Баткен: Өрттөлгөн айылдарды калыбына келтирүү боюнча жарлыкка кол коюлду

Президент Садыр Жапаров 5-майда «Баткен облусунун чек арадагы айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча биринчи кезектеги чаралар жөнүндөгү» жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Жарлыкка Кыргызстан жана Тажикстандын чек арасындагы куралдуу жаңжалда жабыр тарткан жарандарга шарт түзүп берүү максатында кол коюлду.

Жапаровдун жарлыгы боюнча Баткен облусуна келтирилген зыянды эсептөө жана калыбына келтирүү боюнча комиссия түзүлөт. ӨКМ, ИИМ, Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги жергиликтүү бийликтин катышуусу менен жабыркагандардын, каза тапкандардын, ошондой эле дайынсыз жоголгондордун тизмесин түзөт.

Документте министрлер кабинети үчүн көрсөтмөлөр дагы бар:

  • жарандардын жана уюмдардын ыктыярдуу которууларынан келип түшүп жаткан каражаттарды топтоо боюнча атайын эсепти ачуу;
  • курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жабыр тарткан жарандарга бир жолку материалдык жардам берүүнүн мүмкүндүгү тууралуу маселени карап чыгуу;
  • жабыр тарткан жарандарга кийин жаңы турак үйлөрдү курууну камсыз кылуу менен убактылуу турак жай берүү,
  • биринчи зарылчылыктагы азык-түлүктөрдү үзгүлтүксүз берүүнү, суу жана энергия менен жабдууну камсыз кылуу;
  • талкаланган чек ара тозотторун жана пункттарын, күч түзүмдөрүнүн объекттерин жана социалдык объекттерди ыкчам калыбына келтирүү боюнча чараларды көрүү;

Аны менен катар өкмөткө жабыр тарткан калктуу конуштарда иштегендердин салык карыздарынын төлөө мөөнөтүн узартып берүү сунушталган. Ошондой эле, камсыздандыруу жана бажы төлөмдөрүнүн дагы мөөнөтүн узартып берүү жазылган.

Жабыркаган бизнесмендерге «Айыл Банк» жана «РСК Банк» аркылуу жеңилдетилген насыя берүү пландаштырылууда.

Ошондой эле Жапаровдун жарлыгы боюнча жабыркагандарга мамлекеттик органдар бир катар кызматтарды бекер көрсөтүшөт:

  • социалдык төлөмдөрдү (пенсияларды, жөлөкпулдарды, акчалай компенсацияларды) дайындоо үчүн зарыл маалымкаттарды;
  • объекттерди долбоорлоо, калыбына келтирүү жана куруу маселелерин ыкчам чечүү үчүн маалыматтык материалдарды, схемаларды, карталарды, пландарды, инженердик-геологиялык маалыматтарды;
  • архитектуралык-пландаштыруу шарттары, техникалык көзөмөл, долбоордук-сметалык документтерди экспертизалоо боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүтүрүү министрлигине жабыр тарткан жарандарды СОVID-19 инфекциясына каршы эмдөө, медициналык-санитардык тейлөө жана жеңилдетилген дары-дармек менен камсыздоо тапшырмасы берилди.

Ошондой эле, ведомтство жабыр тарткан жарандардын балдарын реабилитациялоону уюштурат жана инфекциялардын чыгып кетүүсүн болтурбоо үчүн жабыр тарткан аймактарда жугуштуу ооруларга эпидемиологиялык көзөмөл жүргүзүү боюнча чараларды күчөтөт.

Баткендеги чек ара жаңжалы

Кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатак 28-апрелде башталган. Анда эки өлкөнүн 100-150гө чукул жараны бири бирине таш ыргытышкан. Кийин ок атуулар башталган. Жаңжал «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайына тажик тарап өз алдынча видео байкоочу камера орнотконуна байланыштуу башталган.

29-апрелде Кыргызстан менен Тажикстандын аскерлери курал колдонууга өтүшкөн. 1-май күнү кечке маал Кыргызстан менен Тажикстандын Улуттук коопсуздук комитетинин башчылары жолугуп, эки тарап «максаттуу макулдашууга» жетишип, төрт пункттан турган протоколго кол койгонун билдирген. Ал эми 3-майда эки тарап кошумча күчтөрдү жана каражаттарды мамлекеттик чек ара тилкесинен туруктуу жайгаштырылган жайларына чыгарып кетүүнү аягына чыгарышкан.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына таянсак, чек ара тилкесиндеги ок атуунун кесепетинен Кыргызстандын 36 жараны каза болуп, 189 адам жаракат алган. Мындан тышкары, ок атуу башталгандан бери чек ара аймагынан 40 миңден ашык кыргызстандыктар эвакуациялаган. Ошондой эле ок атууда 100 турак жай, чек ара тозоттору, мектеп жана бала бакчалар талкаланган.

Тажикстандын расмий органдары чек арадагы ок атууда 10 тажик жараны набыт болгонун тастыктаган. Ошол эле учурда «Озади Радио» басылмасы чек ара жаңжалында 20 адам каза тапканын, алардын ичинен 10 киши аскер кызматкерлери экенин белгилеген.