Материалдын түп нускасы Peshcom долбоорунун сайтында жарык көргөн.

Бишкектин тургуну Айбек Сатыбалдиев коммерциялык компаниялар аркылуу акча таап, шаарды жакшыртууда. Айбек Жаңгак багында 10 отургуч орнотуп, Кыш заводунун жанындагы балдар аянтчасына жарык өткөртүп, дене тарбия институтунун жанындагы аярламага пандус жасатып берди.

«Мен шаарды жакшыртууга каражат бөлүп берүүгө даяр болгон компанияларды таап, алардын берген жардамы үчүн жарнама жасатам. Мен кандайдыр бир өлчөмдөгү лайктар керек деп соцтармактарына жарыя [жарнама] жасайм», — дейт Айбек. Соцтармактарда лайктардын керектүү көлөмү чогулгандан кийин компания Айбектин максатын орундатууга керектүү болгон акчаны бөлүп берет.

Шаарды көрктөндүрүү үчүн мэрия гана жооп берет деп ойлосоңуз, сиз бир аз жаңылышасыз. Албетте, мэрия шаардын көөлөрүн, тротуарларын, арыктарды оңдоп, сейил бактарында бак-дарак отургузат. Ошентсе да, шаарда тургундар өз алдынча көрктөндүрө турган жерлер бар. Эң жөнөкөй мисал – көп батирлүү үйлөрдү алдындагы жер тилкелери.

Үйдүн алдындагы аймакта көрктөндүрүү үчүн эмне кылуу керек? Көчөнү жана балдар аянтчасын жарыктандыргыңыз келсе кайда кайрылуу керек? Бул максаттарга акчаны кайдан тапса болот? Өз шаарыбызды жакшыртуу үчүн эмне кылуу керектигин айтып беребиз.

МАБ деген эмне жана ал эмне үчүн керек?

Сизге жардам берүүчү уюмдардын бири – муниципалдык аймактык башкармалык (МАБ). Мэрия жалпы шаар үчүн, райондун акимдери – төрт райондун бирине жооп берет, ал эми МАБ бир аз жергиликтүү. Бишкекте 22 МАБ бар жана ар бири өз чек арасына ээ.

Бишкек МАБ картасы / Сүрөт: Peshcom

МАБ – жергиликтүү маселелерди чечүү үчүн шаардыктарды да тартуу максатында уюштурулган мекеме. МАБдардын толук милдеттери менен бул жерден таанышсаңыз болот.

«Сиз көйгөйлөрдү чечип же сиздин район караштуу болгон МАБда чакан долбоорду ишке ашыргыңыз кесе, ошол МАБга кайрылыңыз. МАБдын өзүнүн таасир этүүчү ыкмалары бар. Мисалы, конуштардагы активдүү МАБдар көп нерселерди жасайт: электр жарыгын, газ, суу өткөрүп берет», — дейт "Шаардык демилгелер" фондунун байкоочу кеңешинин мүчөсү Ажар Байсалова. Ал 2015-2018-жылдары Бишкек мэриясына караштуу Өнүктүрүү агенттигинин жарандык демилгелер бөлүмүндө иштеп келген.

МАБга тикелей же кварталдык аркылуу же турак жай ээлеринин шериктигинин (ТЭШ) төрагасы аркылуу кайрылса болот, аларды негизинен үй башы ден коюшат. МАБ көйгөйдү өз алдынча же шаардыктардын кызыкчылыгын акимиат жана мэрияда көрсөтүп, чече алат.

Кварталдыктар эмне кылат?

Кварталдык комитеттер жеке сектордо же конуштарда уюштурулат. Алар шаардыктардын кызыкчылыктарын коргойт. Кварталдагы баардык өзгөрүүлөр ошол комитеттер менен макулдашылып турушу керек. Алардын милдеттери менен бул жободон таанышса болот.

Жакшы кварталдык – аны шайлаган тургундарынын кызыкдар жана активдүүлүгүнө баш ийген чоң ийгилик.

Рано Ташматова Свердлов районундагы №20 МАБдын кварталдыгы болуп 7 жылдан ашуун иштейт. Ошол убакыттын ичинде ал тургундар менен кварталдагы көп өзгөртүүлөрдү жасады: ал жерде көчөгө электр жарыгы өткөрүлүп, жол жасап жатканда кыйылган бак-дарактардын ордуна жаңысын отургузуп, балдар аянтчасын курдуруп берди (бирок, аны да жол оңдоп жатканда бузуп кетишти, - ред. эскертүүсү).

