Бул өнөктөштүк материал «Кыргыз Индиго» коомдук уюму менен биргеликте даярдалды

Ар бир адам эркин жашоого, тынч жыйындарга катышууга, өз пикирин билдирүүгө укуктуу. Ошондой эле, ар бир адамдын коопсуздугу камсыздалышы керек. Мамлекет бул укуктарды камсыздоого жана коргоого милдеттүү — кандай болгон күндө да, мыйзамда дал ушинтип жазылып турат.

Бирок кээде, мамлекет өзү укук бузууларды жактаган, зомбулукка көз жумган, сөз эркиндиги үчүн куугунтуктап, коркуткан учурлар болот. Мындай учурлар Кыргызстанда кадам сайын кездешет — эмгек шартынын начардыгын айткан врачтар суракка чакырылат, соттор зордукчуларды боштондукка чыгарат.

Биз куугунтукка кабылуу чанда боло турган эмес катардагы көрүнүшкө айланган адамдардын окуяларын топтодук. Үч киши укук коргоо органдарынын кысымы жана коркутуулары жөнүндө айтып беришти.

«Сага окшогондорду өлтүрүш керек». Трансгендер Каныкейдин окуясы

«Эркек бол, көрүп калсам колго түшөсүң», — деп Каныкейге фейсбуктагы белгисиз адамдар жазышкан. Ал трансгендер аял экенин ачык айтып, активдүү боло баштагандан тартып коркутуулар жашоосунун бир бөлүгүнө айланган.

*Трансгендер адам — бул туулгандагы жынысы менен гендердик иденттүүлүгү дал келбеген адам. Трансгендер аял, транс*аял — өзүн аял катары идентификациялаган трансгендер адам.

Анын телефонуна «өлтүрөбүз», «башыңды жулабыз», «таап алабыз» жана «Кыргызстандан кууп чыгабыз» деген билдирүүлөр келип турат. Бул смс билдирүүлөр Каныкейге тек гана өзү менен өзү болуп, Кыргызстанда жашап жана өз укуктарын коргогусу келгени үчүн келет.

«Ар кандай билдирүүлөр келет — исламда мындай жок [трансгендер адамдар] деген диний темадан башталат; улутка кайрылышат, кыргызда мага окшогондор болгон эмес дешет. Улуттун бетине чиркөө болдуң дешет», — деп билдирди Каныкей соцтүйүндөгү билдирүүлөр боюнча.

Ал өзү айткандай, интернеттеги коркутууларга «иммунитет» пайда болгон — Каныкейге социалдык түйүндөрдөн жана өзү тууралуу жазылган жаңылыктардын алдындагы билдирүүлөр аркылуу таңгак-таңгак коркутуулар келип түшөт. 2020-жылы март айында ал кезектеги коркутууга кабылган, бирок бул жолу интернеттен эмес, жеке телефонуна келип түшкөн.


Коркутуулар келген учурда билдирүүлөрдү скриншот жасап, «Интернет тармагындагы баракты карап чыгуу актысы» катары нотариуска күбөлөндүрүп алыңыз. Коркутуп телефон чалган учурда — диктофонго жаздырып, чалуулардын тизмесин чыгарып алыңыз. Мындай коркутууларды Жазык кодексинин 45-беренесине туура келет. Ага ылайык 2,5 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.


Бейтааныш адамдар анын жеке номурун таап алып, коркута баштаган — алар Каныкей өзү жана жакын адамдары гана билген жеке маалыматтарын жөнөтүшкөн.

«Биз сени билебиз, артыңдан аңдып жүрөбүз. Азыркы кылып жаткан иштериңди токтот. Биз фейсбук барагыңды бузуп кирдик», — деп жазышкан Каныкейге. Ал калчылдап фейсбук барагын текшере баштаган, бирок кире алган эмес. Артынан түшкөндөр сыр сөзүн алмаштырып, башкалар менен жазышкандарын окуп чыгышкан.

«Сага жана досторуңа килограмм нашаа ыргытып кетебиз. Камаласың», — деп жазып, андан кийин кесиптеши менен жолугушууну макулдашкан кафеге барбагын деп буйрук беришкен.

«Мен юристтен кеңеш алдым, бирок барып коркуткандардын үстүнөн арыз жазууга ниеттенген жокмун. Укук коргоо органдарына ишенбейм, башымдан өткөн. Канча жолу арыз жазып, кайрылып көрдүм, бир жолу дагы ишти карашкан эмес. Азыр андан бетер, алар ишти карай калат деп ойлобойм», — деди ал.

2017-жылы токмок жеген Каныкейди жана анын адвокаты милицияга арыз жазышкан. Бирок үч жолку арызы тең жоопсуз калган. Белгисиз адамдар аны шаар сыртына алып чыгып, канжалата уруп, баш мээси чайкалгыча токмоктошкон. Денесиндеги көк-ала тактарды, жарааттарды көрүп турса дагы, милиция кызматкерлери аны менен иштегиси келген эмес — алар Каныкей трансгендер аял экенин билишчү.

