Биз Борбордук шайлоо комиссиясын сотко бердик.Биз дегенибиз — «Клооп Медиа» коомдук фонду. Биз сиз учурда окуп жаткан «Клооп» сайтын иштетибиз. Ошондой эле биз Кыргызстандын тарыхында шайлоого байкоо жүргүзүү боюнча эң эле масштабдуу кампанияны дагы жүзөгө ашырганбыз: мисалы, 11-апрелде өткөн референдум жана жергиликтүү шайлоого дээрлик үч миң байкоочу жөнөттүк.

Боршайкомду эмне үчүн сотко берип жатабыз?

Биз өтө кооптуу бузууларды көрдүк

Бир жолу шайлоо өтүп жаткан учурда Ош шаарындагы участоктордун биринде автоматтык саноочу урналар (АСУ) иштен чыкты.

Бул убакта участокко келген бир нече шайлоочу шашып жатканын жана АСУ оңдолгуча күтө алышпасын айтып, алган бюллетендерине белги коюп, аларды участкалык шайлоо комиссияларынын (УШК) мүчөлөрүнө калтырып кетип калышты.

Андан соң, АСУ иштеп баштаганда комиссиянын мүчөлөрүнүн бири ошол бюллетендерди кадимкидей эле алып, урнага алып барып таштап койгон. Бул эрежени одоно бузуу болуп саналат. Шайлоочудан башка эч ким, ал тургай АСУ иштен чыгып калса дагы бюллетенди урнага сала албайт, себеби мыйзамдарда мындай учурларда эмне кылуу керектиги так жазылган. Оштун аталган участогундагы комиссия мүчөлөрү бул процедураларды сактабай коюшкан.


Эгерде участокто иштегендер эч нерсе болбогондой келе калып, урнага бюллетендерди сала беришсе, анда алар өзүнө керектүү белгилер коюлган ашыкча бюллетендерди дагы салып жибербейт деп ким кепилдик берет?


Участокто жүргөн «Клооптун» байкоочулары комиссиянын төрайымына арызданышканда ал эч кандай чара көргөн эмес.

Бул окуя — «Клооптун» байкоочулары апрелде өткөн шайлоо жана Конституцияны өзгөртүү боюнча референдумда каттоого алышкан көптөгөн мыйзам бузуулардын бири гана.

Мыйзам бузуулар добуш берүүнүн жүрүшүндө да, участкалар жабылгандан кийин дагы кайталанган

Биздин команда участоктордогу добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протоколдордо жүздөн ашык дал келбестиктерди тапты. Биз БШК сандары өзгөртүлгөн 130дан ашык протоколду жарыялаганын аныктадык. Так эле ошондой болгонун байкоочуларыбыз шайлоо күнү ошол эле участоктордо сүрөткө тартып алган протоколдор менен салыштырып чыгып ынандык.


Протоколдорду оңдоого байкоочулар катышкан эмес — мындай иш-аракет көптөгөн көз боёмочулукка жол ачат жана биздин оюбузча, бул көңүл сыртында калбашы керек.


Протоколдогу айырмачылыктан тышкары, добуш берүү жана референдум күнү 800дөн ашуун мыйзам бузууларды каттаганбыз — алардын арасында добуш берүүнүн купуялыгын бузуу, автоматташтырылган электрондук урналардын (АСУ) иштен чыгышы да бар. Биз каттаган мыйзам бузуулардын толук тизмеси менен мына ушул жана бул жерден таанышсаңыз болот.

Биз 21 аймактык жана 82 участкалык шайлоо комиссиясынын үстүнөн ондогон доо арыз бергенбиз, бирок арыздардын көпчүлүгү канааттандырылган жок.

БШК так жооп бербей жатат

Биз Боршайком жана ага баш ийген шайлоо комиссиялары ар бир катталган мыйзам бузуу боюнча түшүндүрмө бериши керек деп эсептейбиз. Тилекке каршы, андай болбой жатат.

