Айдарбеков: Совет доорундагы карталар Кыргызстан үчүн юридикалык күчкө ээ эмес

Мурдагы тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков фейсбук баракчасында кыргыз-тажик чек арасыны тактоодо 1924-1927-жылдардагы карталар колдонулса Тажикстандын Мургаб районунун аймагы Кыргызстанга өтүшү керек деген пикирин билдирди.

Тогда чей Мургаб? Как отметил действующий Омбудсмен КР, таджикская сторона «на протяжении восемнадцати лет постоянно...

Опубликовано Чингизом Айдарбековым Четверг, 6 мая 2021 г.

«Эгерде картаны карасак, Ворух Кыргыз Республикасы менен коридор катары байланышкан. Тажик тарап Ворухту кайрадан бириктиргиси келсе, анда Мургабды Кыргыз Республикасына кайтарып беришин унутпасын», — деп жазды Айдарбеков.

Ошол эле учурда Айдарбеков СССР доорунда түзүлгөн карталар бүгүнкү эгемендүү Кыргызстан үчүн «жараксыз» жана «юридикалык күчкө ээ эмес» экенин белгиледи.

«Таджик тарап карталарды өз кызыкчылыгына эле таянып ары-бери чойгулай берсе болобу?» — деп суроо салды Айдарбеков.

Хожаи Аъло — Ворух жолунун курулушу

Кыргыз-тажик чек арасындагы ок атуулардан кийин эки өлкөнүн бийлиги 1-2-май күндөрү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, чек аранын 112 чакырымын тактоого макулдашкан.

Мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча кыргыз-тажик өкмөттүк делегациялары кол койгон макулдашууга ылайык, чек ара сызыктарынын №43 чек ара чекитинен №61ге чейин жана №135 чек ара чекитинен №141ге чейин 1924-1927-жылдардагы улуттук-аймактык чек бөлүүнүн жана 1989-жылдагы паритеттик комиссиянын документтери боюнча такталат .

Мындан сырткары, эки өлкө Хожаи Аъло — Ворух альтернативдик жол куруу боюнча келишим түзүшкөн. Жаңы жол Тажикстан менен Кыргызстандын эсебинен курулмакчы. Жолу тажик тарап колдонот жана аны өзү тейлейт. Келишимде, жолдун статусу эки өлкөнүн өзүнчө келишиминин негизинде аныкталат деп жазылган.

Кыргызстан жана Тажикстандын чек арасынын жалпы узундугу 970 километрди түзөт. Бүгүнкү күндө анын 504 километри гана такталып, ал эми калган такталбаган аймактарда эки өлкөнүн тургундарынын ортосунда улам-улам жаңжал чыгып келет.

Көп жылдар боюнча Тажик тарап чек араны аныктоодо 1924-1927-жылдардагы карталарды колдонууну талап кылып келген. Өз кезегинде Кыргызстандын бийлиги делимитиация жана демаркация иштеринде 1958-1959-жылдардагы жана 1989-жылкы карталарды колдонуу керектигин белгилеп келген.

Исфара — Ворух альтернативдик жолу

2019-жылдын март айында ошол кездеги вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Тажикстан менен жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы менен кыргыз бийлиги чек арага жакын аймакта дагы бир жол курмай болду деп билдирген. Ал эми жолду эки тарап тең пайдала алат деп белгилеген.

«Кээ бир серепчилер [Кыргызстан Тажикстанга] коридор берди деген ойду айтып жатышат экен. Эч кандай коридор берилген жок, ал жолдорго эч кандай статус берилген эмес. Аксайдын сыртынан курулуп жаткан [Ворух — Исфара жолу] жеңилдик түзүш үчүн кошумча жол катары курулуп жатат. Аны менен Кыргызстандын да Тажикстандын да жарандары пайдалана алышат», — деген Разаков.

Ал кошумчалагандай, кыргызстандыктар мал-жандыктарын жайыттарга Ворух анклавына кирбей айдап өтүшү үчүн салынып жаткан Ак-Сай — Тамдык жолунун курулушу аягына чыгарылат.

«Протоколдо белгиленип кеткендей, Ак-Сай — Тамдык жолун кыргыз тарап куруп, аягына чыгарат деп чечиштик. Анын курулушу башталган. Бул боюнча жалданмачыны тандоо боюнча бардык тендердик маселелер чечилген. Ушул багыт боюнча иштерди аягына чыгарабыз», — деген Разаков.