Өлкөдө коронавирустан беш киши каза болуп, 247 жаңы учуру катталды

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штаб 27-апрелде өлкөдө коронавирустун 247 жаңы учуру катталганын маалымдады. Ооруну жуктургандардын арасында алты медкызматкер бар.

Аймактар боюнча:

Бишкек шаарында — 146 (төрт медкызматкер);

Чүй облусунда — 79 (бир медкызматкер);

Ысык-Көл облусунда — 7 (бир медкызматкер);

Нарын облусунда — 6;

Баткен облусунда — 3;

Талас облусунда — 2;

Ош облусунда — 2;

Ош шаарында — 1;

Жалал-Абад облусунда — 1.

Ошондой эле өткөн суткада 203 бейтап айыкты. Бишкек шаарында — 119, Чүй облусунда — 62, Ысык-Көл облусунда — 18, Ош шаарында үч жана Нарын облусунда бир киши оорудан сакайды.

Мындан сырткары COVID-19дан Бишкек шаарында үч жана Чүй облусунда эки бейтап көз жумду.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19 инфекциясын жуктургандардын саны 94 277ге жетти — алардын ичинде 4 411 медик бар. Оорудан 88 415 бейтап айыгып, 1 589 киши көз жумду.

Бүгүнкү күндө 1 469 бейтап ооруканаларда дарыланып жатышат — алардын 65и өтө оор абалда. Мындан сырткары 1 817 киши үй шартында дарыланууда.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.