Кыргыз-тажик чек арасындагы ок атуулар 29-апрелде таңкы саат 04:30 чамасында Баткен районунун чек аралаш Көк-Таш айылынан башталган. Ал эми 30-апрелге караган түнү октор Лейлек районунун Максат, Достук, Арка, Борбордук (Интернационал) айылдарында да жаңырган. Мындан улам тургундар үйлөрүн таштап качууга аргасыз болушкан. «Клооптун» кабарчылары Максат айылына 2-майда барып өрттөнгөн, жер менен бир болгон турак жайларга, дүкөндөргө, май куючу жайларга, мектепке өз көзү менен күбө болушту.

Сүрөт баянды даярдагандар: Хамидулло Узаков, Айбике Адилет кызы, Элдияр Бакиров, Бекболсун Кайыпов