Жогорку Кеңеш 6-майдагы жыйынында корпоративдик башкаруу жаатындагы айрым мыйзам актыларына — «Акционердик коомдор жөнүндөгү» мыйзамга жана Жазык кодексине — түзөтүү киргизүүнү үч окууда дароо кабыл алды.

Аталган мыйзам долбоор өкмөткө коомдун административдик-чарбалык иш-аракетине аралашууга мүмкүнчүлүк берет — эгерде ал тургундардын жашоосуна, ден соолугуна жана экологияга реалдуу коркунуч жаратып жатса, жана концессионер* коркунучту жоюу боюнча тийиштүү талаптарды аткарбай жатса.

Мындай жол менен документте компаниянын финансылык, уюштуруучулук-административдик, кадрдык жана башка чечимдерин убактылуу сырттан мамлекеттик башкаруу мүмкүнчүлүгү каралган.

*Концессия — мамлекеттин менчигинде турган объектилерди инвестордун каражатынын эсебинен түзүү же реконструкциялоо жөнүндө келишимдин бир түрү. Ага ылайык, инвестор объектини иштетип, түшкөн кирешени өзүнө алат. Бирок белгилүү мөөнөттөн кийин кайтарып берет.

Концессиондук макулдашуу — мамлекеттик жана жеке өнөктөштүктүн формасы, эки тараптуу ыңгайлуу шартта жеке секторду мамлекеттик менчикти башкарууга аралаштыруу.

Мыйзам долбоорун депутаттар Акылбек Жапаров менен Бактыбек Турусбеков демилгелеген.

Депутат Акылбек Жапаров
Депутат Бактыбек Турусбеков

Аталган мыйзамды каттоодон өткөн 100 депутаттын 98и колдоп, экөө каршы добуш берген.

Башында мыйзам долбоору күн тартибине киргизилген эмес, бирок депутат Жапаров Кумтөр** боюнча мамлекеттик комиссиянын атынан парламенттин спикери Талант Мамытовдон аталган мыйзам долбоорун күн тартибине кошууну суранган.

«Акционердик коомдор жөнүндөгү мыйзамга жана Жазык кодексине кошумчаларды жана өзгөртүүлөрдү киргизүүнү бүгүн үчүнчү окууда кабыл алууну суранабыз. Биздин экономика жана фискалдык саясат боюнча комитетте сурамжылоо жолу менен бүттүк. Биз Гүлшат Кадыровна менен биргеликте бир жолу карап чыктык. Кудай буюрса ЖКнын 6 фракциясы колдоду. Күн тартибине киргизүүнү жана добушка коюуну суранабыз», — деп кайрылды Жапаров.

**2021-жылдын февраль айында «Республика — Ата-Журт» фракциясынын демилгеси менен Кумтөрдү текшерүү боюнча депутаттык комиссия түзүлгөн. Комиссиянын жетекчиси катары Акылбек Жапаров дайындалган.

Март айынын башында Centerra Gold Inc тарабынан башкарылган «Кумтор Голд Компани» ишканасы депутаттык комиссиянын жана башка мамлекеттик органдардын текшерүүсү ишкананын жумушуна тоскоолдук жаратып жатканын билдирген. Ишкананын кайрылуусунда, «Кумтөрдүн» ишин текшерген мамлекеттик комиссиянын төрагасы Акылбек Жапаров «Кумтор Голд Компани» ишканасынын жетекчилигинен комиссиянын мүчөлөрүнө убактылуу офис, уюштуруу техника жана бардык документтерге чектөөсүз жол берүүнү суранып жатканын айтышкан.

Ошондой эле, кайрылууда Жогоку Кеңештин дагы төрт ай гана иштөө убактысы калгандыктан анын комиссия түзүүгө ыйгарым укугу жок экени айтылган. Мындан тышкары компания, парламент «мамлекеттин жашоосу үчүн маанилүү техникалык функцияларды» гана аткара алат деп эсептейт.

«Бүгүнкү күнү компаниялар өздөрүнүн негизги ишин таштап коюп мамлекеттик органдардын сурамдарына жана текшерүүлөрүнө жооп берип гана отурушу керектей таасир калтырат. Мындай учурда өнүгүү тууралуу сөз кылуунун кажети жок», — деп айтылат уюмдун билдирүүсүндө.

