Бишкек мэриясы жол кирени көтөрүүнүн үч вариантын сунуштады

Бишкек мэриясы 26-апрелде коомдук транспорттун жол киресин көтөрүү боюнча коомдук талкуу башталганын билдирип, долбоордун регулятивдик таасиринин талдоосун жарыялады.

Талдоо шаардыктар үчүн муниципалдык транспорттогу бааны 11 сомго чейин, ал эми жеке менчик автобустарда 15 сомго чейин көтөрүү эң ылайыктуу болоорун көрсөткөн.

Мэриянын сунушу

Бааларды жөнгө салуунун үч варианты. Биринчи вариант — кандай болсо ошондой калтыруу.

Экинчи, талдоонун натыйжасы боюнча эң эле ылайыктуу варианты — муниципалдык коомдук транспорттун жол киресин 11 сом, ал эми маршруткаларда 15 сом кылып бекитүү.

Үчүнчү вариант — автобустарда жол кирени 15 сомго чейин, троллейбустарда 11 сомго чейин, ал эми маршруткаларда 19 сомго чейин көбөйтүү.

Мэриядан шаардыктар бул маселе боюнча сунуш-пикирлерин transport305@mail.ru почтасына жөнөтө алышарын кошумчалашты. Сунуш жана пикирлер беш иш күндүн ичинде каралат.

Эмне үчүн жол кирени көбөйткөнү жатышат?

Муниципалитеттин маалыматына ылайык, жүргүнчү ташуучулар бир нече жылдан бери чыгым тартып иштеп келет. Коомдук транспортто жол кире 2012-жылдан бери өзгөргөн эмес, бул убакыт ичинде күйүүчү майга жана автоунааларды тейлөө чыгымдары бир топ кымбаттаган.

Талдоонун жыйынтыгы боюнча, 2012-жылдан бери 1 литр дизелдин баасы 36,2 сомдон 41 сомго чейин өскөн, автобустар үчүн дөңгөлөктөр 131,8%, ал эми микроавтобустардын дөңгөлөктөрү 132%га кымбаттаган.

Мындан тышкары, айдоочулар эмгек акысына нааразы. Мэрия жарыялаган талдоонун маалыматтарына караганда, муниципалдык автобустар менен троллейбустардын айдоочулары 17-18 миң сом айлык алышат. Ал эми жеке менчик жүргүнчү ташуучу фирмалардын маршруттук таксилерин айдагандар колуна болжол менен 13-14 миң сом алышат.

Мэрия жол киренин кымбатташы жүргүнчүлөрдү ташуу кызматтарынын сапатына жакшы таасир берет деп ишендирүүдө.

Бишкекте жол киренин кымбатташы

Маршруттук таксилердин айдоочулары 18-январдан тартып иш таштаган. Айдоочулардын негизги талабы — жол кирени көтөрүү болгон. Учурда маршруттук таксиде жол кире 10 сомду, ал эми кечки саат 9дан кийин 12 сомду түзөт. Айдоочулар жол акысын 15 же 20 сомго көбөйтүүнү талап кылышкан.

Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы 22-январда кабарлагандай, муниципалитет жүргүнчү ташуучу жеке фирмалардын жетекчилери менен маршруттук таксилердеги жол кире тарифин этабы менен көтөрүү маселесин талкуулаган.

Мэриядан жүргүнчү ташуучу компаниялар тарифти 19-20 сомго чейин көтөрүү талабын койгонун белгилешкен.

Ошол кездеги мэрдин м.а. Балбак Түлөбаев маршруттук таксиде жол кирени 15 сомго чейин, ал эми автобус жана троллейбустарда 10 сомго көтөрүүнү сунуштаган. Пенсионер жана кичинекей балдар 8 сомдон төлөйт деп айтылган.

Жүргүнчү ташып иштегендер оор абалда болуп жатканын айтышкан — пандемиядан улам көбү жумушунан айрылып, ал эми транспортту тейлөө үчүн каражат жетпей жатат. Алар шаардыктар да кыйналып турганын түшүнгөнү менен өздөрүнө дагы кыйын болуп жатканын айтышкан.

Ошол кезде мэрдин милдетин аткарып жүргөн Балбак Түлөбаев жол акысы 15 сомго чейин көтөрүлөрүн, себеби айдоочулар «бардыгын түшүндүрүп», шаар башчысына акыны көтөрүш керектигин далилдеп беришкенин билдирген. Анын айтымында, маршруттук таксилердеги тарифти жогорулатуу тартибин ишке ашырууга болжол менен үч ай убакыт керектелмек.

Үстүбүздөгү жылдын февраль айында мэрия жол киренин кымбаттоо маселесин жолго коюунун үч вариантын сунуштаган: биринчиси — баарын мурдагыдай калтыруу, экинчисин — муниципалдык транспортто жол кирени 11 сом, жеке менчик микроавтобустарда 15 сом, үчүнчүсү — автобус, троллейбустарга 10 сом, маршруткаларга 13 сом өлчөмүндө бекитүү. Ошондо экинчи вариант бардык кызыкдар тараптар үчүн кабыл алынарлык жана тез арада ишке ашырыларлык деп тандалган.