Түрк фирмасынын филиалынын мүдүрү бир айга ТИЗОго камалды. Эмне болуп жатат?

22-апрелде Бишкек шаарынын Ленин райондук соту GATA HAVAYOLLARI VE TAŞIMACILIK түрк компаниясынын филиалынын директору Ксения Барабаш-Хашамды бир айга Бишкек шаарынын ТИЗО-1не киргизүү өкүмүн чыгарды.

Барабаш-Хашам 20-апрелде «Манас» аэропортунда түрк компаниясына мыйзамсыз жеңилдиктерди берүү иши боюнча кармалган.

Ксения Барабаштын жакындары жана Түркия элчилиги аны ТИЗОго киргизүүгө каршылыгын билдиришкен.

«Аны Кыргызстандагы GATA компаниясында эмгектенгени үчүн кармашты. Ал — Кыргызстандын жараны, паспортун өзгөрткөн эмес, эч жакка качууну максат кылган эмес. Бардык сурактарга жана сүйлөшүүлөргө татыктуу жаран катары барып жүргөн», — деп белгилешти анын тааныштары.

Алардын маалыматы боюнча, Барабаш 20-апрелде суракка чакырылган, андан кийин камакка алынган.

Түрк элчилиги бул иш боюнча шектүүнү камакка албай туруп иликтөөнүн жүргүзүлүшүндө көмөктөшүүнү өтүнүп, Кыргызстандын ТИМине кайрылуу жолдоду. Кайрылууда Ксения Барабаш-Хашамдын ден соолугу начар болуп, ошондой эле кичине балдары бар болгондуктан, качып кетүү тобокелчилиги жок экени белгиленген.

GATAнын билдирүүсү

GATA түрк компаниясы Барабаштын камакка алынышына байланыштуу кайрылуу жарыялады.

«2021-жылдын февраль айында биздин кайрылуубуз жалпыга ачык жарыялангандан кийин ИИМдин Транспорттогу ички иштер башкармалыгы объективдүү тергөө жүргүзүлөт деп ишенген элек. Биз милиция органдары менен жигердүү кызматташып, бардык керектүү маалыматтарды бергенбиз. Тилекке каршы, тергөө бир тараптуу жүрүп жатканын жана биздин аргументтерибиз менен жүйөлөрүбүз көңүлгө алынбай жатканын айтып чыгуудан башка аргабыз жок», — деп билдиришет компаниядагылар.

GATAнын маалыматына караганда, Барабаш ИИМдин Транспорттогу ички иштер башкармалыгынын тергөөчүсү жана Транспорт прокуратурасы тарабынан бир нече жолу суракка чакырылган.

Компаниядан тергөөчүлөр шектүүгө кысым көрсөтүп, «Манас» аэропорту тарабынан түрк компаниясына жеңилдик берилгенде 12,1 млн доллар зыян келтирилгенин айтышкан. Тергөө органдары GATA компаниясына бул айыпты мойнуна алып, чыгымды төлөп беришин талап кылышкан.

Компаниядан белгилешкендей, аларга чыгымды ким жана кантип эсептеп чыкканын айтып, далилдешкен эмес. Жана эмне себептен айып GATA компаниясына тагылып жатканы боюнча да маалымат беришкен эмес.

«GATA HAVAYOLLARI VE TAŞIMACILIK A.Ş. компаниясы Кыргызстандын мыйзамдарын эч качан бузбаганын дагы бир жолу билдиргибиз келет. Биздин компания “Манас” эл аралык аэропорту” ААК менен юридикалык келишим түзүп, расмий түрдө жеңилдиктерди алган. Мындай жеңилдиктерди жалгыз гана GATA пайдаланбайт», — деп түрк ишканасы билдирет.

Мындан тышкары, түрк ишканасы билдиргендей, «бул маалымат жашыруун коммерциялык маалымат болгонуна карабастан», GATA «Манас» аэропортунда Türk Hava Yolları авиакомпаниясынын агенти катары 2016-жылдан 2020-жылга чейин иштеген мөөнөттө 1 миллион АКШ долларынан бир аз көбүрөөк киреше тапкандыгы жөнүндө маалыматты тергөөгө берген.

«Бул маалыматтар Түркиянын расмий органдары тарабынан тастыкталган финансылык отчётторунан алынган. Кайдагы 12 миллион доллар зыян тууралуу кеп болушу мүмкүн?» — деп суроо салат компания.

