Кара-Суу: Жоолук чырын милиция эмес, министрлик териштирмей болду

28-апрель, Ленин мектеби. Сүрөт: Хамидулло Узаков/Kloop.kg

Соцтармактарда 26-апрель күнү Кара-Суу шаарындагы №66 Ленин мектебинде жоолукчан кыздарды укуктары бузулуп жатканы тууралуу тасма тарады. Ал жоолук салынган кыздарга карата дискриминацияны чагылдырып келген Абдусомад Кошмаматов ютуб каналына  жарыялаган.

Алгач тасмада укук коргоочу Кубаныч Бакиров мектеп имаратынын тосмосунун сыртындагы бир нече милиционерге кароолчу аны мектепке киргизбей жатканына даттанган.

«Коомдук жай да бул. Күч колдонуп кууп чыкты. Бул жерде бир нече мыйзам бузулду. Мен арыз жазам, кароолчуну да алып барып бизди суракка алгыла сураныч», — деген ал.

Бирок милиция кандайдыр бир чара көргөн эмес. Ал эми кийинчерээк окуучулардын бири келип, мектепке жоолугун чечип кирген. Бул көрүнүш активистти нааразы кылып, милиционерлерге «кыздын укугун коргошуңар керек болчу» деп даттанган.

Аталган тасма тарагандан кийин социалдык тармактын колдонуучулары мындай кырдаалда окуучу кыздар стресске кабылып жатышканын билдирип нааразы болушкан.

Ош ОИИБдин басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев тасма 23-апрелде тартылганын айтты. Ал эми мектептеги «жоолук салынуу же салынбоо тартибине милиция кийлигише албасын» билдирди.

«Ар бир мектепте жоолук маселесин ата-энелер чогулушта чечиш керек [...] Ошол эле учурда жоолук салынып алып, кулагына наушник салып сабак окубай койгондор болгон. Ошол жактарын эске алыш керек. Ошондуктан ал маселеге мектеп жамааты менен ата-энелер гана баа бериши керек. Биз кийлигише албайбыз», — деди Аширбаев.

Мектеп директору эмне дейт?

27-апрель күнү өзүн мектеп директору Буажар Калбаеванын жактоочусумун деп тааныштырган Талант Жумаев «Клоопко» жоолукка «көптөн бери» тыюу салынганын билдирди. Ал муну өкмөттүн мектептердеги бирдиктүү форма тууралуу чыккан №572 токтомуна негиздеди.

«Жоолук салынсын деген мыйзам жок болсо биз эмнеге кийгизишибиз керек? Эртең дагы бирөөсү юбкасы жок келип калса анда эмне кылабыз? Имараттын ичине киргенден кийин этика боюнча баш кийимди чечиш керек да», — дейт Жумаев.

Анткен менен жактоочу келтирген №572 токтомдо баш кийим кийүү же кийбөө тууралуу белгилүү бир талап жазылган эмес. Ал эми Калбаева менен байланышканыбызда ал комментарий берүүдөн баш тарткан.

Мындан улам «Клооптун» жуналисттери 28-апрелде Ленин мектебине барышты. Анда жоолук салынган окуучулар мектепке тоскоолдуксуз кирип-чыгып жатканына күбө болушту.

Мектептин кароолчулары имаратка журналисттерди да киргизишкен жок. Ал эми мектеп администрациясынан кимдир-бирөөнү чакырып берүүнү суранычына директор жоктугун айтышты. Бирок директор бир нече сааттан кийин чыгып журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Калбаева окуучуларга ак түстөгү гана жоолук салынууга уруксат берилгенин айтып, жоолукчандарды мектептке киргизбей жатат деген маалыматты төгүндөдү. Анын айтымында, 5-апреле ата-энелер келип сурангандыктан ак жоолук салынууга уруксат берилген.

«Хиджаб эмес ак жоолукту кийип жүрүшөт. Бизде 23 оронгон кыз бар. Аларга уруксат берилген. Азыр мектепке келип жатышат. Бала экен, каалагандар чечип кирип жатат, каалагандар кийип отурушат. Ак жоолук салынганга уруксат, ал эми баягындай лента, үстүнөн шапка кийгенге [уруксат] жок», — деди ал.

https://fb.watch/595ewoV0T2/

«Т-Медиа» басылмасы тасмада жоолугун чечип мектепке кирген кыздан интервью алды. Анда окуучу жоолугун өз каалоосу менен чечип, мектептин уставына баш ийип келгенин белгилеген.

«Эми буйрук келди деп айтышты. Жоолук менен мектепке кирсек болот экен», — деген ал.

Министрлик окуяны териштирет

Билим берүү министрлигинин басма сөз катчысы Самат Тоялиев мектеп окуучуларына жоолук салынып мектепке барууга эч кандай чектөө жок экенин айтты. Ошондой эле окуя боюнча териштирүү жүргүзүлүп жатканын билдирди.

«Биз өзүбүздүн компетенциябыздын чегинде бул окуяны териштирип жатабыз. Негизи буга чейин да мектеп окуучуларынын баш кийим кийүүсүнө эч кандай тыюу салынбайт деп айтып келгенбиз», — деди Тоялиев.

Аталган инцидент боюнча парламенттин 28-апрелдеги жыйынында да маселе көтөрүлүп, тиешелүү комитетте каралмай болду.

Кыргызстанда окуучулардын жоолугуна байланыштуу түшүнбөстүктөр биринчи эле жолу чыккан жок. Билим берүү министрлиги үстүбүздөгү жылдын 26-январында окуучулардын кандай болбосун баш кийим кийип келүүсүнө тыюу жок экенин билдирип, билим берүү мекемелери үчүн атайын түшүндүрмө жарыялаган.