Ал бул жолу укук коргоо кызматкерлери менен таптакыр эле байланышкысы келген эмес. Андан көрө, психологго жардам сурап кайрылып, медитация жасап, таза абада, жаратылыш койнунда сейилдөөнү тандаган.


Сиз кайсыл учур болбосун милицияга кайрылып, жагдайды түшүндүрүп бере аласыз — качан коркутту, эмне деп сүйлөдү, бардык далилдерди көрсөтөсүз. Милиция кызматкерлери ишти кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине киргизүүгө милдеттүү.


Бирок бул ыкмалар кайра-кайра коркутууга кабылгандан пайда болгон тынчсыздануудан толук арылууга жардам бербейт. Каныкей телефон номерин алмаштырып, кийинки кадамдарына сак болуп калган.

«Дайыма эшикти илип алам. Мурда коркпой эле дарбазаны ачык калтырып, экинчи, үчүнчү эшикти деле жапчу эмесмин. Азыр баарын кулпулайм. Эгер ит үрсө дароо ордумдан туруп, бирөө кирип келсе эмне кылышты ойлоном. Эгерде кимдир бирөө кулпуну ачкыч менен ача баштаса кошунам, досум экенин түшүнүп турсам деле, “эгер ал эмес болсочу” деген ой келет. Эшиктен кирген досум экенин көрмөйүнчө жүрөгүм тынч албайт», — деди Каныкей абалы жөнүндө.

Шаар ичинде жүргөндө деле ушундай эле тынчсызданат — Каныкей дүрбөлөңгө түшүп, куугунтуктоодон коркуп жанына ар дайым коргонуу каражаттарын салып жүрөт.

«Башымды бийик көтөрүп жүргөнгө аракет кылам, көчөдө басканда чүнчүбөйм, анткени ошого көнгөм. Чыгынып карьерамды өнүктүрүүнү колго алсам дейм. Менин өсүү жолумдун башталышы — бул Кыргызстан. Мен бул жерде активист, Кыргызстандын жаранымын», — дейт Каныкей.

«Уялбайсыңбы». Жөө жүрүштө кармалган Айжамал

Айжамал Бектенова — феминист жана активист. Ал 8-мартта өткөн ар бир жөө жүрүшкө катышат, 2020-жылы да жөө жүрүшкө чыккан. Анда Айжамал иш-чаранын катышуучусу эле эмес, ыктыярчы да болгон.

Ал эртең менен туруп эле көтөрүңкү маанайда аянтка жөнөгөн, аны ал жакта курбулары, кесиптештери тосуп алган. Айжамал аларды «эже-сиңдилерим» деп коёт. Кыздар бири-биринин бетине жөө жүрүштүн символун тартып, шарларга жабыштырып, транспаранттарды даярдашкан.


Тынчтык митингине паспорт менен баруу керек, коомдук тартипти жана санитардык талаптарды сактоо керек. Ошондой эле башка кишилерге жолтоо болбоо зарыл.


2020-жылдын башында бир нече аял күйөөлөрүнүн токмогунан каза болушкан. Мындай гендердик зордук-зомбулукка каршы Айжамал курбулары менен эки жума бою флешмобго даярданышкан.

Жөө жүрүштүн башталышына 10 мүнөт калган, аянтта 70дей киши чогулган, калгандары дагы келип жатышкан. Айрымдары кечигишсе, кээси жүрүш учурунда кошулууну каалашкан. Бирок жүрүш башталбай жатып, калпак кийген жүзгө жакын эркектер жөө жүрүштүн катышуучуларын каптап келишкен.

«Согушка барчудай болгон эркектердин жоон тобу бизди көздөй келишти. Алардын бардыгы кара кийим кийип алышыптыр, кыйкырып, жумуртка ыргытышты. Менин колумда шариктер бар эле, бир киши аларды колумдан жулуп алып тап берди, мен качып кеткенге үлгүрдүм», — деди Айжамал.

Беттерин жаап алган эркектер кыздарды түртүп, аларга кыйкырып, жүрүштүн символдорун, плакаттарды тартып алышты. Айрым активист кыздар аларга каршылык көрсөтүп атрибуттарын коргоого аракет кылышты, айрымдары болсо коопсуз жайга качууга тырышты.

Жөө жүрүштүн катышуучуларына аянттын ар кайсы жеринен милиция кызматкерлери келишти — укук коргоо органдарынын өкүлдөрү активист кыздарга күч колдонуп, айрымдарынын колун кайрып алып кетишти. Айжамал кийин кармалгандардын бири — ал башка активист кыздар менен бирге аягына чейин турууга аракет кылды.


