдирип чыгышкан.
Кийинчерээк, долбоорлордун жетекчиси катары Марат Казакпаев менен кызматташкан «Гуров и партнеры. Центральная Азия» веб-сайты саясат таануучу жөнүндө маалымат жайгашкан баракчаны өчүрүп салган.
Мамлекетке чыккынчылык кылуу
Айыпталуучу белгилүү адис же жогорку мансаптуу аткаминер болгонуна байланыштуу «Мамлекетке чыккынчылык кылуу» беренеси боюнча иштер көп учурда коомчулукка ачыкка чыкпай калат. 2014-жылы Кыргызстандын мурдагы премьер-министри Амангелди Муралиевдин уулу Алтынбек Муралиевге карата да ушул эле берене менен кылмыш иши козголгон. Ал убакта Алтынбек Муралиев өкмөттүк аппараттын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн жетекчиси болуп турган.
Ал мамлекетке чыккынчылык кылган деген шек менен кармалып, тергөө дээрлик эки жылга созулган. Ал убакта «Дело №» гезити Алтынбек Муралиев өкмөттө иштеп турган кезде эл аралык чалгын кызматтарына «Жашыруун» жана «Таптакыр жашыруун» мөөрү басылган 400гө чукул документти өткөрүп берген деп кабарлаган. Айрым документтерде коңшу өлкөлөр менен болгон оор мамилелер тууралуу маалыматтар болгон.
Амангелди Муралиев тергөөдө баштан-аяк иштин материалдарында уулуна коюлган айыптын далили жок экенин айтып келген. Ошондой эле Алтынбекке карата басым болгонун билдирген.
«Жанагы топтордун ортосунда тебеленип кеткен менин уулум болду окшойт. Башында кармаганда эле тергөөчүлөр “биздин сценарий боюнча көрсөтмө берсең сага жеңил болот” деп анын башын айландырышкан экен. Алгач кармаганда ага “бала-чакаңа, аялыңа зыяны тийет” деп психологиялык басым жасалыптыр. Ошондуктан тергөөгө мен жалдаган адвокаттарды дагы бир айдан ашуун жолотушкан жок. Анан калса тергөө амалдарын жүргүзүүдө психотроптук каражаттарды колдонгон окшойт, уулум башы айланып, алар эмнени кааласа, ошондой кылып видео тасмага сүйлөп бериптир. Бирок иште түздөн-түз далилдеген кандайдыр бир материалдар жок. Анан бул жерде атайын кызмат өзүнүн ишин көрсөтүш үчүн эле ага “мамлекетке чыккынчылык кылды” дегенди илип жатат», — деп билдирген ал.
2016-жылдын башында ордо калаанын Биринчи май райондук соту Алтынбек Муралиевди күнөөлүү деп таап, 12 жылга эркинен ажыраткан. Кийинчерээк Бишкек шаардык соту бул мөөнөттү жазасын күчөтүлгөн тартиптеги абакта өтөсүн деп 22 жылга чейин көбөйткөн. Ал эми 2019-жылы Жогорку сот абак мөөнөтүн 10 жылга чейин кыскарткан.
Марат Казакпаев деген ким?
Марат Казакпаев журналисттерге өлкөдөгү саясий окуяларга пикирин билдирген адам катары белгилүү. 1994-жылы Кыргыз улуттук университетинин тарых факультетин аяктаган. Жогорку окуу жайды аяктагандан кийин ошол эле университеттин философия жана дин таануу кафедрасында иштеп баштаган. Кийин ал саясат таануу факультетине айланган.
Кийин ал Кыргыз-Орус Славян университетинин эл аралык мамилелер факультетинин саясат таануу кафедрасында окутуучу болуп иштеген.
Казакпаев саясат таануу багытындагы изилдөөлөргө катыша баштаган — «ак саясий технологияларды» жана аларды иш жүзүндө колдонууну иликтеген.