Орозбеков көчөсүндөгү жаңы дарактар жана электр жарыгы / Сүрөт: Peshcom

«Өз ишиңди тургундарды сүйүп, көйгөйлөрдү түшүнүп, кварталды өзгөртүүгө умтулуу керек. Тийешелүү кызматтардын босогосун аттап, жөө жүрүп, демилгени өз колуңа алууга туура келет», — дейт Рано.

Анын кварталынын тургундары дагы бир жетишкендиги менен сыймыктанат. 2018 жылы мэрия Орозбеков көчөсүн кеңейтип Чоң Чүй каналына көпүрө курду. Ошондон кийин Баялинов көчөсүнүн кесилишинде жол кырсыктары көбөйдү, себеби ал жерге светофор орнотулган эмес. Көпүрө ачылганына эки ай өтпөй ал жерде 40тан ашуун жол кырсыгы катталды.

Жол кесилишиндеги жол кырсыгы/ Сүрөт: Kloop

Жергиликтүү тургундан кварталдыгына күн сайын жол кырсыктары тууралуу айтып, светофор орнотууну суранышты. Рано мэрия, жол кайгуул кызматы жана Курулуш башкармалыгына кайрылуунун алдында тургундардын колдорун чогултту. Биринчи кайрылуулары кабыл алынган жок. Ошентсе да, тургундар кайрылууларын биринин артынан бирин жаза берди.

Натыйжада жол кесилишине светофор орнотулду. «Балким бул иште менин да салымым бардыр, бирок бул негизинен тургундардын иши, мен алардын кайдыгер болбогонуна ыраазычылык билдирем», — дейт Рано.

Көп батирлүү үйдө жашасамчы?

Көп батирлүү үйлөрдүн тургундары да МАБга кайрылса болот, бирок муниципалдык аймакка тийешелүү сунушу болсо гана.

Көп батирлүү үйдүн өзү жана анын жанындагы аймак — тургундардын жеке менчиги.

Иллюстрация: Донця-2а iнiцiатива ОСББ

Өлкөнүн Турак жай кодекси көп батирлүү үйлөрдү башкаруунун бир нече түрүн жазып чыккан. Көп тараганы — турак жай ээлеринин шериктиги (ТЭШ) же башкаруучу компанияны тартуу.

«Шаарда 3100 ашуун көп батирлүү үй бар жана алардын негизги бөлүгү, 60тай пайызы ТЭШ түзүп, 15 пайызын компаниялар башкарат. Калган бөлүгү – ээсиз тамдар, алардын тургундары үйлөрүн башкаргысы келбейт», — дейт Бишкек мэриясынын жергиликтүү өзүн өзү башкаруу бөлүмүнүн башчысы Лилия Кучкачева.

Жалпы мүлктү башкаруу үчүн биргелешкен бюджет түзүлөт – анын төлөмүн тургундар өзү белгилейт. Баардык тургундар төлөшү керек, болбосо аларды сотко бериши мүмкүн.

«Тургундар өз аймагынын ээси экенин түшүнүшү керек. Алардын менчиги үйүнүн босогосунан аттагандан кийин аяктабайт. Бир нерсе жасагысы келсе, ТЭШтин жыйындарына катышып, өз сунуштарын берсин. Тургундар үйүн кандай түскө боёп, аны жылытуу керекпи, чатырын оңдойбу, ички короосун жасалгалайбы, балдар аянтчасын курабы, өздөрү чечет», — дейт "Шаардык демилгелерден" Ажар Байсалова.

Көп батирлүү тамдарды оңдоо жана тазалыкта сактоо — жөн гана тургундардын каалоосу эмес, бул алардын тикелей милдети. ТЭШтин толук ыйгарымдары менен бул мыйзамда таанышса болот.


Бир нерсени оңдоп, куруп же көрктөндүргүңүз келсе — тургундардын жыйындарына катышуу керек, себеби ал сунуш берүү жана көйгөйлөрдү чечүү аянтчасы.


Бешинчи кичи райондогу №85 үйдүн тургундары тамдын көйгөйлөрүн чечүүгө активдүү катышат.

«ТЭШтин эсебинен биз балдар аянтчасын куруп, тосмо жасап, бастырма орнотуп, кире бериштерге отургуч койдурдук», — дейт ТЭШ өкүлү Надежда Григорьевна.