Бул «Кумтөрдүн» ишин текшерүү боюнча Жогорку Кеңеш тарабынан түзүлгөн биринчи комиссия эмес. Президент Курманбек Бакиев тактан кулагандан кийин эл өкүлдөрү 2012-2013-жылдары компаниянын ишин текшерүү боюнча депутаттык жана мамлекеттик комиссияларды түзүшкөн. Ал комиссияны азыркы президент Садыр Жапаров жетектеген.

Текшерүүдөн кийин комиссия 2009-жылы Бакиевдин маалында кол коюлган келишим «мамлекеттин кызыкчылыктарына туура келбей турганын» жана аны кайрадан карап чыгуу керек деген чечим чыгарган. Кыргызстандын өкмөтү менен Centerra Gold Inc компаниясынын ортосундагы көп убакытка созулган сүйлөшүүлөрдөн кийин 2017-жылы стратегиялык келишимге кол коюлган. Анда ишкана айлана-чөйрөнү коргоо үчүн төлөмдөрдү көбөйтүүгө макул болгон.

Сүйлөшүүлөр кандай жүргөн?

Депутат Акылбек Жапаров мыйзам долбоору парламентте талкуулап жатканда, аталган документ концессиондук келишимдин негизинде иштеген кен казуучу компанияларга гана тиешелүү экенин билдирген.

«Концессиондук ишканалар жана концессиялар жөнүндөгү мыйзамга ылайык, эгер компания өз ишмердүүлүгүндө адамдын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч жаратса же чоң зыян тийгизсе, анда ал ишканага үч ай убактылуу сырттан башкарууну киргизүүгө мүмкүнчүлүк бар. Бирок мындай башкаруу ким тарабынан жана кантип жүргүзүлөөрү мыйзамда жазылган эмес. Биз сырттан башкаруучу жетекчини министрлер кабинети аныктагыдай кылып белгилеп алууну сунуштайбыз, ошондой эле эгер ишкана сырткы башкарууга тоскоолдук жаратса 5-7 жылга чейин жаза киргизебиз», — деди депутат.

Ал Кыргызстанда бир гана ушундай компания бар экенин белгиледи. Депутат Дастан Бекешев аталган мыйзам долбоор «Кумтөргө» тиешелүүбү деп сурады.

«Мен атайын атабай жатам. Эгер сиз атагыңыз келсе, айта бериңиз», — деп жооп берди Жапаров.

Өз кезегинде Бекешев акционердик коомдор жөнүндөгү мыйзамга тийбестен, башка, атайын мыйзам чыгарышса жакшы болмоктугун айтты. Жапаров бул башка компанияларга таасир этпейт деп жооп берди. Себеби мыйзам долбоорунун 3-беренесинде «мыйзамда каралган өзгөрүүлөр өзүнүн кен байлыктарды колдонуу укугун концессиондук ишканалар жана концессиялар жөнүндөгү мыйзамга ылайык жүзөгө ашырган акционердик коомдорго тиешелүү» деп жазылган.

Депутат Бекешев, эгерде Кыргызстанды дүйнөлүк деңгээлде баскынчы деп аташса анын терс таасири тийип калбайбы деп сурады.

Жапаров буга дүйнө коомчулугу кандай реакция кыларын билбей турганын айтты.

«Биз эл аралык деңгээлде кандай реакция болоорун билбейбиз. Бирок биз өзүбүздүн мыйзамга ылайык мыйзамдарды кабыл алабыз жана жүзөгө ашырууга толук мүмкүнчүлүгүбүз бар», — деди ал.

Депутат азыр сотто «Кумтөргө» карата 3 млрд 200 млн долларды түзгөн экологиялык доо каралып жатканын белгиледи. Анын айтымында кен иштеп баштагандан бери 19 адам каза тапкан, бирок акчалай кенемте төлөнгөндөн кийин иштер жабылган. Анткен менен азыр айрым иштер кайрадан каралып баштады.

