«Кышында куртка менен отурдук». Жаңы мектеп сапатсыз курулуп, полу чирип кеткен

Москва районунун Бала-Айылчы айылындагы Жапаров атындагы орто мектеп

Чүй облусундагы Москва районунун Бала-Айылчы айылындагы Жапаров атындагы орто мектебинин жаңы имаратынын полу ишке берилгенден үч ай өтпөй чирип кеткен. Буга эски тактайлар колдонулганы себеп болгон. 40 млн сомго курулган имараттын ашканасы да талапка жооп берген эмес. «Клооптун» журналисттери жаңы мектептин сапатсыз курулушуна эмне себеп болгонун изилдеди.

«Мектепти кабыл алуу боюнча актыга кол койгон жокмун»

Окуучулар жаңы курулган мектепке 2020-жылдын декабрь айынын аягында кирген. Курулуш иштери дээрлик алты жылга созулган. Бирок окуу процесси жүрүп жатканда полдору көөп, сырлары түшө баштаган. Мектеп жамааты кайрадан оңдоо иштерин жүргүзүп, эмеректерди киргизип жатканда, бир мугалимдин буту полго түшүп кеткен. Териштирүү иштери мына ушул окуядан соң башталган.

«Курулуш ишинде ар кайсы топтор иштеген. Биринчи кабаттын сейсмопоясын куруп алып, туура эмес болгондон кайра бузушту. Экинчи кабатын болсо эптеп бүтүрдү. Азыр ар бир окуу бөлмөлөрүнүн полдору ачылып, нымдан улам көөп кетип жатат. Эми кайрадан оңдоп жатышат, бирок канчалык денгээлде сапаттуу болот аны билбейм», — деп түшүндүрдү Жапаров мектебинин директору Тыныстан Эралиев.

Мектеп директорунун айтымында, жаңы мектеп талапка жооп бербейт. Себеби, имарат ишке берилгенден бери санэпидстанциянын текшерүүчүлөрү бир катар эскертүүлөрдү берип, 5,5 миң сом айып салып кеткен.

«Беш жылдан ашык убакыт кургандан кийин жакшылап эле бүтүрүп беришсе болмок. Спорт залды кайрадан жасаттык. Ал жерге өрт өчүрүүчү тепкич дагы курушу керек болчу, бирок курулган эмес. Кийин кокустук болсо кантип чыгышат үстүнө, кантип өчүрөт? Ашкананын идиш жуучу жеринде кафель орнотулган эмес. Балдар колун жууй турчу жерде ысык суу жок. Курулушта склад каралган эмес, өзүбүз бир бөлмөнү кампа кылып жасап койдук», — деп белгиледи Эралиев.

Жапаров мектебинде 120дан ашык окуучу билим алат. Алар жаңы мектептин курулушун чыдамсыздык менен күтүшкөн. Бирок имарат пайдаланууга берилгенде окуу бөлмөлөрү тар курулуп калганганына күбө болушкан.

«Биз жети жылдан бери ушул мектептин ачылышын аябай күткөнбүз. Мектеп бүтүп сүйүнүп кирсек полдорунун сырлары кетип, түшүп калды. Андан сырткары эшиктери көөп, терезели сына баштады. Мектептин окуу бөлмөлөрү аябай тар экен. Кышкысын аябай суук болду. Быйыл кышында куртка менен отуруп окудук», — деп билдирди мектеп окуучусу Сымбат Байгандиева.

Мектепти кабыл алуу боюнча актыга Чүй облустук капиталдык курулуш башкармалыгы жана «Каганат Строй» компаниясы кол койгон. Бирок мектеп директору Тыныстан Эралиев курулуш сапатсыз экенин айтып аталган документке кол коюудан баш тарткан.

«Полду жасоодо кургабай калган тактайлар колдонулган»

Бала-Айылчы айылына 150 орундуу мектеп куруу үчүн 2014-жылы Чүй облустук капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан тендер өткөрүлгөн. Ал сынактан имаратты 40 жарым млн сомго куруп берүүнү сунушутаган «Каганат Строй» ЖЧКсы жеңген.