Айтымында, жыйында тургундар өз ойлорун, сунуштарын айтат. Ай сайын өтүп туруучу жыйындардан тышкары алар ар түрдү демилгелерге акча чогултушат – чатырды оңдоо, унаа токтоткуч куруу.

Таманташ менен дагы бир балдар аянтчасын бизнесчилердин эсебинен курушту, алар ТЭШ төрайымына кайрылып, коомдук долбоорун ишке ашырып берди.

«Албетте, айрым тургундар пас келет. Алар үчүн башка бирөө же мамлекет жасап берет деп ойлошот. Каржылык маселелерге да кийлигишүүгө көп көңүлдөрү жатпайт», — дейт Надежда Григорьевна.

Кварталдык же ТЭШ төрагасы начар иштесе эмне кылуу керек?

Жакшы иштеген кварталдык же ТЭШ төрагасы баардык жерде боло бербейт. Эгер алар иштегиси келбей, тургундардын көйгөйлөрүн чече албаса, бул маселени чечүүнүн бир нече жолу бар.

Биринчиси — кварталдык же ТЭШ төрагасын кайтадан шайлоо. Мыйзамга ылайык, алар эки жылга шайланып, бирок өз милдетин аткарбаса, мөөнөтүнөн мурун кайта шайлоо өткөрсө болот.

Дагы бир жолу — Бишкек мэриясынын жергиликтүү өзүн өзү башкаруу бөлүмүнө кайрылуу.

«Жарандар бизге ТЭШ, кварталдыктардын ишмердүүлүгү, МАБ ишмердүүлүгү боюнча кайрыла алат — алардын аракетине же аракетсиздигине нааразычылык болсо, даттана алат. Биз кеңеш беребиз, кварталдыктарды жана төрагаларды сүйлөшүүгө чакырабыз. Айрым учурларда биз жыйындарга катышабыз», — дейт мэриянын кызматкери Лилия Кучкачева.

Көп кездешүүчү көйгөйлөрдүн бири — кайта шайлоодогу кыйынчылыктар. «Айрымдары көнүп калган, 10 жылдап ордун ээлеп отура берет, кеткиси келбейт. Бир окуя болду, биз шайлоо кутусун орнотуп, тилкелик кызматкерлерди чакырып, бюллетень жасадык. Эл келип, добуш бере баштады. Биз добуштарды эсептеп, чечим чыгардык», — дейт Лилия Кучкачева.

Мэрия турак жай ээлеринин шериктигине кийлигише албайт, себеби үйдүн аймагы жеке менчик, ал эми ТЭШ – юридикалык жак.

Бирок Бузуулар кодексинде ТЭШке айып пул салууга жол берүүчү бир нече берене бар. Мисалы, кирмелерде санитардык талаптардын аткарылбашы же үй алдындагы жерди көрктөндүрүү эрежелерин бузуу. Тургундар жалпы мүлктү кароодон баш тарткан учурда да айып салынышы мүмкүн.

Акчаны кайдан алса болот?

Шаардагы көйгөйлөр үчүн шаар бийлиги жооп берсе, алар бюджеттик каражаттан пайдаланат. Ал эми тургундар өз демилгелерине акчаны кайдан алат?

Анын бир нече жолу бар: өз эсебинен жасоо, мэрияга же акимиатка өз демилгеңди жеткирүү, же кызыктыруучу үлүштүк гранттан (КҮГ) пайдалануу.


Кызыктыруучу үлүштүк грант — шаардын өнүгүүсүнө анын бюджетинен бөлүнүүчү бекер каражат.

Мындай гранттын максаты — көрктөндүрүү, тургундардын көйгөйлөрүн чечүү, алардын демилгелерин колдоо жана маселелерди чечүүгө тартуу.


Гранттын негизги өзгөчөлүгү — анын жардамы менен долбоордун жарымын гана төлөсө болот. Экинчи бөлүгүн тургундар өз эсебинен же донорлордун эсебинен — депутаттар, ишкерлер, эл аралык уюмдардын жардамы менен жабат.

Кызыктыруучу гранттар оңдоо иштерин жүргүзүп, жер тилкесин көрктөндүрүп, же бир нерсе курууга жардам берет. Мисалы, грантты көп кабаттуу тамдын чатырын оңдоого, конушта инженердик тармактарын өткөрүүгө, жол жана балдар аянтчасын курууга алса болот.

«Грантты каалаган нерселерге жумшаса болот. Негизгиси акча жана тургундарды чогултуу. Бул өтө көрсөткүчтүү. Тургундар өз акчасын берип жатып, сапатты талап кылат, алар жасала турган нерсеге добуш берип, таасирлүү келет», — дейт Ажар Байсалова.

