УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 19-апрелде Ош облусундагы Савай айыл өкмөтүнө караштуу Ынтымак айылынын тургундары менен жолугушту. Тургундар Кемпир-Абад суу сактагычынын жээгинен 50 гектар жерди Өзбекстанга берүүгө каршылыгын билдирди.

Кыскача:

  • Ташиев «эң пайдалуу келишим түзүлгөнүн» билдирип, протокол кабыл алынса «чек арада чыр-чатак болбойт» деди.
  • Ошондой эле, атайын кызматтын башчысы нааразычылык акцияларды уюштургандардын аты-жөнүн билерин белгилеп, чагымчылдык болуп жатканын айтты.
  • Ташиев Өзбекстанга барып протоколду кайрадан каратып, 50 гектардын ордуна 20 гектар жерди алмашууга аракет кыларын убада кылды.

«Эң пайдалуу келишим түзүп келдик»

Камчыбек Ташиев жана Абдулла Арипов Ташкент шаарында

Жолугушуу Кемпир-Абад суу сактагычынын берилет деген аймагында өттү. Ага 300гө жакын киши катышты. Тургундар бир апта мурда боз үй тигип, Кыргызстандын туусун орнотуп Ташиевдин келишин талап кылып күтүшкөн болчу.

Ынтымак айылынын тургундардын бири Кемпир-Абад суу сактагычынын 50 гектары Өзбекстанга өтүп кетүүсүнө нааразы болгонун айтып, УКМКнын башчысынан эки тараптуу протоколду бузууга мүмкүнбү деген суроону узатты.

«Биз нааразыбыз. Эмне себептен ушул жерди сурап жатат? Протоколду артка кайтарып алса болбойбу? “Эл нааразы” деп артка кайтарып алыңыз, себеби эл бар болгон үчүн президент бар, эл бар болгон үчүн бийлик бар», — деди тургун.

Ташиев протоколду бузууга болбойт деп белгилеп, өзбек тарап аталган жерди буфер куруп алуу үчүн сурап жатканын билдирди. Ошондой эле ал алмашуу сунушу менен Өзбекстандын өкмөтү кайрылганын белгиледи.

«Ачык айтайын, Кемпир-Абаддын бир учу биздин жерде турат. Суунун коопсуздугун сактайбыз деген коопсуздук үчүн буфер куруп алалы деген максатта сурап жатышат. “100 гектар бериптир” деп чагымчылдар чыгарган сөзү, 50 гектар гана берилет [...] Протоколду бузганга болбойт, жарым-жартылай буза албайбыз. Анда биздин Кадамжайдагы, Аравандагы жерлерди чечише албай калабыз», — деди Ташиев.

*УКМКнын төрагасы 30-мартта Өзгөн районунун тургундары менен жолугушууда Өзбекстан Кемпир-Абаддын айланасындагы 100 гектар жерди сураганын, бирок 50 гектарына гана макулдук берилгенин билдирген.

«Ошол жерден булар 100 гектар жер сурады эле, мен башында, чынын айтканда анча-мынча билбей туруп эле болуптур деп коюпмун. Кийин балдар "100 гектарды берсек болбой калат, ал жерде биздин чек ара заставабыз, жолубуз бар, 50 гектар берсек жетишет" деп айтып келишти. Болуптур деп 50 гектар жерди бердик», — деген ал.

Ошондой эле Камчыбек Ташиев ал жетектеген чек ара маселелери боюнча комиссия «эң пайдалуу келишим түздү» деген пикирде.

«Силерди түшүнүп жатам: стратегиялык жер деп жатасыздар, бирок биз сурасак алар берет экен, биз берет экенбиз. Ошентип алмашуу жолу менен чечилет экен да. Мен ойлойм мен жетектеген комиссия Өзбекстанга барып “эң пайдалуу келишим түзүп келдик” деп. Эгер бул келишим бузулуп кете турган болсо анда башка жердеги көптөгөн энелердин көз жаштары төгүлүп кала берет», — деди Ташиев.

