ССМ Кыргызстанда коронавирустун кайсы штаммдары бар экенин айтты

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги 22-апрелде Кыргызстанда коронавируска чалдыккан оорулуулар арасында британиялык, түштүк африкалык, индиялык жана орусиялык штаммдар жайылганын кабарлады. Бул штаммдар Кытайда табылган алгачкы SARS-Cov-2 вирусунун штаммынан айырмаланат.

Ведомство мындай жыйынтыкты Орусиядагы «Вектор» мамлекеттик вирусология жана эпидемиология илим изилдөө борборунан алганы белгиленген. 26-мартта Саламаттык сактоо министрилиги Кыргызстандагы бейтаптардын материалдарын коронавирустун штаммдарынын көп түрдүүлүгүн аныктоо үчүн «Векторго» изилдөөгө жөнөткөн.

* Буга чейин Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги коронавирустун үлгүлөрүн мезгил-мезгили менен Новосибирск жана Москва шаарларындагы лабораторияларга жиберип турарын кабарлаган.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги жарандарга беткап тагынууну, жеке гигиенаны сактоону, колду антисептиктер менен жууганды, коомдук жайларга баруудан карманууну жана социалдык аралыкты сактап жүрүүнү сунуш кылды.

Ошондой эле, министрлик кыргызстандыктарды оорунун белгилери пайда болгондо өз билемдик менен дарыланбай, 118 телефонуна чалууга же үй-бүлөлүк дарыгерлер топторуна кайрылууга чакырды.

Кандай штаммдар?

Коронавирустун жаңы штаммдары жөнүндө маалыматтар абдан аз, алар аз изилденген. COVID-19 чакыруучу SARS-Cov-2 вирусу деле башка вирустардай убакыт өткөн сайын өзгөрүп, мутация болот. Ошондуктан вирустун жаңы штаммдары пайда болууда. ДССУнун маалыматына караганда, дүйнө жүзүндө бул вирустун жүздөгөн түрү аныкталды.

Британдык штамм алгачкы жолу 2020-жылдын сентябрь айында Кент графтыгында аныкталган. Декабрдын ортосунда Лондондо вируска кабылгандардын 65%ы дал ушул штаммга кабылган. Мындан улам Улуу Британия бийлиги жаңы чектөөлөрдү киргизүүгө аргасыз болгон. Британдык штамм баштапкы SARS-Cov-2 вирусуна караганда тез жугат жана өлүмгө алып келери айтылууда. Ал көпчүлүк өлкөлөрдөн табыла баштады.

SARS-Cov-2 вирусунун түштүк африкалык штаммы да Кытайдагы вируска караганда абдан жугуштуу. ДССУнун маалыматы боюнча, бул штамм вирусту жуктуруудан кийин өтө оор ооруларды козгойт. Ошондой эле, бул штамм баштапкы SARS-Cov-2 вирусунун антителолору менен начар таанылат. COVID-19 оорусунан айыккан же ага каршы эмделген киши түштүк африкалык штаммды жуктуруп алышынын чоң мүмкүнчүлүгү бар.

Роспотребнадзордун башчысы Анна Попова 19-апрелде Орусияда вирустун чет өлкөлөрдө аныкталган варианттарына окшобогон түрлөрү кездешип жатканын кабарлаган: сибирь жана түндүк-батыш. 2020-жылдын ноябрь айында Попова Сибирде аныкталган SARS-CoV-2 вирусунун тутумундагы өзгөрүүлөр анын коркунучтуулугун күчөтпөйт деп айткан.

Индиялык штамм жөнүндө дээрлик эч кандай маалымат жок. Ал 2020-жылдын октябрь айында табылган. Ал баштапкы SARS-CoV-2 вирусуна караганда кыйла жугуштуу болушу мүмкүн деп айтылат.

Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөө

Калкты коронавируска каршы эмдөөнүн биринчи этабы 29-мартта башталган. Биринчи этапта медицина, билим берүү, укук коргоо жана күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери эмдөөдөн өткөрүлүүдө. Башкача айтканда, калгандар вакцинаны азырынча ала алышпайт.

Азыркы учурда COVID-19 илдетине каршы кытайлык Sinopharm вакцинасы гана сайылууда. Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин 22-апрелге карата берген маалыматы боюнча 13 552 киши эмделген.

Ошондой эле, 22-апрелде өлкөгө орусиялык «Спутник V» вакцинасынын 20 миң дозасы келери маалым болду. Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиевдин айтымында, Кыргызстан препараттын бир миллион дозасына буйрутма берген, анын ичинде 500 миң дозасы гуманитардык жардам катары суралган. Бирок, азырынча калган дозалар качан келери белгисиз.

Ошондой эле, Бейшеналиев 14-апрелде Кыргызстанга AstraZeneca оксфорддук вакцинасынын 405 миң дозасы май-июнь айларында ташылып келери күтүлүп жатканын айткан.

* COVAX – вакциналарды сатып алуу жана акыйкат бөлүштүрүү боюнча демилге. Бул программа боюнча экономикасы төмөн жана орто деңгээлде өнүккөн өлкөлөр үчүн вакциналардын бир бөлүгүн донорлор сатып беришет.

Буга чейин саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Кыргызстан COVAX программасынын алкагында вакцианалардын 2,6 млн дозасын аларын айткан.

Тема боюнча: Өлкөдө коронавируска каршы эмдөө кандай өтүүдө? Түшүндүрөбүз