Көк-Таш айылындагы "Головной" аймагында ок тийип оодарылып кеткен тез жардам унаасы. Сүрөт: Бекболсун Кайыпов / Kloop.kg

Баткен облустук ички иштер министрлигинен 2-майга карата Баткен облусунун бардык райондорунда жана айылдарында, мамлекеттик чек арасынын кыргыз-тажик тилкесинде кырдаал туруктуу деп билдиришти.

29-апрелде Баткен районундагы Көк-Таш айылындагы аялдар менен жан башлар, карыялар таңкы саат 4:30 чамасында коопсуз жайга кетүүгө аргасыз болгон. Анткени тургундардын уйкусун таш ыргытуулар жана ок атуулар бузган. Ал эми эркектер үй-бүлөсүн жеткирип, мамлекеттик чек араны жана айылды коргоо үчүн кайра келишкен. Чек арадагы ок атуулар 2-майга караган түнү эки тараптуу протоколго кол коюлгандан кийин токтогон.

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышууда Ош — Баткен — Исфана жолунун Төрт-Көчө участогу жабылып, трассанын бир нече участогунда өтүп жаткан кыргыз унааларына ок чыгарылган. Талкаланган унаалардын арасында тез жардам унаасы да болгон. «Клооптун» кабарчылары Айбике Адилет кызы жана Элдияр Бакиров, оператору Хамидулло Узаков ок атылган аймактан 2-майда тартылган сүрөттөрдү жиберишти.

Төрт-Күл суу сактагычы. Сүрөт: Элдияр Бакиров / Kloop.kg

Ош — Баткен — Исфана жолунда ок атууга туш болуп талкаланган унаа. Айдоочусу менен жүргүнчүлөрдүн абалы тууралуу маалымат ала алган жокпуз. Сүрөт: Айбике Адилет кызы / Kloop.kg
Ош — Баткен — Исфана жолунда ок атууга туш болуп талкаланган унаа. Айдоочусу менен жүргүнчүлөрдүн абалы тууралуу маалымат ала алган жокпуз. Сүрөт: Айбике Адилет кызы / Kloop.kg
Ош — Баткен — Исфана жолунда ок атууга туш болуп талкаланган унаанын капотунда калган ок. Сүрөт: Элдияр Бакиров / Kloop.kg
Ош — Баткен — Исфана жолунда ок атууга туш болуп талкаланган унаа. Айдоочусу менен жүргүнчүлөрдүн абалы тууралуу маалымат ала алган жокпуз. Сүрөт: Айбике Адилет кызы/ Kloop.kg
Ош — Баткен — Исфана жолунда ок атууга туш болуп талкаланган унаа. Айдоочусу менен жүргүнчүлөрдүн абалы тууралуу маалымат ала алган жокпуз. Сүрөт: Айбике Адилет кызы / Kloop.kg
Көк-Таш айылындагы "Головной" аймагында ок тийип оодарылып кеткен тез жардам унаасы. Сүрөт: Хамидулло Узаков / Kloop.kg
Көк-Таш айылындагы "Головной" аймагында ок тийип оодарылып кеткен тез жардам унаасы. Сүрөт: Хамидулло Узаков / Kloop.kg
Жолдун четинде жаткан бинт. Сүрөт: Айбике Адилет кызы / Kloop.kg
Жолдун четинде жаткан спирт. Сүрөт: Айбике Адилет кызы/ Kloop.kg
Ош — Баткен — Исфана жолу. Сүрөт: Хамидулло Узако / Kloop.kg