Лейлектин тургундары «Апрель» алтын кенинин казылышына каршы

Баткен облусунун Лейлек районундагы Катраң айыл аймагынын тургундары Алмалуу тоосундагы «Апрель» алтын кенинин иштетилишине каршы болуп жатышат. Жергиликтүүлөр кенди казуу боюнча лицензияны жокко чыгарууну талап кылып, өлкө башчысы Садыр Жапаров, премьер-министр Улукбек Марипов жана депутаттарга видео кайрылуу жасады.

«Же суудан же тоодон жок калабыз»

Нааразы болгон эл 14-апрелде чогулган. Алардын айтымында, алтын кени Козу-Баглан дарыясынын башында орун алган. Ал эми тургундар аталган дарыядан суу ичишет. Кен иштей турган болсо суу ууланып, жашоочулардын ден соолугуна жана экологияга зыян тийиши мүмкүн.

«Чогулушка төрт айылдын тургундары келдик. Алтын казган компания суунун жанында иштесе уулу заттар сууга кошулуп кетиши мүмкүн. Ошол суудан биз эле эмес мал дагы ичет. Биз же суудан же тоодон жок калабыз, ден соолугубуз начарлайт», — деп түшүндүрдү «Клоопко» Катыраң айылдык кеңешинин төрагасы Сапарали Бөрүбаев.

Бөрүбаев кен маселеси көтөрүлүп жатканына сегиз жыл болгонун белгилеп, президент Садыр Жапаров бийликке келгенге чейинки «кендерди коргойм» деген убадасында турган жок деди.

«Биз 2012-жылдан бери компания “иштебесин, кетсин” деп аракет кылып келе жатабыз. Аракетибизден эч кандай майнап чыкпай жатат. Бийлик бизге түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн эмес. Алар орусиялык компания деп айыл тургундарын алдап жатат. Бирок ишкана Швецияныкы, орустар эмес эле ошол жактын адамдары жүрөт», — деп Бөрүбаев бийликти сынга алды.

Алтын кенди иштетүүгө лицензия 10 жылга берилген

Катраң айыл аймагындагы алтын кенинде 74 пайызы орусиялык компанияга тиешелүү биргелешкен A.Z. International ЖЧКсы чалгындоо ишин баштаган. 2010-жылкы өлкөдөгү июнь окуясындагы башаламандыктардан кийин иш токтогон. 2011-жылы болсо аталган компания аймакта кен чалгындоо үчүн 800 гектар жерге уруксат алган.

2012-жылы Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети тарабынан Орусиялык «Апрельское Эй Зет Ай» ЖЧКсына Катраң айыл аймагында жайгашкан «Апрель» алтын кенин иштетүүгө лицензия берилген. Лицензиянын мөөнөтү 2022-жылы аяктайт.

Жергиликтүү бийликтин маалыматы боюнча «Апрельское Эй Зет Ай» ЖЧКсы лицензия алуу үчүн Катраң айыл өкмөтүнө 21 млн сом салык төлөп берген.

«A.Z. International» жана «Апрельское Эй Зет Ай» ЖЧКсынын жетекчиси Сергей Юрченко эсептелет. Компаниянын өкүлдөрүнөн комментарий алууга мүмкүн болгон жок.

Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү эмне дейт?

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат катчысы Чолпонай Бердикулованын айтымында, «Апрель» алтын кенинде кен казуу иштери жүрө элек. Болгону аймакта чалгындоо жумуштары гана жүрүп жатат.

«14-апрелде бизге айыл тургундары тарабынан видео кайрылуу келди. Ошол замат облус башчысы акимдерге, айыл өкмөт башчыларына тапшырма берген. Анын негизинде компаниянын Катраң айыл аймагын өнүктүрүү боюнча программасын, жергиликтүү тургундарга көрсөтүлүүчү социалдык пакеттер жана өндүрүш технологиясынын коопсуздугу боюнча кеңири түшүнүк берилет», — деп белгиледи Бердикулова.

Ал эми Лейлек районунун акими Баймурат Бекмуратов «Клоопко» Катраң айыл аймагынын тургундарынын бийликке кайрылуусу тууралуу маалыматы жок экенин билдирди.

«Ал жакта компания көп жылдан бери иштейт. Эч кандай ызы-чуу болгон эмес. Мага Катраңдан эч ким кайрылган жок. Тургундардын видео кайрылуусун силерден биринчи жолу угуп жатам. Менин ал тууралуу эч кандай маалыматым жок», — деди Бекмуратов

«Апрель» алтын кенинин айланасындагы чыр

«Апрель» алтын кенин иштетүүгө лицензия берилгенден кийин Лейлектин Катраң айылынын тургундары Ош — Исфана жолун төрт саатка буушкан. Мунун себебин кенди казууга каршы болушканы менен түшүндүрүшкөн. Андан кийин дагы катрандыктар бир нече жолу нааразычылык акцияларына чыгышкан. Анын негизинде өкмөттүк комиссия дагы түзүлгөн. Бирок азыркы күнгө чейин «Апрель» кени иштетилсе экологияга кандай таасирин тийгизет, алтынды кандай ыкма менен өндүрөт жана өндүрүштө кандай заттар колдонулары боюнча так маалымат бериле экен.

Авторлору: Дилде Шатанова, Найзабек Мукамбетов