Чек ара кызматы Бишкектин аэропортунда тажиктер кармалууда деген билдирүүнү төгүндөдү

УКМКнын Чек ара кызматы укук коргоочу Валентина Чупиктин Бишкек жана Ош шаарынын аэропортторунда тажиктер кармалып жатат деген билдирүүсүнө жооп кайтарды.

Ведомство Чупиктин айткандарын чындыкка коошпойт жана «улуттар аралык кастыкты козутуу аракети» деп эсептейт.

«Кыргызстандын мамлекеттик чек арасынан жарандарды алардын жарандыгына, улутуна, рассалык жана этникалык таандыктыгына бөлбөстөн жалпы тартипте өткөрүү ишке ашырылууда», — деп айтылат кызматтын билдирүүсүндө.

Мындан тышкары, Чек ара кызматы кыргыз-тажик чек арасындагы «Кызыл-Бел-автодорожный» өткөрүү пунктун аткылоодон кийин, адамдардын коопсуздугу үчүн аталган участкадан жарандарды жана оор жүктөрдү өткөрүү убактылуу токтотулгандыгын билдиришкен.

Тажикстандыктардын коопсуздугу үчүн Чек ара кызматы Кыргызстан боюнча транзит уюштуруп берген. Тажикстандын жарандары Өзбекстандын чек арасына же болбосо Тажикстан менен чектешкен «Карамык-автожол» жана «Бордобо-автожол» көзөмөл өткөрмө жайына жеткирилүүдө.

Мекемеден кошумчалашкандай, Тажикстандын жарандары чек ара аймактарындагы көзөмөл-өткөрмө жайларына Кыргызстандын автобустары менен жеткирилип жатат.«Валентина Чупиктин далилсиз билдирүүнө карабастан Тажикстандын жарандары Кыргызстандын аэропортторун колдонууну улантып жатышат, бул коопсуздук бар экенин айгинелеп турат», — деп билдиришти Чек ара кызматынан.

Чек ара кызматы акыбалдын оорлошуна кызыктар адамдар Валентина Чупикти адаштыргылары келип жатышы мүмкүн деп эсептейт.

Чупик эмне деп айткан?

Борбор Азиядан келген мигранттардын укуктарын коргогон Орусиянын укук коргоочусу Валентина Чупик 4-майда Баткен облусундагы чек ара аймагында чыккан жаңжалдан кийин Тажикстандын жарандары Бишкек жана Оштун аэропортторунда кармала баштады деп билдирген.

Бир нече ютуб-каналдарда таратылган билдирүүдө Чупик, жаңжалдан кийин Тажикстандын жарандарын аэропортто узак кармай башташкан деп билдирген. Мындан тышкары, аларды кемсинтип, депортация кылабыз деп коркутуп жатышат деп дагы айткан.

«Көптөн-көп өтүнүч: Ош жана Бишкек шаарларындагы аэропорттордогу Кыргызстандын чек ара кызматкерлерине чара көргүлө. Бизге көптөгөн кайрылуулар келип түштү, бул мамлекеттер аралык мамилеге зыянын тийгизет», — деп билдирген Чупик кайрылуусунда.

Чек арадагы жаңжал

Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатак 28-апрелде башталган. Эртеси күнү эки өлкөнүн тең аскерлери курал колдонушкан, бирок сүйлөшүүлөрдөн кийин 1-майда ок атууну токтотуп, аскерлерин чыгарып кетүү тууралуу макулдашкан.

Эртеси күнү эки өлкөнүн аскерлери курал колдоно башташкан, ал эми 1-майда сүйлөшүүлөрдөн кийин тараптар ок атууну токтотуп, аскерлерди артка чыгарып кетүүнү макулдашышкан.

Чек арадагы ок атуу башталгандан бери эки өлкөнүн Чек ара кызматы куралдуу кагылышууну баштады деп бири-бирин айыптап жатышат.

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, чек арадагы ок атууда 36 адам набыт болуп, 189 киши жарадар болгон.

Жаңжал башталган бери Баткен жана Лейлек райондорунун чек ара аймактарынан 40 миң ден ашуун адам эвакуацияланган. Ок атууда 100дөн ашуун турак жай, чек ар посту, мектеп жана бала бакча кыйраган.

Тажик тараптан дагы жабыр тарткандар бар. Озоди радиосунун маалыматына караганда, жаңжалдан бери дегенде 16 тажикстандык каза тапкан. Тажикстандын бийлиги чек ара тилкесиндеги кагылышууда жабыр тарткандар жана кыйраган имараттар тууралуу расмий билдирүү жасай элек.