GATA ишканасы белгилегендей, компания күнөөнү мойнуна алып, зыяндын ордун толтуруп бербесе, фирманын директору камакка алынары тууралуу ишкананын башкы кеңсесине Ксения Барабаш жана компаниянын юристтери көп жолу маалымдашкан.

Компаниянын маалыматына караганда, ИИМдин Транспорттогу ички иштер башкармалыгынын тергөөчүсү түрк компаниясынын президентине бул иш боюнча кармалгандар күнөөнү мойнуна алып, чыгымды төлөп берүүгө даяр деп билдирген. Ал Барабашты соттоп жиберем деп коркуткан — «андай болсо, ал басым алдында каалагандай көрсөтмө жазып берет».

GATAнын президенти бул талаптар «негизсиз жана куру сандырак болгону үчүн» аларды аткаруудан баш тарткан.

«ИИМ ТИИБнин тергөөчүсү өзүнүн күчүн көрсөтүш үчүн 2021-жылдын 20-апрелинде GATA HAVAYOLLARI VE TAŞIMACILIK A.Ş. компаниясынын өкүлчүлүгүнүн директору Ксения Барабашты камакка алды», — деп компания билдирди.

GATA компаниясынан Барабаш экономикалык иштер менен алектенбегенин жана өндүрүшкө байланышкан, аэропортто учактарды тейлөөгө тиешелүү маселелерди гана чечерин белгилешти.

Компания сотто өзүнүн күнөөсү жок экенин далилдөөгө даяр экенин билдирип, «бейкүнөө адам камакка алынганына» нааразы болгон.

«Манас» аэропортундагы коррупция

2020-жылы октябрда ИИМдин Транспорттогу ички иштер башкармалыгы прокуратура менен биргеликте эл аралык «Манас» аэропортунда GATA HAVAYOLLARI VE TAŞIMACILIK A.Ş ишканасына жеңилдиктерди берүү жолу менен коррупциялык схема түзүлгөнү ыктымал деп сотко чейинки өндүрүш баштаган.

Жеңилдиктерди берүүдөгү коррупция иши боюнча буга чейин бир катар аткаминерлер, анын ичинде «“Манас” Эл аралык аэропорту» ААК башкармалыгынын мурдагы төрагасы Эмир Чукуев кармалган.

Тергөөнүн маалыматына ылайык, Чукуев 2015-2018-жылдары «Манас» аэропортун жетектеп турганда Түркиянын «Gata Havayolları ve Taşımacılık» фирмасына эл аралык жүк ташуулар үчүн мыйзамсыз жеңилдиктерди берген. Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, берилген жеңилдиктердин айынан малекеттик казынага 2016-жылдын июнь айынан тарта 2020-жылдын ноябрь айына чейин 12 млн АКШ доллары же 893 млн сом зыян тийген.

Бул кылмыш иши боюнча «Компания Манас Менеджмент» ЖАКнын экс-башчысы Нурсултан Белеков, «“Манас” эл аралык аэропорту» ААК башкармалыгынын мурдагы башчылары Мурат Примбердиев менен Албек Ибраимов дагы өтүп жатат.

Ибраимов бозгунда жүрөт, ал эми Нурсултан Белеков тергөө менен кызматташууга баруу келишиминен кийин үй камагына коё берилген.Ошол эле кезде, компания өзү ушундай эле себеп боюнча биринчи сотко чейинки өндүрүштү УКМК 2019-жылы күзүндө эле баштаганын билдирет.

Алып коюу уруксаты тууралуу токтому алынгандан кийин GATA суралган документтер менен келишимдерди берип тергөө менен кызматташкан.

«УКМК “Манас” аэропортуна зыян келтирилгени тууралуу эч кандай далилдерди тапкан эмес. 2020-жылы октябрда ИИМдин Транспорттогу ички иштер башкармалыгы прокуратура менен биргеликте “Манас” эл аралык аэропорту Ачык Акционердик Коомдунда GATA HAVAYOLLARI VE TAŞIMACILIK A.Ş ишканасына жеңилдиктерди берүү жолу менен коррупциялык схема түзүлгөн делип, сотко чейинки өндүрүштү баштаган», — деп түшүндүргөн компания.

GATA бул ишти «коомдук ойду манипуляция кылган чаташтыруу маалымат кампаниясы» деп атаган.