Адатта, ТЭШтин жигердүү төрагалары жана кварталдыктар тургундар менен эмне керек экенин кеңешип, КҮГө табыштама беришет.

Мисалы Махатма Ганди менен Баялинов көчөлөрүнүн кесилишиндеги №168 эки кабаттуу үйдүн курулганына 50 жылдан ашты.

«Чатыры тешилип, пайдубалы урай баштаган. Биринчи кабаттагыларды ным басып, экинчи кабаттагылардын чатыры күбүлүп түшкөн. Биз кеңешип, адистер менен сүйлөшүп, чатырды оңдоону чечтик», — дейт ТЭШ төрайымы Нина Ивановна.

КҮГ жардамы менен оңдолгон №168 үйдүн жаңы чатыры / Сүрөт: Peshcom

Үйдө 16 батир бар, 30га жакын адам жашайт, алардын көбү — пенсионерлер. Чатырды өз эсебинен оңдотууга алардын кудурети жетмек эмес.

«Чатырды оңдотууга канча акча кетээрин мен билбейм. Грант алалы деп, жүгүрө баштадым. Мен [шаарды өнүктүрүү агенттигине] келдим, документтердин баарын камдап алгам. Мага кезек келгенде: "Силердин чатырды оңдош үчүн 500 миң сом керек" дешти. Мен ыйлап жибердим», — дейт Нина Ивановна. Ал убакта ТЭШ бюджетинде 45 миң гана сом бар эле, тургундар дагы 200 миң чогултушу керек эле. Калган акчасын муниципалитет бермек.

Такай мэрияга, акимиатка, депутаттарга барып отурганын төрайым көп эстейт. «Мен келип, анда үйдү түрттүрүп салгыла, же жардам бергиле, дедим. Биз ал 200 мин сомду 10 жыл чогултмакпыз».

Он чактыдай кат жазылып, алгач жардам бергиси келбеген шаар аткаминерлери менен жолугушуулардан кийин, шаардык кеңештин бир нече 100 миң сомдон бөлүп берди. «Тендер өтүп, куруучулар жалданды. ТЭШтин эсебине акча которулду. Чатырды бир ай жасашты. Баар жакшы бүттү», — дейт Нина Ивановна.

2019-жылы ал экинчи жолу гранттан пайдаланды. Тургундар кире беришти оңдоону чечишти. Бул жолу баары тез өттү. Азыр тургундар гранттын жардамы менен үйдүн сыртын оңдоого акча чогултуп жатышат.

Мурда КҮГду мэриядан беришчү. Эми табыштаманы акимиатка берүү керек. Грантты берүү чечимин бишкектик шаар кеңешинин өкүлдөрү, райондук акимиат жана МАБ адистеринен турган атайын комиссия чыгарат.

Жыл сайын мэрия грант берилүүчү негизги багыттардын тизмесин жарыялайт. Мисалы, 2021-жылы негизги багыттардын бири — мектептерди оңдоо. Мындан тышкары негизги багыттардан болуп жаңы конуштарды өнүктүрүү белгиленген. Шаардын ар бир районуна КҮГө беш миллиондон сом бөлүнөт. Табыштамаларды юридикалык жактар гана бере алат — ТЭШ жана МЭБ аркылуу кварталдык комитеттер.


Кызыктыруучу үлүштүк грантка табыштама берүү үчүн төмөнкү документтерди чогултуу керек: долбоордун так сүрөттөлүшү, анын баштапкы баасын эсептеп чыгуу, долбоордун жарым акчасын төлөй алуу кудуретин далилдөөчү документтер. Толук процедура тууралуу КҮГ жөнүндө токтомдон же шаар акимиатынан билсе болот.


Баса, өз шаарыңызда же айылыңызда кандайдыр бир өзгөрүүлөрдү жасасаңыз, ал жөнүндө айтып берип, акча утуп алсаңыз болот.

Ал үчүн өз тажрыйбаңыз менен «МЭБдин мыкты тажрыйбасы» электрондук порталына жазыңыз. Мыкты долбоорун ишке ашырган жарандар 25 миң сом утуп алса болот, ал эми мэрия, МЭБ же айыл өкмөтү — 150 миң сомго чейин алса болот. Бул сынак айыл же шаар тургундары жашаган жерин жакшыртууга кызыкдар болуусу үчүн өткөрүлөт.

