Өткөн жылдын биринчи кварталына салыштырмалуу жашоо минимуму 13%га өстү

2021-жылдын 1-кварталына карата жашоо минимуму 5 840 сомду түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу орто эсеп менен 13%га өстү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

Эң жогорку өсүш Ош жана Бишкек шаарларында, ошондой эле, Ысык-Көл облусунда катталды.

Улуттук статистика комитети 2020-жылдын ноябрь айына карата эмгек акы боюнча изилдөө чыгарган. Анда жумушчулардын басымдуу бөлүгү беш жарым миңден 11 миңге чейин айлык алаары белгилүү болгон.

Жашоо минимуму тууралуу маселе 3-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында да көтөрүлгөн. Парламент депутаты Дастан Бекешевдин «Кыргызстанда 5600 сомго жашоого мүмкүнбү?» деген суроосуна премьер-министр Улукбек Марипов «болот, бирок кыйын» деп жооп берген.

Жашоо минимуму – адамдын күнүмдүк жашоо-тиричилигине жетиштүү азык-түлүк менен тейлөөнүн минималдуу наркын камтыган көрсөткүч. 2020-жылы ал Кыргызстанда 5 562 сомду түзүп, 2019-жылга салыштырмалуу 12 пайызга өскөн.