Бекешев мамлекет тараптан сырткы башкаруучуну ким, кандай критерийлер менен тандайт деген суроо берген. Жапаров мыйзам боюнча аларды министрлер кабинети дайындайт деп жооп берген. Анын айтымында, өкмөт жобону жана критерийлерди бекитүү укугун өзүнө алат.

Бекешев талапкерлердин финансы жана юридикалык багытта билими болууга тийиш деген критерийди кошуп койсо жакшы болорун айтты.

«Мындай ири компанияларды башкарууга дарамети жете турган адамдар аз экенин өзүңөр деле билесиңер. Тажрыйбасы барбы, эл аралык деңгээлдеги адистиги кандай экени так жазылып турат. Сырткы башкаруучуга, эл аралык деңгээлден кем эмес талаптар болот», — деп жооп кайтарган Жапаров.

Мыйзам долбоору эмнени түшүндүрөт?

Мыйзам долбооруна ылайык, учурдагы акционердик коомдор жөнүндөгү мыйзам дагы бир берене менен толукталат. Анда эгерде компания кеңдерди коргоо талаптарын, мыйзамда бекитилген экологиялык жана өндүрүштүк коопсуздук нормаларын бузса, же иштин таасир этүүчү аймагында жашаган адамдардын өмүрүнө коркунуч туудурса, ошол эле маалда келтирилген зыянды жоюу боюнча эч кандай чара көрбөсө, анда «коомду башкаруу органдарынын ыйгарым укуктары жер казынасын пайдалануу укугу токтотулган мезгилге чейин токтотулат деп жазылган».

Мындай учурда компанияны башкаруу органдарына адамдардын ден соолугуна жана өмүрүнө келген коркунучту жоюудан башка, административдик-чарбалык жана финансылык ишмердүүлүк боюнча чечимдерди кабыл алууга тыюу салынат.

«Коомдун экономикалык ишмердигин улантууну камсыз кылуу максатында, Министрлер кабинети тарабынан жер казынасын пайдалануу укугун токтотуп туруу жөнүндөгү чечимдин колдонуу мөөнөтүнө убактылуу сырткы башкаруу киргизилет», — деп жазылган мыйзам долбоорунда.

Убактылуу сырткы башкаруучуну министрлер кабинетинин башчысы дайындайт, ал жеке же юридикалык тарап деле болушу мүмкүн. Сырткы башкаруучуга компаниянын аткаруу органынын ыйгарымдары берилет жана ал «тейлөөчү банктын юрисдикциясына карабастан» анын бардык банктык эсептерин башкара алат.

Ошол эле учурда, документте убактылуу сырткы башкаруу мезгилинде орто жана төмөнкү тепкичтеги кызматкерлердин эмгек акысы өз убагында берилиши керек деп белгиленген. Убактылуу сырткы башкаруучу кызматкерлерге эмгек акы төлөө үчүн коомдун финансылык каражаттарын бул максаттарда тескөөгө укуктуу, ал эми реалдуу башкаруу органдары буга тоскоолдук жаратпашы керек.

«Коомду убактылуу сырткы башкаруу мезгилинде акционерлердин жалпы чогулушу жана директорлор кеңеши тикелей нускамаларды, буйруктарды жана өтүнүчтөр же сунуштамалар түрүндөгү башка көрсөтмөлөрдү убактылуу сырткы башкаруучуга берүү жолу менен, коомду учурдук башкаруу ишине кийлигишүүгө укуксуз болот», — деп жазылган мыйзам долбоорунда.

Бул мыйзам долбоору бузулган учурда аны бузган адам III категориядагы эркиндигинен ажыратуу чарасы менен жазаланат — беш жылдан жети жарым жылга чейин кесилет.

Мыйзам долбоорунун маалымкат-негиздемесинде документ «экологиялык жана өнөр жай коопсуздугун, адамдардын өмүрүнө жана саламаттыгына кооптуу таасир көрсөтүүчү аймактарда иштеп жаткан жана жашап жаткан адамдардын өмүрүн жана саламаттыгын коргоону камсыз кылуу» максатында иштелип чыкканы айтылат.