Мындан тышкары сиз жергиликтүү өзүн өзү башкаруу адисине суроо берип, гранттык долбоорлор же тренингдер тууралуу маалымат алым, ал жакка табыштама калтырсаңыз болот.

Жардам сурап дагы кимге кайрылса болот?

Биринчи кезекте Бишкек шаардык кеңешинин (БШК) депутаттары менен иштесе болот. Жергиликтүү кеңеш депутаттарынын милдеттери жана укуктарынын чоң тизмеси бар, ал жөнүндө көпчүлүк шаардыктардын кабары жок.

Жергиликтүү кеңеш депутаттарынын ыйгарымдары менен бул мыйзамдан тааныша аласыз.

Шаардык бийлик жана мэрия депутаттардын алдында отчет берет, ал эми депутаттар тургундар алдында отчет берүүгө, алар менен такай байланышта болуп, сунуштарды кабыл алууга милдеттүү. Депутаттардын отурумдары ачык болуп, ар бир киши ага катыша алгыдай болушу керек.

«Шайлоого барып, сен билип, тааныган партия үчүн добуш берип, депутаттардын тизмеси менен таанышуу керек. Алардын үстүнө кирип, кайрылуу керек. Аларга кайрылуу үчүн атайын ачык күндөр бар. Шаардыктар депутаттардан талап кылса, жагдай өзгөрөт. Алардын берген убадаларына көзөмөл жүргүзүп, ЖМК да тартуу керек. Канчалык көп тургундар суранып, талап кылса, суранычыңар ошончолук аткарылат», — дейт Ажар Байсалова.


Арыз жана сунуштар менен 1840 номуруна телефон чалып же шаардыктардын көйгөйүн чечүүгө милдеттүү болгон район акими же вице-мэр менен жолугушууга жазылса болот. Мындан тышкары коомдук угууларга да катышса болот — алар тууралуу мэриянын сайтында жазылган.


Беймөкмөт жана эл аралык уюмдар да көрктөндүрүүдө жардам бере алат.

«Шаардык демилгелер» коомдук фонду «Бакай-Ата» конушунун тургундары менен коомдук аймакты түзүшүүдө. Тургундар өз демилгелерин Майнкрафт оюнунда түзүштү.

«Талкуунун эң кичинекей катышуучусу 8 жашта, эң улуусу – 40 жашта. Алар биз баштапкы иликтөөдө тандап алган жаңы конушка негизги кире бериш, балдар аянтчасы, мектептин аймагы жана борбордук сейил багы үчүн өз демилгелерин иштеп чыгышты», — дейт долбоордун менеджери Сайра Турдумамбетова.

«Бакай-Атанын» тургундары коомдук аймагын Майнкрафт оюнундай долбоор түзүүдө / Сүрөт: Шаардык демилгелер

Андан кийин долбоор катышуучулары үчүн жергиликтүү тургундар, ар түрдүү серепчилер, мэрия өкүлдөрү жана кайгуул кызматкерлери добуш берди. Натыйжана мектептин аймагы утуп чыгып, эми "Шаардык демилгелер" БУУ грантына стадион куруп бермекчи.

Караколдун шаардык жигерчилери дарыянын жээгин көрктөндүрүштү. Алар Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттигинин (USAID) сынагынан жеңип чыгып, ошол каражатты пайдаланышты.

«Мурун ал жер бош турчу. Сейилдөөчү жер да, балдар аянтчасы да жок эле. Анан суунун жээгинде эс алуу аймагын жасоо ою пайда болду. Туристтерди ал жерге тартууну да ойлодук», — дейт жигерчи Рахат Жамалова.

Эми суунун жээгиндеги бош жерде «Ривер парк» ачылды — ал караколдуктар менен келген туристтердин сейилдөөчү сүйкүмдүү жери болуп калды.

Сейил багын курууну макулдашуу жана уруксат берүүчү документтерин даярдоо үчүн караколдук жигерчилер эки жыл чуркашты. «Башташ керек, талап кылып, түшүндүрүш керек. Эл канчалык көп колдосо, демилгең ошончолук ийгиликтүү болуп, колдоо алат. Талыкпай мэрияга барыш керек, себеби бюрократия бут тосот, үмүтүңдү өчүрбөстөн, талап кылып, жетишиң керек», — деп кеңешин берди Рахат.

Редакторлору: Рада Валентина кызы, Анна Капушенко

Автору: Алексей Журавлев
Котормочу: Асель Джоокаева