«Каганат Строй» компаниясынын директору Замир Бекбоев «Клоопко» Жапаров мектебин курууда кургабай калган тактай колдонулганын тастыктады.

«Мен өмүр бою эле курулуш тармагында келе жатам. Бул мектепти куруп жатканда полдун жыгачтарын Орусиядан келген тактай саткан жерден алганбыз. Сатуучулар бизге «кургак» деп берген. Ал жакшы кургабай калыптыр, ал биз салгандан кийин көөп кетти. Ар бир материалды алып жатканда сертификатын карайбыз, ошого ишенебиз. Бирок бул биздин күнөөбүз. Аны мойнума алам. Учурда полду кайра жасап жатабыз. Түздөп, кайра жаңы тактай алып келип салдык», — деди Бекбоев.

Анын айтымында, план боюнча мектеп эки жылда эле бүтүш керек болчу, акча кеч бөлүнгөндүктөн, курулуш иштери созулуп кеткен. Мындан улам компания көп чыгым тартты дейт.

«Мен бул мектеп бүткөндөн кийин көп кабаттуу үй салып баштайм. Тендерлерге катышпайм. Бул мектепте мен аябай көп чыгымга учурадым. Бала-Айылчыга канча жумушчуларымды алып бардык, ал жерге кишилер түтпөйт. Кечинде айылдыктар келип коркутушат экен. Алып баргандын баары эле качып кетип жатышты», — деп түшүндүрдү «Каганат Стройдун» жетекчиси Замир Бекбоев.

«Компания мектептин курулушуна үч жылга чейин жооптуу болот»

Чүй облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын башкы адиси Анарбек Сулайманов «Клоопко» курган маегинде, мектепти кабыл алып жатканда бардыгы «жакшынакай болчу» деп ишендирди. Кийин полдун жараксыз абалга келгени аныкталганда акт түзүлгөнүн билдирди.

«Биз 2020-жылдын май айында кайра текшеребиз дегенбиз бирок карантин болуп калды. Полдун жараксыз абалга келгени боюнча акт түзгөнбүз, анын негизинде 1-апрелге чейин ишти бүтүрүшмөк. Жамгырдан улам сырттагы жумуштар жайкыга жылдырылган», — деди Сулайманов.

Анын айтымында, компания сапатсыз жерлерин өз эсебинен калыбына келтирип берет. Мектеп колдонууга берилгенден соң курулуш учурунда кеткен бузууларга үч жыл аралыганда компания жооптуу экенин белгиледи.

Курулуштун жүрүшүндө бузуулар аныкталды

Башкы прокуратура курулуш иштеринин жүрүшүндө бир топ мыйзам бузууларды жана стандартка туура келбеген жагдайларды аныктаган. Сметалык документтер боюнча эски тактайларга 950 миң сомдон ашык каражат сарпталган.

Көзөмөл орган «бардык бөлмөлөргө мурда колдонулган эски полдун тактайлары орнотулганын» билдирген. Учурда зыяндын өлчөмү эсептелип жатат.

«2019-жылдын 27-декабрында төрт департаменттен түзүлгөн комиссия имаратты кабыл алуу боюнча акты түзүп, экотехинспекциянын жетекчилиги тарабынан бекитилген. Учурда мамлекетке келтирилген зыяндын так өлчөмүн аныктоо масатында топтолгон материал УКМКнын Чүй облустук башкармалыгынын тергөө кызматына тапшырылган», — деп жазылат прокуратуранын маалыматында.

Материал жактыбы? Сиз да бюджеттик мониторинг боюнча колдонмону пайдалануу менен ушундай материалдарды жасай аласыз. Android үчүн колдонмону бул жерден жүктөп алсаңыз болот.

Авторлору: Дилде Шатанова, Найзабек Мукамбетов