«Айрым жоопкерчиликсиз компаниялардын жер казынасын коргоо, экологиялык жана өнөр жайлык коопсуздук чөйрөсүндөгү талаптарды такай бузган учурлары бар, бул болсо адамдардын өмүрүнө жана саламаттыгына кооптуулук жаратууда. Мыйзамдардын талаптарына карата жоопкерчиликсиз мамиле жасоо экологияга жана калктын саламаттыгына залал келтирип жатат», — деп жазылган документте.

Демилгечилер бузууларды жоюу үчүн компанияга таасир этүүнүн мындан башка механизмдери жетиштүү даражада натыйжалуу болбой жатканын белгилешет. Ошондуктан жер казынасын пайдалануу укуктарын токтотуп туруу мезгилине сырткы башкарууну киргизүү ал келип чыккан коркунучту жоёт дегендин кепилдиги болуп берет.

Маалымкат-негиздемеде жазылгандай, жер казынасы тууралуу мыйзамда мамлекет тарабынан жер казынасын пайдаланууну 3 айга чейинки мөөнөткө токтотуп туруу мүмкүндүгү каралган.

1) жер казынасын коргоонун, экологиялык жана өнөр жай коопсуздугунун талаптары бузулганда жана бул жер казынасын пайдаланууга байланышкан жумуштардын таасир этүү зонасында иштеген жана жашаган адамдардын өмүрүнө же ден соолугуна коркунуч жаратканда;

2) геологиялык, тоо-кен жумуштарынын аткарылышы жана пайдалуу кендердин запастарынын кыймылы жөнүндө отчетторду белгиленген мөөнөттө бербегенде же отчёттордо туура эмес маалыматтар камтылса;

4) жер тилкесин рекультивациялоо үчүн каражаттарды топтоо боюнча талаптар аткарылбаганда;

5) бонусту жана лицензиялык төлөмдөрдү төлөө мөөнөттөрүн бузганда;

6) жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга белгиленген мөөнөттө лицензиаттын (юридикалык жактын) катышуучуларынын алмашылгандыгы жөнүндө билдирбөө, эгерде мындай алмаштыруу салык мыйзамдарына ылайык бонус төлөөгө алып келсе.

Ошондой эле, документте өкмөт эки айлык мөөнөттө мыйзам келип чыгуучу чараларды көрүшү керек деп жазылган.

«Өкмөт өзүнүн актысы менен жер казынасын пайдалануу укугу токтогондон кийин убактылуу сырткы башкарууну киргизүүнүн тартибин аныкташы керек жана өзүнүн ченемдик-укуктук актыларын сунушталып жаткан мыйзам долбооруна ылайыкташы зарыл», — деп жазылган маалымкат-негиздемеде.

Демилгечилер коомдук талкуунун жыйынтыгы менен мыйзам долбооруна карата эскертүүлөр жана сунуштар келбегенин кошумчалады.

Алардын маалыматына ылайык, долбоор жергиликтүү мыйзамдарга, Кыргызстан катышуучусу болуп эсептелген эл аралык келишимдерге карама-каршы келбейт. Мындан тышкары, аны кабыл алуу бюджеттен кошумча каражаттарды талап кылбайт.

Centerra Gold кандай реакция кылды?

Канадалык Centerra Gold*** компаниясы парламентте кабыл алынган мыйзам долбооруна жооп катары 8-майда өзүнүн билдирүүсүн жарыялады.

Ишкана жагдай менен тааныш экендигин түшүндүрүп жана ага «2009-жылы кайра каралып чыккан Кумтөр боюнча келишимди бузууга аракеттенген Кыргызстандагы башка мыйзам долбоорлору жана токтомдору дагы белгилүү» экенин айткан. Бирок ал мыйзам долбоорлору кайсыл стадияда экени компанияга белгисиз.

Билдирүүгө ылайык, стратегиялык келишим Centerra Gold жана «Кумтор Голд Компани» ишканасын учурдагы жөнгө салынбаган бардык дооматтардан бошотуу, анын ичинде мөңгүдө өндүрүш калдыктарын сактоодон улам айлана-чөйрөгө келтирилген чыгымдын ордун толтуруу каралган.

