Коронавирустан сегиз адам каза болуп, жаңы 477 учуру катталды

Республикалык ыкчам штабдын 1-майга карата маалыматына ылайык, коронавирустун жаңы 477 учуру катталып, сегиз адам каза болду.

Каза болгондордун бешөө Бишкекте, экөө Чүй облусунда, бирөө Ысык-Көл облусундадагы ооруканаларда даарыланып жаткан.

Оору жуктургандар аймактар боюнча:

Бишкек - 255;

Ош - 8;

Чүй облусу – 155;

Ош облусу - 3;

Талас облусу - 5;

Нарын облусу - 9;

Ысык-Көл облусу – 28;

Жалал-Абад облусу – 14;

Баткен облусу - 0.

Ошондой эле, өткөн суткада 270 киши айыгып чыкты. Айыгып чыккандардын жалпы саны 89 461 киши болду. Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 95 752 кишиге жетти.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.