Чыңгыз Айтматовдун жубайы Мария Айтматова көз жумду

Сүрөттө Чыңгыз Айтматов жана Мария Айтматова балдары Ширин жана Эльдар менен

Залкар жазуучу Чынгыз Айтматовдун жубайы Мария Айтматова 20-апрелде коронавирус илдетинен улам көз жумду. Бул тууралуу Роза Айтматова Super.kg порталына тастыктады.

Эки апта мурун Айтматованын келини Сабира Айтматова өзүнүн инстаграм баракчасына үй-бүлөсү менен коронавирус илдетин жуктуруп алгандыгы тууралуу билдирген.

Мария Айтматова Чыңгыз Айтматовдун экинчи жубайы. Ал 1942-жылы 13-июлда Чүй облусунда төрөлгөн. Жубайлар 1980-жылдары баш кошуп, эки балалуу болушкан — Ширин жана Эльдар.

Мария Айтматова жолдошу көз жумгандан кийин Чыңгыз Айтматов фондун жетектеп келген. Айтматова 13-июлда 79 жашка чыкмак.