Мындан тышкары, Centerra Gold ишканасы Мамлекеттик салык кызматынын 2015-2020-жылдары өткөргөн салыктык текшерүүлөрүнүн жыйынтыгын алган. Алдын ала маалыматка караганда «Кумтор Голд Компани» ишканасынан дивиденддерди, эмгек акылардан чегерүүлөрдү жана социалдык камсыздандыруу төгүмдөрүн кармап калуу үчүн муруңку салык төлөө менен бирдей негизде эле, кошумча $170 млн төлөөгө милдеттендирген.

Ишкана билдиргендей, аларга аудиттин акыркы жыйынтыгында көрсөтүлгөн сумма мурда жарыяланган сумма менен туура келеби же жокпу белгисиз.

«Кумтор Голд Компанинин» билдирүүсүндө компания мыйзамдарды жана макулдашууларды так аткарары белгиленген. Кумтөрдүн экологиялык көрсөткүчү эл аралык стандарттарга туура келет жана көп жолку аудиттен өткөн. Анын ичинде Кыргызстандын өкмөтүнүн жеке консультанты тарабынан жүргөн аудит дагы бар.

«Компания Кумтөр кенин иштеткен дээрлик 30 жыл аралыгында Кыргызстан бийлиги менен жакын жана конструктивдүү диалогдон жакшы жыйынтык ала алды. Centerra мурдагыдай эле 2009-жылы кайрадан каралган долбоорлук макулдашууларга ылайык кызматташууга ниеттенет. Анда бардык талаш-тартыштар зарыл болсо, эл аралык арбитраждык сот аркылуу чечүү каралган», — деп баса компаниядан белгилешти.

Centerra Gold билдиргендей, мамлекеттик төлөмдөр боюнча учурдагы же алдыдагы юридикалык талаптар, Кумтөр кенине мыйзамдарды колдонуу жана башка дооматтар ишканага таасир этпестен чечилерине кепилдик жок.

*** Кумтөр — Кыргызстандагы эң ири алтын кени, анын аянты 26,3 миң гектарды түзөт. Кенди 1992-жылдан бери канадалык Centerra Gold Inc. компаниясы иштетип келет. Кыргызстан бул компаниянын 26% үлүшүнө ээлик кылат. Компаниянын айланасында болуп жаткан акыркы окуялардан улам алардын акциялары 30%га арзандап кеткен.

Коомчулук менен бизнестин реакциясы

Эл аралык ишкерлер кеңеши* (ЭИК) 7-майда парламентте ушул мыйзамдын кабыл алынышы боюнча билдирүү тараткан. Анда документ «белгилүү бир жагдайда өкмөткө белгилүү бир субъекттин ишмердүүлүгүн толугу менен көзөмөлдөөгө жол берет» деп белгиленген.

Ишкерлер кеңешинен баса белгилешкендей, мыйзам долбоордун негизинде кирген өзгөрүүлөр кен иштетүү укугун концессиондук келишимдин негизинде ишке ашырган акционердик коомдорго тиешелүү. Мындай шартта Кыргызстанда бир гана ишкана иштейт — ал «Кумтөр Голд Компани».

«Мыйзам долбоорунун текстин ЖМКдан окугандан кийин биз абдан таң калдык жана муну узак мөөнөткө созула турган терс натыйжаларга алып келчүү мыйзамсыз өзүм билемдик катары кабыл алдык. Бул нерсе жер казынасын иштешиндеги үзгүлтүктөргө, техникалык коопсуздуктун бузулушуна, кадр саясатындагы коррупцияга, каржы агымдарына, ошондой эле миллиарддаган долларлык арбитраждык процесстерге алып келиши мүмкүн. Себеби 2009-жылдагы келишим жана башка мыйзам нормалары бузулуп жатат», — деди Эл аралык ишкерлер кеңешинин башчысы Аскар Сыдыков.

Уюмдан билдиришкендей, мамлекет үчүн стратегиялык мааниге ээ, татаал уюштурулган бийик тоолуу кенди башкарууну «ал кандай гана сапаттуу иштебесин, эч качан сырткы башкарууга ишенип бергенге болбойт».

