Ош: Жол кырсыгына кабылган патрулдук милиционерлердин үстүнөн иликтөө башталды

Ош шаарында 17-апрель күнү ЖКККБнын кызматкерлеринен турган патрулдук милиционерлер кызматтык унаа менен жол кырсыгына кабылды. Учурда алардын үстүнөн кызматтык иликтөө жүрүп жатат.

Аталган кызматтын маалыматына ылайык, кырсык түнкү саат 23:40 чамасында калаанын Тилеке баатыр жана Нурматов көчөлөрүнүн кесилишинде орун алган. Унаада эки кызматкер болгон. Унааны башкарган инспектор рулду башкара албай темир мамычаны сүзүп алган.

Натыйжада унаанын алдынкы сол жагы талкаланган. Ал эми кызматкерлер жаракат алган эмес. Мекемеден патрулдук милиционерлер «мас абалында болгон эмес» деп ишендиришти.

Учурда унаага техникалык экспертиза дайындалып, иликтөө иштери жүрүп жатат.