Академик Аскар Какеев көз жумду

Кыргызстандын мурдагы билим берүү министри, академик Аскар Какеев 25-апрелде 86 жашында каза болду. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев билдирди.

«Кыргызстандын билим, илим тармагында эмгектенип, бир кездерде Кыргызстандын билим берүү, илим жана маданият министри (1993-1998) болгон жана өлкөбүздөгү көптөгөн адистерди тарбиялаган Аскар Какеев агайыбыздын дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу үй-бүлөсүнө, жакындарына жана туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз, аза кайгысын тең бөлүшөбүз!» — деди ал.

Аскар Какеев 1935-жылы Чүй облусунун Кегети айылында төрөлгөн. 1958-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин биология факультетин бүтүргөн.

Иши менен илимге из калтырган

Ал 1991-жылы Философия илимдеринин доктору болсо, 1992-жылы профессор наамын алган. 1993-жылы Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясынын академиги болгон.

Илимпоз 1958-1960-жылы Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин архив фондунда микрофото көчүрмө лабораториясында улук илимий кызматкер болуп эмгек жолун баштаган.

Ал бир катар илимий институттарда иштеген. 1992-жылдын декабрь айынан тарта президенттик аппараттын жетекчиси, мамлекеттик катчы, өлкөнүн билим берүү министри кызматтарын аркалаган.

2000-жылы КУУнун ректору, президенттин кеңешчиси болсо, 2005-жылы Кыргыз-Орус Славян университетинде профессор, кафедра башчысы болуп эмгектенген.

Ал төрт монография жана беш окуу китебин камтыган 100дөн ашуун илимий эмгектин автору. Ал «Ардак Белгиси», 3-даражадагы «Манас» ордени менен сыйланган.