Сүрөт: Mufid-Majnun

2021-жылдын башында Борбор Азия мамлекеттеринде коронавирус инфекциясына каршы эмдөө башталган. Биз кайсы өлкөдө эмдөө алгандардын саны көп экенин изилдеп, жыйынтыгын сиздерге сунуштадык.

Борбор Азия мамлекеттеринин ичинен эмдөөдө эң алдыңкы катарга Казакстан чыкты — мында эмделген калктын пайыздык үлүшү жогору.

Кыргызстан менен Тажикстанда эмделген жарандардын пайызы өтө төмөн — болгону 0,5% жана 0,4%. Ошол эле учурда, Тажикстанда эмделген жарандар тууралуу расмий маалыматты ачык булактардан табуу мүмкүн эмес, ЖМКлар жергиликтүү саламаттык сактоо министрлигине шилтеме келтирип жатат, бирок алар маалыматты интернетке жайгаштырган эмес.

Биздин иликтөөдө Түркмөнстан тууралуу дагы маалымат жок, анткени алар расмий маалымат берүүдөн карманып жатат.

Экинчи болуп Тажикстан өз жарандарын эмдей баштаган — жергиликтүү ЖМКнын маалыматына караганда, 23-мартта тажикстандык врачтар, мугалимдер жана мамлекеттик кызматкерлер AstraZeneca вакцинасын алышкан. Андан кийин эмдөө кампаниясы Кыргызстанда 29-мартта башталган. Эң акыркы болуп Өзбекстанда 1-апрелде эмдөө старт алды.

Эмдөө ар кыл мөөнөттө башталганына карабай, калктын эмделүү темпи айырмаланып турат. Мисалы, Өзбекстанда кампаниянын биринчи күнү беш миңден ашуун жаран вакцина алса, экинчи күнү алардын саны 14 миңден ашкан. Ал аралыкта Кыргызстанда алгачкы эки күндө болгону 292 адам эмделген.

Бирок биз объективдүү анализ жүргүзүү үчүн бул сандарды салыштыра албайбыз, анткени аталган өлкөлөрдөгү калктын саны дагы айырмаланып турат: Өзбекстанда 34,5 млн адам жашайт, Кыргызстандын калкы болгону 6,6 млн.

Калкынын саны кескин айырмаланган өлкөлөрдөгү вакцина алгандардын пайызын салыштыруу үчүн, 100 000 адамдын ичинен канчасы эмделгенин санап чыктык. Ага ылайык, Кыргызстанда ар бир 100 000 жарандын ичинен 547 адам эмдөө алган. Салыштыруу үчүн алсак, Өзбекстанда 2700, Казакстанда дээрлик сегиз миңге жакын.

Кыргызстанда 5-майга карата 36 364 адам вакцина алган, алардын ичинен 2 528 киши — экинчи ирет эмделди. Орто эсеп менен суткасына 956 адам эмделүүдө.

Азыр Кыргызстандагы 18 жашка толгон бардык каалоочулар Sinopharm вакцинасын акысыз алса болот. Ал үчүн жашаган шаардын же райондун Үй бүлөлүк медицина борборуна паспорт менен кайрылуу керек. Эмдөө пункттарынын толук тизмесин бул жерден көрө аласыз.

Ошондой эле Саламаттык сактоо министрлиги пилоттук режимде вакцина алуу үчүн онлайн-жазылуу тизмесин баштаган. Кезекке жазылуу үчүн реестрдин вакцинациялангандар баракчасына өтүп, «Электрондук кезек» бөлүмүнө кирип, андан соң талап кылынган талааларды толтуруу керек.

Марттын аягында Кыргызстанга Sinopharm вакцинасынын 150 миң дозасы келген, ал 75 миң адамды эмдөөгө жетет. Орусиялык «Спутник V» вакцинасы 20 миң дозасы алып келинген, дагы жарым миллион күтүлүп жатат. Азыр «Спутник V» вакцинасын 65 жаштан жогору курактагылар гана ала алат. Андан тышкары, май айында Кыргызстанга англо-шведдик AstraZeneca вакцинасы келиши керек.

Кошуна Казакстанда 1,5 млн адам вакцина сайдырышкан, бул жалпы калктын 7,5%ын түзөт. Азыр Орто Азияда эмдөөлөр боюнча Казакстан алдыда турат, себеби башка мамлекеттерге салыштырмалуу биринчи баштаган. Мындан тышкары орто эсеп менен Казакстанда суткасына 42 миң адам вакцина алат.

Казакстандын аймактарынын ичинен Алматы шаары алдыда — анда шаар калкынын 11,5%и эмделген.

Казакстан Орусиянын «Спутник V» вакцинасын колдонот. 26-апрелден тартып казактын «QazVac» вакцинасын дагы колдоно башташкан. Казакстандын бойго жеткен бардык жарандары вакцинаны Үй-бүлөлүк медицина борборлорунан жана поликлиникалардан, мамлекеттик кызматтарды көрсөткөн сайт аркылуу алдын-ала жазылып алышса болот.

Өзбекстанда COVID-19 илдетинен вакцинаны дээрлик 950 миң адам (жалпы калктын 2,6%) алган, ал эми экинчи дозаны алгандар — 20 миңден ашкан. 100 000 адамга бөлө келгенде Наманган жана Фергана облусунда эмдөө алгандар көп.

Вакцинаны биринчилерден болуп 65 жаштан ашкандар жана медицина кызматкерлери акысыз алышууда. Алар үчүн ZF-UZ-VAC2001 кытай-өзбек вакцинасы жана европалык AstraZeneca вакцинасы колдонулууда. 28-апрелден тартып жарандарды жапырт түрдө «Спутник V» вакцинасы менен эмдөө жүргүзүлүүдө. Каалоочулар Үй-бүлөлүк медицина борборлорунан, Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунан жана поликлиникалардан сайдыра алышат. Вакцина тууралуу толук маалыматты бул жерден алсаңыз болот.

Тажикстандын Саламаттык сактоо министрлиги вакцина алгандар тууралуу маалыматты ачыктабай жатканына карабай, Sputnik Тажикстан агенттиги 22-марттан 20-апрелге чейинки аралыкта 35 миң жаран вакцина алганын билдирди. Биринчилерден болуп медиктер, мугалимдер, аскер кызматкерлери алган. Азыр калк AstraZeneca вакцинасы менен эмделип жатат, ошондой эле ЖМКларда Кытай CoronaVac вакцинасынын 150 миң дозасын алып келүүнү пландап жатканы тууралуу маалымат тараган.

Түркмөнстан эмдөө алгандар тууралуу расмий маалыматтарды жарыялаган эмес.

Бул материал CAJVI программасынын алкагында, «Меридиан» борборунун жана Kloop.kg басылмасынын колдоосу менен даярдалды.

Авторлору: Айгерим Акылбекова, Дилбар Абибуллаева, Кристина Даутова.

Редактору: Азиза Раимбердиева.