Депутат Бекешев «кастыкты козутуу» үчүн жазаны кайрадан кароону сунуштады

Депутат Дастан Бекешев «кастыкты козутуу» беренеси боюнча жазаны өзгөртүүнү сунуштады.

«Эгер соцтармактарда кимдир-бирөө туура эмес комментарий жазып койсо, ал түрмөгө 5 жылга кесилип кетиши мүмкүн. Балким, алгач айыпка жыгыш керектир. Эгер ошондо да ага сабак болбосо, анда чара көрүш керек. Мен мыйзам долбоорун демилгелегим келет», — деди саясатчы.

Ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев Бекешевдин идеясына макул болуп, сүйлөгөн сөзү эмес, кылган иши үчүн соттоо керек деп билдирди.

«Сиз мыйзам долбоорун демилгелейм дейсиз, балким сиз менен чогуу кызматташабыз», — деди ал.

Бул мыйзам долбоору боюнча теманы Бекешев март айында да көтөргөн. Ошондо бул мыйзам долбоору 25-мартта коомдук талкууга коюлганы тууралуу парламенттин расмий баракчасында көрсөтүлгөн.

Мыйзам боюнча, «кастыкты козутууга» III категориядагы жаза каралган: жашы жете электерге — 2,5 жылдан төрт жылга чейин, калгандарына — 5 жылдан 7,5 жылга чейин.

Бекешев, эгерде адам мындай кылмышка биринчи жолу барган болсо, ага карата жазаны 3-6 миң сом айып төлөө түрүндө жеңилдетүүнү сунуштаган.

Кылмыш дагы кайталана турган болсо — III эмес, экинчи категориядагы жаза колдонуу керек: жашы жете электерге — 1,5 жылдан 2,5 жылга чейин, калгандарына — 2,5 жылдан беш жылга чейин эркинен ажыратуу.

Берене кандайча колдонулуп жатат?

«Кастыкты козутуу» беренеси кээде активисттерге жана коомдук ишмерлерге басым кылуу үчүн колдонулат. Мисалы, 2019-жылы ноябрда аталган берененин жардамы менен фейсбукта белгилүү «Беспредел» паблигин модерация кылган блогер Автандил Жоробековго басым кылуу аракети болгон.

Жоробеков аймак аралык кастыкты козуткан делип кармалган, анткен менен, УКМКнын туюндурмасына ылайык, ал өзү мындай өңүттө пост жазган эмес, ал постунун алдына комментарий калтырган башка комментаторлордун пикирлери үчүн жоопко тартылган. Коомчулук блогердин кармалганын терс кабыл алып, ошол эле жылы май айында ага каршы иш кыскартылган.

Көрсөтүлгөн берене боюнча мунапыс алуу да мүмкүн эмес — деп качкын Камран Шенваринин жактоочусу айткан. Юристтин айтымында, ууру да, киши өлтүргөн да мунапыс ала алат, бирок комментарий жазганы үчүн соттолуп кеткен кишиге мунапыс каралган эмес.

Кыргызстанда фейсбуктагы билдирүүсү үчүн оогандык качкын Камран Шинвари беш жылга эркинен ажыратылган. Ал улуттар аралык кастыкты козутууга күнөөлүү деп табылган.

Шенваринин жубайы жана укук коргоочулар комментарийди жазган аккаунт ага таандык эмес деп айтышкан. Кылмыш ишинин документтерине ылайык, аккаунт Шенвариге таандык экенин билдирген далилдер жок — анын аты-жөнү туура эмес жазылган, ал эми комментарий орус тилинде жазылган. Шенвари орус тилин жакшы билбейт, өзүнүн баракчаларында эне тилинде, арап алфавитинде жазат.