Шайлоо комиссиялары доо арыздарга өз учурунда жооп бербей жатты, ал эми БШК кол алдында иштегендерди шайлоо мыйзамын бузууга жол бергени үчүн мыйзамда каралган катаал жазага тартуунун ордуна, бизди байкоочу катары бир-эки жабык эшик артында өткөн жыйынга чакырып койду.

Эмне себептен жыйынтыктоочу протоколдор кайрадан жазылды деген суроого бул жолугушууларда расмий жооп ала алган жокпуз.


Болгону бизге — кол коюлбаган, мөөр басылбаган бир нече документти көрсөтүштү. Биз такып сурабасак, катардагы жарандар аларды көрмөк эмес.

Жекече сүйлөшүп калсак, БШК мүчөлөрү «бизди деле аясаңар» деп, адамдык факторго шылтап жатышат — участкалык шайлоо комиссиялары чарчап калышкандыктан протоколдо ката кетип калган имиш. БШК ошончо көп «ката» кеткенин дагы, протоколдор көз карандысыз байкоочулардын катышуусу жок эле оңдолгонун нормалдуу деп эсептейт.

Ал тургай, БШК кызматкерлери менен сүйлөшүп калганда, биздин дарегибизге: «Келгиле анда силер иштегиле, мыйзам жазгыла» деген сыяктуу кекеткен сөздөр айтылды. Бул аябай таң калычтуу аргумент — биз өзүбүз шайлоо уюштуруп, мыйзам иштеп чыгууну каалабайбыз.

Биз мыйзамдуу иш алып барып жаткан БШКнын шайлоо процессинин бардык этаптары боюнча так түшүндүрмө беришин жана шайлоолор мыйзамга ылайык, акыйкат өтүшүн каалайбыз.

Так жооп болбогон соң, биз балким сот процесси учурунда түшүндүрмө алабыз деген үмүттө сотко кайрылууга мажбур болдук.

Биз улам кийинки шайлоо мурдагыга караганда таза, акыйкат өтүшүн каалайбыз

Өлкөбүз жакын арада парламентти шайлашы керек, дегеле (үмүт үзбөй туралы) Кыргызстан мындан ары да шайлоонун демократиясы бойдон калат.

Биз маанилүү прецедентти орноткубуз келет — БШКнын бүткүл тутуму, участкалык шайлоо комиссиясынан тартып Бишкектеги башкы кеңсесине чейин, шайлоодогу кандай мыйзам бузуу болбосун аларды соттук териштирүүлөр менен жүдөткөн баш оору болорун түшүнүшү керек.


Биз Боршайкомго чыныгы көз карандысыз орган болууга жардам бергибиз келет. Ал ансыз да ошондой болууга тийиш.


Көз карандысыз болуу БШК өлкөнүн ар бир жаранынын алдында жооптуу болгондо гана камсыздалат.

Биздин сот процесси — бул БШК эң жөнөкөй мыйзам бузууну дагы көз жаздымда калтырбашы үчүн эмдөө.

Биз АШКлар кетирген каталар кокустук болгонбу же жокпу, билгибиз келет

Биз аныктаган протоколдордогу айырмачылыктар референдум менен жергиликтүү шайлоонун жыйынтыгына кандай таасир бергенин азырынча билбейбиз.

Бул атайылап, алдын-ала макулдашуу менен жасалган ишпи же адамдык фактор таасир бергендиктен көп ката кеттиби кесе айта албайбыз.

Демек, мындай учурда соттук териштирүү зарыл — анын жүрүшүндө бардык суроолорубузга жооп алабыз деген үмүт бар.

Сот отуруму качан башталат?

Биздин Боршайкомго каршы доо арызыбыз боюнча биринчи отурум 6-майда, Бишкек шаарынын Административдик сотунда болуп өттү. Сот БШКнын ишин мыйзамдуу деп аныктап, «Клооптун» доо арызын канааттандырган жок. Бирок биз бул чечимдин үстүнөн дагы даттанабыз.