ЖМК: Кара-Балтада ок атылган унаа «Элдик — Народная» партиясынын лидериники болушу мүмкүн

20-апрелде айрым жалпыга маалымдоо каражаттары өз булактарына таянып, Кара-Балта шаарында белгисиз адамдар «Элдик — Народная» партиясынын лидери Назми Бадаловдун автоунаасын аткылап кетишкени жөнүндө маалымат жарыялашты.

«Вечерний Бишкек» басылмасына бул маалыматты партиянын өзүнөн ырастап беришти.

Аны менен бирге социалдык түйүндөрдө жана телеграм-каналдарда ок атылган «Тойота Камри» маркасындагы унаанын сүрөттөрү тараган. Кара-Балта шаардык кеңешинен «Клооптун» журналистине Бадалов экс-депутат экенин айтышты.

Сүрөт: «СейчасКГ» телеграм-каналы

Чүй ОИИБнен «Клооптун» журналистине автоунаа 20-апрелге караган түнү аткыланганын айтышты. Милициянын маалыматы боюнча, автоунаа Кара-Балта шаарынын көчөлөрүнүн бириндеги үйдүн короосунда токтоп турган болчу.

Милициянын маалыматына ылайык, Б.Н. аттуу киши арыз берген — бул инициалдар Назми Бадаловдун аты-жөнү менен дал келет. Ошондой эле, мурда ЖМКларда айтылгандай эле «Тойота Камри» маркасындагы унаага ок атылганын милиция да бышыктады.

Арыз менен кайрылган адам болжол менен саат 03:30 чамасында кол чабууларга окшогон добуштарды укканын, бирок маани бербегенин айтып берген. Таң атканда гана унаасына ок атылганын көрүп, милицияга кабарлаган.

Аталган факты КЖБРге «Ээнбаштык» беренеси боюнча катталып, экспертизалар дайындалган. ОИИБден белгилешкендей, окуя ИИМ жетекчилигинин жеке көзөмөлүндө.