Билдирүүгө ылайык, муруңку тажрыйба менен дүйнөлүк практика көргөзгөндөй бул нерсе «активдердин компаниядан чыгарылышына, үзгүлтүксүз жумуштун бузулушуна жана башка көп убакытка созула турган коркунучтуу натыйжаларга» алып келиши мүмкүн.

«Мыйзам долбоорунда тоо кендерин колдонуу укугунун токтотулушу жөнүндө сөз болуп жатат. Кендин жумушу токтоп калса тоо тектеринин жылышы, көчкү болушу жана башка техникалык кесепеттердин болушу мүмкүн», — деди Эл аралык ишкерлер кеңеши билдирди.

Мындан тышкары Эл аралык ишкерлер кеңеши мыйзам кабыл алынса процедуралык бузуулар болооруна көңүл бурду.

«Мыйзамдын негизги принциптерине ылайык, мыйзам белгилүү бир адамдарга багытталбашы керек жана анын белгилүү бир юридикалык жакка колдонулушуна уруксат жок. Жалпы жолунан мыйзамдын кабыл алынышында бизнес көптөгөн процедуралык бузууларга туш болду. Эгер өкмөт кааласа, кандай гана чоң мамлекеттик ири ишкана болбосун анын үстүнөн башкарууну алып коёт деген коркунучтуу прецедент түзүлүп жатат. Бул инвесторлорго бир дагы компания мамлекет менен түзүлгөн келишимдер жана мыйзам менен корголбогондугу тууралуу белги берет», — деп белгиледи Эл аралык ишкерлер кеңеши.

Парламент «ушундай талаштуу» мыйзам долбоорун талкуусуз бир нече сааттын ичинде үч окууда кабыл алганына уюм нааразычылыгын билдирди.

«Өлкө башчысы бизнес-коомчулуктун пикирин эске алып, бул мыйзамга кол койбойт деп абдан үмүттөнөбүз», — деди бизнес-ассоциациянын башчысы Сыдыков.

Ал президенттин кечээ жакында чыккан буйругунда өлкөдө 100% мамлекеттин үлүштүк катышындагы тоо-кен иштетүүчү долбоорлорду ишке киргизүү пландалганын белгилеген. Анын айтымында, «бир дагы ак ниет инвестор мындай шартка көнбөйт».

Эл аралык ишкерлер кеңешинин башчысынын ою боюнча, бир гана Кумтөрдүн айланасындагы эмес, жалпы ушул тармактын өнүгүшүнө көңүл буруу керек. Анткени бул тармактан өлкөнүн бир жылдык бюджетинин 20%сы түшөт жана мындан ары өнүгүү потенциалы жогору.

Экономика жана жалпы өлкө үчүн мыйзамдын бардык ченемдерин так аткаруу, бизнести жана инвестицияны коргоо кепилдигин түзүү, экономикалык кризистен чыгуу үчүн экономиканын субъектилерине максималдуу колдоо көрсөтүү, жумуш орундарын түзүү, дегеле өлкөдөгү социалдык-экономикалык туруктуулукту камсыздоо үчүн өтө маанилүү.

Буга чейин депутат Дастан Бекешев аталган мыйзам долбоору боюнча Твиттер баракчасына жазган. Анын айтымында, ушул мыйзамдын кабыл алынышынан улам Кыргызстан эл аралык деңгээлде баскынчы деп аталышы ыктымал.

«Капиталдын агымы башталаарын элестетип жатасыңарбы. Бул мыйзам долбоору бардык ири ишканаларга биздин мамлекеттен алысыраак туруу керектиги тууралуу белги берет», — деп жазган Бекешев.

Бекешев ошондой эле, парламентте мыйзам кабыл алуу процедуралар кандай бузулганы боюнча дагы жазган.

«Мыйзамдардын коомдук талкуусу тууралуу унутуп эле койгула. Бүгүн бир мыйзам долбоорун алып келип, Комитеттин чечимин сурамжылоо аркылуу кол койдуруп, жыйын учурунда үч окууда кабыл алышты. Аны оңдоп, өзгөртүп, түзөтүштү окшойт [...] Мыйзам долбоорун эч ким окуган жок. Мага бир вариантта беришкен, кабыл алганда башка вариантын кабыл алышты», — деп жазган ал.