Отунбаева: «Бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгарчу учур — күндүн талабы!»

Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева жакында эле кыргыз-тажик чек арасында болгон куралдуу жаңжалга байланыштуу кыргызстандыктарга кайрылды. Отунбаеванын кайрылуусу 2-майда AKIpress басылмасында жарык көргөн.

Отунбаева Баткен облусунда жабыркагандарга көңүл айтып, биримдикке жана сабырдуулукка чакырды.

Ал болуп өткөн окуяны мамлекеттердин ортосунда болгондуктан, эл аралык мүнөзгө ээ экенин белгиледи. «Ошондуктан улам, азыркы абалды мындан ары да курчутуп албоо үчүн баардыгы сөздөрүндө жана берген бааларында абдан этият болушу керек. Жөнөкөй сөз менен айтканда көшөгөнүн артында сүйлөшүлүп, ошол жакта аткарылуучу иштер көп», — деп билдирди Отунбаева.

Ал «миң жылдар бою жанаша жашаган коңшулардын ортосундагы чырды бир күндө эле сырттан бирөө келип чече коюшат дегендер жаңылышат» деп эсептейт.

«Бул маселени кыргыз менен тажик элдери тынч сүйлөшүү жолу менен гана, эмоцияга алдыртпастан жана түбөлүк достугубузду эске алып тил таба алабыз», — деп жазган экс-президент.

Отунбаева кыргызстандыктарды кимге карата болбосун бир беткей баа берүүдөн, бир беткей талаптарды коюудан, алдын ала эле бирөөлөргө айып тагуудан карманууга, сабырдуулукка чакырды.

«Бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгарчу учур - күндүн талабы!» — деп белгиледи президент.

Анын айтымында, президент Садыр Жапаров, Куралдуу күчтөр, андан тышкары, дипломатиялык өкүлдөр колдон келген баардык аракеттерди көрүп жатышат.

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал

Кыргыз-тажик чек арасындагы чыр 28-апрелде Баткен районунун Көк-Таш айылындагы «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайында тажик тарап өз алдынча видео байкоочу камера орнотконуна байланыштуу башталган.

29-апрелде Көк-Таш айылынын тургундары таңы саат 04:30 чамасында таш ыргытуулардан жана ок атуулардан улам чочуп ойгонушкан. Ошол эле замат эркектер аялдар менен жаш балдарды жана жашы улууларды коопсуз жайга эвакуацияланган. Ал эми өздөрү кайра Көк-Ташка кайтып келип, чек араны жана үйлөрүн кайтарууга алышкан.

14:00 чамасында Ак-Сай айыл аймагындагы «Головной» суу бөлүштүрүү жайына ок атылган. Баткен ОИИБи Тажикстандын аскерлери автомат, пулемёт, миномёт сыяктуу өтө чоң зыян келтирген ок атуучу куралдарды колдонуп, жай тургундардын турак-жайларын аткылаганын билдирген.

28-апрелден 1-майга чейин кагылышуулардын кесепетинен 184 киши жарадар болуп, анын ичинде 12 жаштан 60 жашка чейинки 35 кыргыз жараны каза тапкан. Маркумдардын ичинен 25 киши «Головной» аймагына атылган миномёттон көз жумган.

Чек ара жаңжалында Баткен жана Лейлек райондорунда 104 үй, эки мектеп, бир ФАП, үч чек ара бекети, бир бала бакча, 10 май куюучу бекет, ИИМдин бир имараты жана сегиз дүкөн өрттөлдү.

Ал эми «Азаттык» радиосунун тажик кызматы чек ара чырында 15 тажикстандык каза болгонун жана 90 адам жабыркаганын билдирген. Алардын арасында аскер кызматкерлери жана жай тургундар бар.

29-апрель күнү эки тараптын Тышкы иштер министрликтери ок атышууларды токтотуу боюнча макулдашканы менен кагылышуулар уланып турган. Кыргыз-тажик премьерлери, атайын кызматтар жана президенттер чек арадагы акыбал боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшкөн.

Казакстан, Өзбекстан, ЖККУ жана БУУ Кыргызстан менен Тажикстанды кырдаалды тынчтык жолу менен жөнгө салууга чакырган. 1-май күнү эки тарап ок атууну токтотуу жана аскерлерди алып чыгып кетүү тууралуу протокол кабыл алган. 3-майда кыргыз-тажик чек арасындагы абал туруктуу деп бааланууда.