Кыргыз-тажик чек арасынан эвакуация болгондор мектептерге жайгаштырылууда

Баткен облусунун ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү менен облустук ӨКМ кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатак чыккан аймактагы жергиликтүү тургундар эвакуацияланганын кабарлашты.

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн маалыматы боюнча, Лейлек районунан коопсуз аймакка 13,5 адам, ал эми Баткен облусунан Баткен шаарына 7 093 адам көчүрүлгөн.

Эвакуациялангандарга жергиликтүү жарандык коргонуу кызматтары гуманитардык жардамдарды көрсөтүшүүдө. Алар көбүнесе мектептердин имараттарына жайгаштырылган.

Сүрөт: ӨКМ

ӨКМдин берген маалыматына ылайык, Баткен облусунун Көк-Терек районунда 17 үй толугу менен күйүп кеткен. Андан тышкары, Ак-Сай айылында жайгашкан Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өрт-куткаруу бөлүмү да өрттөн жабыркаган.

Лейлек районунун Кулунду айылында — 2 үй, Максат айылында — 10 үй күйгөн. Мындан тышкары аталган райондогу бир мектеп өрттөлгөн.

Баткен облусунда 9 үй, 10 май куйуучу жай, 2 тойкана, 8 дүкөн жана ошондой эле бир REMI* казиносу менен бир чек ара посту өрттөлгөн.

* Кыргызстанда 2012-жылдын 1 январь айынан тартып кумарканаларды иштетүүгө мыйзамдуу түрдө тыйуу салынган. Ал эми 2015-жылы болсо тотализаторлордун жана букмекердик кеңселердин ишине тыюу салынган.

Чек арадагы жаңжал

Кыргыз-тажик чек арасындагы чыр 28-апрелде башталган. Суу бөлүштүрүүчү жайга эки өлкөнүн 100-150гө чукул жарандары чогулуп, бир-бирине таш ыргытышкан. Анын кесепетинен ондогон киши жаракат алган. Кыргызстандын чек ара кызматы буга Тажикстандын жарандарынын Ак-Суу дарыясынан 3-4 метр аралыктагы шарттуу чек арадан шагыл жүктөп кетүүгө аракети жана «Головной»* суу бөлүштүрүүчү жайындагы мамычаларга макулдашуусуз байкоо камераларын орноткону себеп болгонун билдирген.

*«Головной» Төрткүл суу сактагычынын баш жагында жайгашкан. Суу сактагыч Баткен облусунун аймагында 1972-жылы курулган. Анын көлөмү 90 млн кубду түзөт жана узундугу 5 км. Аталган суу сактагыч Баткен районундагы жана Баткен шаарындагы 11 миң гектардан ашуун айдоо жерин сугат суу менен камсыздайт. 1991-жылдагы Кыргызстан жана Тажикстан менен суу бөлүштүрүү келишимине ылайык, Төрткүл каналынын суусунун 37%ын Кыргызстан, ал эми 63%ын Тажикстан пайдаланат.

29-апрелде чар-чатак курчуп кеткен — чектеш аймактарда миномёт, пулемёт жана автоматтар колдонулган. Эки өлкөнүн чек арачылары бири-бирин чыр-чатакта баштады деп айыпташкан.

Эки өлкөнүн министрлери саат 20:00дөн баштап кыргыз-тажик чек арасындагы ок атууну толугу менен токтотууга жана аскердик күчтөрдү мурунку турган абалына алып кетүү келишимине жетишти.

Бирок буга карабастан, өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү 30-апрелде Лейлек районунда ок атышуу уланып жатканын билдирген.

Жабыркагандар

30-апрелдин таңкы саат 07:50гө карата берилген маалыматка ылайык, кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан улам 13 киши набыт болгон. Каза тапкандардын арасында 2008-жылкы кичинекей кыз дагы бар.

Министрликтин маалыматына ылайык, жабыркагандардын саны 134 адамга жеткен. 25 адам атайын борт менен Баткенден Бишкекке жеткирилген.

Жабыркагандардын экөөнүн акыбалы оор. Ал эми калгандарыныкы орто оор жана канааттандырарлык.

Жабыркагандар тажик тараптан дагы бар. «Азия-Плюс» басылмасы жеке булактарга таянуу менен 90дон ашуун жабырлануучу бар экендиги тууралуу жана 10 адам каза тапкандыгын жазып чыккан.