Бишкекте курулуштун айынан бала бакчанын ашканасы урап калды. Окуянын чоо-жайы

Бишкектин Ленин районундагы «Илим-Билим Нур» менчик бала бакчасынын ашканасы 30-мартка караган түнү урап калды. Ашкананын жанында PRO GROUP ЖЧКсы көп кабаттуу үй куруп жаткан. Кырсык түн ичи болгондуктан эч ким жабыркаган эмес. Ленин РИИБи аталган факт боюнча сотко чейинки өндүрүштү баштады.

«Окуя күндүз катталганда эмне кылмакмын?»

Бала бакча үч жылдан бери иштеп келет. Ал эми көп кабаттуу үйдүн курулуш иши эки жыл мурун башталган. Бала бакчанын жетекчиси Наргиза Калыкованын айтымында, курулуш башталганда эле тийиштүү органдарга арыз менен кайрылган, бирок алардан жооп болгон эмес.

«Мен курулуш иши башталганда Бишкек архитектурага, мэрияга, экотехинспекцияга канча арыз жаздым. Бирок бул аракетимден эч кандай майнап чыккан жок. Эгерде бул окуя күндүз катталганда, тосмо биз жакка кулап түшкөндө мен эмне кылмакмын?» — деп ыйлады Калыкова.

Бала бакчанын ашканасынан башка курулуштун айынан ага жакын жайгашкан менчик үйдүн дубалы жана дааратканасы дагы урап калган. Калыкованын жана анын кошуналарынын айтымында, курулуш иштери башталганда эле тийиштүү аралык сакталган эмес.

«Компаниядан кечирим сурагандын ордуна кайра биздин үстүбүздөн арыз жазып жатышат. Окуя болгон күнү компаниянын бир да өкүлү келип сурап койгон жок», — деди Калыкова.

Бала бакчанын жетекчиси окуя болгондон кийин Ленин РИИБине билдирүү жөнөтүп, Бишкек башкы архитектурасына жана мэрияга арыз менен кайрылган. Калыкованын айтымында, алардын бирөө дагы келип, эмне болгонун сураган эмес.

Темирязев көчөсүндө жашаган тургундардын пикиринде курулуш талаптары жана коопсуздук башынан эле эске алынган эмес.

Тургундардын бири Кубатбек Сарыбаев «Клоопко» курган маегинде курулуш ишинин айынан суу түтүгү жарылып, анын кесепетинен үйүнүн ичине суу кирип, көгөрүп жатканын айтты.

«Өткөн жылдын ноябрында 3 метрлик котлован казып жатканда менин үйүмдүн алдындагы таза суу түтүгүн жулуп салышкан. Алар сууну мен тараптан, менин үйүм аркылуу алышкан. Түтүктүн кошулган жери үзүлүп кетип, суу менин полума чейин кирип кеткен. Азыр үйүм ошонун айынан ным тартып, көгөрүп жатат», — деди тургун.

Ошондой эле, ал компания келтирилген чыгымды төлөп берерин убадалап, арадан он күн өткөн соң оңдоп берүүдөн баш тартканын айтат. Себебин алар оңдоп берүүгө «акчабыз жок» деп түшүндүрүшкөн.

«Ашкананын тийиштүү документтери болгон эмес»

Бишкек башкы архитектурасынын жетектөөчү адиси Азат Курманбеков «Клоопко» көп кабаттуу үйдү салууга уруксат берилгенин билдирди. Ал эми бала бакчанын ашканасы мыйзамсыз курулганын айтты.

«Ал жакка ашкана кылууга уруксат берилген эмес. Урап калган ашкана мурда эски сарай болгон. Ал эми бала бакчага келген чыгымды, жакын жайгашкан үйлөргө дагы зыян тийип тийбегенин тийиштүү органдар карашы керек», — деди Курманбеков.

Ал эми Калыкова ашканасынын тийиштүү документтери бар экенин айтат. Анын алдын ала эсептөөлөрү боюнча азык-түлүк жана тиричилик техникаларды, эмеректерди кошо эсептегенде жалпы 1 млн сомдон ашык чыгымга учураган.

Курманбеков ошондой эле, курулушту жүргүзүп жатканда долбоордо бир жарым метр каралганын жана курулуп жаткан көп кабаттуу имаратты экотехинспеция көзөмөлдөшү керектигин белгиледи. Курманбеков окуя боюнча комиссия түзүлгөнүн анын жыйынтыгы боюнча маалымат берилерин кошумчалады.

Экотехинспекция компания менен соттошууда

Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы PRO GROUP курулуш компаниясына имаратты курууга уруксат берген эмес. Инспекциянын башчысы Талантбек Иманкул уулунун айтымында, алар курулуш компаниясы менен соттошуп жатат. Иманкул уулу 20-апрелде кезектеги сот отуруму болоорун белгилейт.

*Курулуш иштерин PRO GROUP ЖЧКсы жүргүзүп жатат, ал эми буйрутмачы болуп «Макро Констракшн» компаниясы эсептелет. Эки компания тең Аманбек Бакешов башкарат.

«Макро Констракшндын» директорунун орун басары Бакыт Айдаров «Клоопко» компаниянын бардык тийиштүү документтери бар деп ишендирди. Ал эми бала бакчанын ашканасы талапка жооп бербейт деген пикирде.

«Биз башкы архитектурадан жана мамлекеттик экспертизадан оң корутунду алганбыз. Экотехинспекцияга “Курулуп жаткан имараттардын реестрине” киргизүү боюна билдирүү жибергенбиз. Алар биздин дубалга эле ашкана кылып улап алышкан. Ашкана болгондон кийин өзүнүн пайдубалы, дубалы болушу керек да. Бул боюнча бала бакчанын жетекчисине окуя болгонго чейин эскертүү бергенбиз», — деди Айдаров.

Ал эми компаниянын өкүлү Бакыт Айдаров курулуш башталганда тургундар нааразы болгонун тастыктады. Анын айтымында, карантинге байланыштуу экотехинспекцияга документтер убагында тапшырылган эмес.

«Биз документти бергиче күтпөй эле, алар ишти сотко берип салышкан», — деди ал.

Ал эми Ленин РИИБдин маалымат катчысы Сайкал Садыбакасова «Клоопко» Калыкованын арызы боюнча «Бөтөн мүлктү жок кылуу же зыянга учуратуу» берениси менен сотко чейинки өндүрүш башталганын айтты

«31-март күнү Ленин райондук ички иштер бөлүмүнө Наргиза Калыкова курулуш компанияларынын бирине чара көрүүнү суранып кайрылган. Темирязев көчөсүндөгү курулуш иши, тагыраагы казылган аңдан жана жамгырдан улам бала бакчанын тосмосу жана ашкананын дубалы урап калган. Учурда келтирилген чыгымдар эсептелүүдө», — дейт Садыбакасова.

Авторлор: Найзабек Мукамбетов, Дилде Шатанова