«Уюштуруучулардын аты-жөнүн билемин»

16-апрелде Кемпир-Абад суу сактагычынын жээгине чогулган тургундар. Cүрөт: Хамидулло Узаков / Kloop.kg

УКМКнын башчысы Кемпир-Абад суу сактагычынын алдында нааразычылык акциясын уюштургандардын баарынын аты-жөнүн билерин айтты. Ошондой эле кайсыл жерде иштегенин эскертип өттү.

«Мен көрүп жатамын, бул жердеги бардык уюштуруучуларды дагы билемин. Менин кайсыл жерде иштеримди билесиңер ээ. Уюштуруучуларды дагы билемин, ким уюштуруп жатат, ким кантип сүйлөшүп жатат баарын көрүп, билип турамын. Аты-жөнүңөрдөн бери билемин», — деп кайрылды Ташиев чогулгандарга.

*Буга чейин Ынтымак айылынын тургуну Кыял Эргешбаева «мурдагы президенттер кең байлык сатса, азыркы президент Садыр Жапаров жана Камчыбек Ташиев жерлерди сатып жатат» деген оюн айткан.

Ташиев жер алмашуу боюнча келишимди сындагандардын арасында «чагымчылдар бар» деп айтты. Ошондой эле, берилет деген жерге ал боз үй тигип, тууну орнотуп акция уюштургандарга ачууланды.

«Кечээ “Садыр Жапаров менен Ташиев жерлерди сатып жибериптир” деп айтышыптыр. Эч ким эч качан жерлерди саткан жок, сата албайт дагы. Ошондой чагымчылдарды укпашыңар керек. Мына мен келдим силерге. Чындыкты айтып берем. Мен эл арасынан чыккан, араңарда туулуп-өскөнмүн. Биз бир сотых, бир метр жерди бирөөгө берген эмеспиз, бербейбиз дагы. Төрт-беш адам чогулуп алып 1-2 тууну сайып алып, жерибизди сактап калдык деп […] андай болбойт да туугандар. Колго телефондорду кармап алып эле телефон бар деп эле интернетке ар нерсени жазып чыгара берсе боло берет деген болбойт», — деди ал.

Ал эми тургундардын бири буга чейинки шайлоодо Садыр Жапаров менен Ташиевди колдогонун айтып, УКМКнын башчысы аларды азыр «чагымчыл» деп атаганына нааразы болду.

Кийинчерээк Ынтымак айылынын тургуну Фархат Абиев акцияны уюштуруучуларынын бири болгонун белгилеп, алардын арасында чагымчылдар жок деди.

«Ушул акцияны уштургандардын бири менмин (“провокатор деп кой” — чогулгандардын бирөөсү кыйкырды). Бул акцияны карапайым эл уюштурган. Бул жерде чагымчылдар жок. Мен сиз айтып жаткан уюштуруучулардын биримин. Бул айылдын калкы карапайым кишилер [...] Кемир-Абаддан жер берүү чыныгы элдин көйгөйү», — деп жооп кайтарды Абиев.

«Бул жердин рельефин мен чынында билген эмесмин»

Кемпир-Абад суу сактагычы. Сүрөт: Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгү

Фархад Абиев аттуу тургун Ташиев жетектеген комиссиясы Өзбекстанга бараардан мурда алмаша турган жерлерди тактап алганбы же чечимдер сүйлөшүүлөр учурунда эле кабыл алынганбы деген суроону узатты. Атайын кызматтын башчысы Кемпир-Абаддын жээгинен жер берүү маселеси сүйлөөшүлөрдүн жүрүшүндө чыкты деп белгиледи.

