Баткен: «Катар» уюму 100 миң долларга зарыл делген объект куруп берет

Баткендин Максат айылы, чек ара жаңжалында өрттөлгөн милиция бөлүмчөсү. Сүрөт: Элдияр Бакиров/Kloop

«Катар» кайрымдуулук уюмунун Кыргызстандагы филиалы Баткен облусуна 100 миң долларлык объект куруп берет. Бул тууралуу облустук администрациянын басма сөз катчысы Чолпон Бердикулова билдирди.

Бердигулова уюмдун өлкөдөгү филиалынын директору Алсамман Мохамад Хомам Ахмад Самир президенттин Баткендеги өкүлү Мамыржан Рахимов менен так эмне курулары тууралуу макулдашып жатат деп билдирди.

Ал эми уюмдан «Клоопко» «жергиликтүү бийлик эмне зарыл десе ошол объектти курабыз» деп айтышты.

Мындан сырткары уюм 11-май күнү чек арадагы куралдуу жаңжалдан жабыркаган аймактардагы 2000 үй-бүлөнү 110 тонна азык-түлүк баштыкчалары менен камсыз кылды. Ошондой эле 4200 адамга орозодо ооз ачуу үчүн тамак-аш таратты.

«Катар» кайрымдуулук уюму (Qatar Charity) 1992-жылы түзүлгөн жана Жакынкы Чыгыштагы ири кайрымдуулук уюмдардын катарына кирет. Ал 2012-2017-жылдар аралыгында жалпы эсеби 1,3 млрд доллар өлчөмүндөгү кайрымдуулук жардамын көрсөткөн.

Уюмдун дүйнө жүзүндө 30га жакын өкүлчүлүгү бар. Ал 1997-жылдан тарта Qatar БУУнун Экономикалык жана социалдык кеңешинде мүчө-байкоочу статусуна ээ.