Өлкөдө коронавирустун 230 жаңы учуру катталып, 130 бейтап айыкты

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штаб 16-апрелде өлкөдө коронавирустун 230 жаңы учуру катталганын маалымдады. Ооруну жуктургандардын арасында үч медкызматкер бар.

Аймактар боюнча:

Бишкек шаарында — 131 (эки медкызматкер);

Чүй облусунда — 70 (бир медкызматкер);

Ысык-Көл облусунда — 12;

Нарын облусунда — 4;

Ош облусунда — 3;

Ош шаарында — 3;

Баткен облусунда — 2;

Талас облусунда — 1.

Ошондой эле өткөн суткада 130 бейтап айыкты. Бишкек шаарында — 87, Чүй облусунда — 31, Ысык-Көл облусунда беш, Ош жана Жалал-Абад обусттарында үчтөн, Баткен облусунда бир киши оорудан сакайды.

Мындан сырткары COVID-19дан Бишкек шаарында үч жана Чүй облусунда бир бейтап көз жумду.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19 инфекциясын жуктургандардын саны 91 374кө жетти — алардын ичинде 4 341 медик бар. Оорудан 86 621 бейтап айыгып, 1 544 киши көз жумду.

Бүгүнкү күндө 1 070 бейтап ооруканаларда дарыланып жатышат — алардын 35 өтө оор абалда. Мындан сырткары 1 173 киши үй шартында дарыланууда.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.