«Москвага баруу планы жок». Садыр Жапаров Жеңиш парадына барбайт — Галина Байтерек

Президент Жапаровдун басма сөз кызматы буга чейин Орусиянын президенти Владимир Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песковдун ТАСС басылмасына айткан маалыматын бышыктады. Мурдараак Песков бул жылы Кыргызстандын президенти 9-майда Москванын борборунда өтө турган Жеңиш парадына келбесин билдирген.

Басылманын маалыматына ылайык, бул күн юбилейлик болбогондуктан парадка өзгөчө чакыруулар деле жок. Бирок ага баргысы келгендер ага ээн-эркин эле келип кете алмак. Расмий Бишкек пандемияга байланыштуу парадга барбоо чечимин кабыл алган.

«Азырынча Москвага баруу планыбыз жок, пандемияга дагы байланыштуу. Песков Жеңиш Парадына КМШ президенттеринин бардыгы эле катышпайт деп билдирген», — деп маалымдаган Vesti.kgге Кыргызстандын президентинин басма сөз катчысы Галина Байтерек.

Басылма Байтерек сапарга чыгуудан баш тартууну «башка да жагдайларга» байланыштырганын, бирок кандай жагдайлар экенин түшүндүргөн эместигин дагы жазат.

Бул Москванын Кыргызстандын президенти катышпаган экинчи Жеңиш Парады болот. Улуу Ата-Мекендик согуштун 75 жылдыгына арналган иш-чара 2020-жылы коронавирус пандемиясынан улам 9-майдан 24-июнга жылдырылган.

Бирок ошол маалдагы президент Сооронбай Жээнбеков иш-чарага катышпай калган. Себеби мамлекет башчы Москвага учуп барганда президенттин делегациясындагы эки адамдан коронавирус аныкталган. №1 борт Кыргызстандын жетекчилиги жана делегациянын бардык мүчөлөрү менен биргеликте Бишкекке кайтып келишкен.