«Сүйлөшүп жаткан малда көптөгөн маселелер чыкты. Мына Араван жана Аксы дагы сүйлөшкөн маалда чыгып жатат. Бул жердин рельефин мен чынында билген эмесмин: тегиз жерби, адыр жерби же сугат жерби. Бирок ар бир жердин башка точкаларын тактап барганбыз. Бул жер боюнча булар сунушун киргизди, биз да каршы сунуш киргиздик. Капыстан эле, күтүүсүздөн эле “мен бердим, сен алдың” болбойт», — деп жооп берди Ташиев.

Ал эми Бектурсун аттуу тургун Өзбекстан киргизген сунушту кароосуз калтырып, Кемпир-Абад суу сактагычындагы 50 гектар жерди алмаштырбай калтырса болот беле деп сурады. Анда Ташиев анын суроосуна мурдагы эле айткандарын кайталап, жер кандайча алмашылганын айтып берди.

«Уулум угуп тур. Сен сөздү кайталап-кайталап бурмалаганды токтоткула. Сен менин баламдан да кичинекейсиң [...] Ал эми 50 гектар жерди уулум сен айткандай, бул аксакалдар дагы айтты буга чейин “ушуну бербей койсоңор болбойбу, ушуну калтырып коюп, калганын иштете бергиле” деп жатасыңар. Урматтуу эл-журт, сиздер деле бир нерсени бир нерсеге бергенде бир нерсени суранасыңар, алмаштырасыңар. Айтып жатпаймынбы: бул жерде бирөөгө кызыгып буларга биз макул болуп жаткан жерибиз жок. Бул жердин башка маселеси башка элибиздин, башка жердеги элдин көйгөйүн чечишибиз керек», — деди Ташиев.

«50 гектардын ордуна 20 гектар»

Сүрөт: Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгү

Чогулган эл суу сактагычтын жээгинен жер алмашууга каршы экенин бир нече жолу кайталады. Натыйжада Ташиев Өзбекстанга барып протоколду кайра каратып чыгууну убадалады. Ал коңшу өлкөгө 50 гектар жерди эмес, 20 гектарды алмашууга сунуштай турганын айтты. Анын айтымында, Өзбекстан плотинанын Кыргызстанга караштуу аймагынан жер тосуп алып, кароол (вышка) орноткон. Ал аталган жерлер дагы такталат деп убада кылды.

«Мына бул вышка турган жерлер да биздики. Эми мындай кылсак болот, азыр ойлоп жатам. Алар (Өзбекстан - ред.) тосуп алган 20 гектар жерин алмашалы деп айтып көрөйүн. Буларга 20 гектар плотинанын коопсуздугу үчүн керек. Элүү эмес, жыйырма гектарды. Мейлиби? “20 гектарды тосуп, калган жерди эле алгыла. Ушул жерден токтойлу, берки жакка чыкпагыла” дейин. Бул үчүн тигил жакка барып, сүйлөшүп, жалпы протокол бузулуп кетпешин аракет кылайын. Бул 20 гектардын ордуна башка жерден алабыз. Тосулган жер алмашат. Мен ушуга аракет кылайын. Калганын анан Алла талаанын буйруганын көрөбүз», — деди УКМКнын башчысы.

Ошондой эле, Ташиев Өзбекстанда 24-25-мартта кабыл алынган протоколду Жогорку Кеңеш ратификациялап, президент Садыр Жапаров кол коюп берсе «чек арада чыр-чатак болбойт» деп белгиледи.

Кемпир-Абад суу сактагычынын жалпы аянты 5 735 гектарды түзөт — анын 1 300ү Кыргызстанга, ал эми 4 400 гектары Өзбекстанга караштуу. Ташиев суу сактагычтын 4 100 гектары 1973-жылы эле Өзбекстанга өткөрүлүп, анын эсебинен Кыргызстан башка талаштуу аймактардан жер алганын белгиледи. Анын айтымында, калган 300 гектардын ордуна Кыргызстан Өзгөн жана Сузак райондорунан 1 миң гектар талаштуу жерлерди өткөрүп алууну макулдашкан. Ал эми сууну эки тарап тең пайдалана алат деп ишендирди.