Эгерде сиз чогулган жерде эч кандай тартип бузбасаңыз милициянын сизди кармаганга укугу жок. Эгер тартип бузсаңыз (мисалы, мас болсоңуз, тамеки чексеңиз, түкүрсөңүз) милиционерлер ошол жерден протокол түзүп, сиздин аты-жөнүңүздү тактап, паспортуңузду текшерет.


«Бизге 60ка таяп калган аял келип кыйкыра баштады. Эки милиционер колумду кайрып, автозакка алып барды. Бизди автозакка сүйрөп киришти — айрымдары паника болду, кээси аябай тынсызданды, бир катары эмне болуп жатканын жана эмне кыларын билбей турду», — деди Айжамал.

Айжамал орундукка отурганда аны беш милиционер курчап турган, алар аны РИИБге барганга чейин шылдыңдап, күлүп барышкан. Ал колуна паспортун жана жөө жүрүштө алган транспарантты, желекти жана масканы аярлап кармап отурган. Милиционерлердин бирөө анын колундагыларды жулуп алганда, бир гана желек колунда калган.

«Уялбайсыңбы? Сен үй-бүлөңдү жана туугандарыңды уят кылып жатасың. Феминизм сени кандай жаман жолго салып жатканын атаңа чалып, үй-бүлөңө айтабыз», — деп милиционер атырылганда анын жанындагы кесиптештери шылдыңдагансып күлүп турушкан.

Айжамал алдардын шылдыңы анын денесине ылай сыяктуу жабышканын айтып берди — «аны аарчып, үйүнө кеткиси келген». Бирок ал үйүнө кеч бармак — алгач аны курбулары менен бирге Свердлов РИИБине алып барышкан. Ал жактан милиционерлердин бири Айжамалдын колундагы желекти жулуп алып, жерге ыргытып тебелеген. Айжамал бул окуяны коркунучтуу түш сыяктуу айтып берди — милиционерлер кыздарга кыйкырып, аларды жамбашка, башка чаап күлүшкөн.

Андан соң активисттерди милиция имаратынын аба кирбеген, үп залына киргизишкен — милициянын курчоосундагы 70 адам көздөрү жашка толуп, коркуп, түшүнө албай турушкан. Катышуучулардын бири өзүн жаман сезип, Айжамал башка катышуучулар менен бирге тез жардам чакырган.

«Биз келе албайбыз. Тез жардам кызматын милиция кызматкерлеринин бири чакырууга тийиш», — деп жооп беришкен трубканын ары жагынан. Айжамал телефонду укук коргоо кызматкерлерине сунган — алар шылдыңдап күлүп, далысын салып туруп алган.

Активисттер кармалганын уккан алардын жакындары дароо эле РИИБдин имаратына суу алып келишкен. Бирок активисттер суу сураганда дагы эч кандай жооп ала алышкан эмес.  Укук коргоо кызматкерлери активисттерди эмнеге кармаганын айтып бере алган эмес. Тескерисинче, силер үчүн үйүбүзгө барып 8-мартты майрамдай албай калдык деп күнөөлөшкөн. Митингдин катышуучулары РИИБде эки сааттай кармалышкан — Айжамал бул аралыкта бир дагы милиция кызматкери өзүн тааныштырбаганын эскерет.

«Алгач өзүмдү алсыз сездим. Өзүңдү кичинекей кнопка сыяктуу сезет экенсиң. Укугуңду коргоо үчүн чыксаң террористти кармагансып алып келишсе. Ал эми сага кол салган адамдар үйлөрүнө жетип, чай ичип, 8-мартты майрамдап отурушса», — дейт Айжамал.

Андан бери Айжамал митингдерге тез-тез бара баштаган. Тынчтык марштарын уюштуруп, активизм менен алектенип жүрөт. Азыр чагымчылар жана милиция кызматкерлери менен сүйлөшкөндө өзүн салыштырмалуу ишенимдүү алып жүрөт.

«Мен сени отургузам». УКМКда сурак берген Канаттын окуясы

Канат Каниметов — «Апрель» телеканалынын журналисти. Бардык журналисттер сыяктуу эле Кыргызстандагы окуяларды чагылдырат. Ал дал ушул ишмердиги үчүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине суракка чакырылган. Канатка 11-мартта чалышкан. Өзүн УКМКнын өкүлүмүн деген киши — «УКМКдан Санжар Жантаев чалып жатам» деген.


Сизди суракка телефон чалып чакырып жатса аны диктафонго жаздырып алыңыз. Анткени сиздин ар бир айткан сөзүңүз протоколго жазылат. Эгерде жакыныңыз каза болсо, олуттуу ооруга чалдыксаңыз бул тууралуу айтып, суракты кийинкиге жылдырсаңыз болот.


УКМКнын кызматкери Канатты «Белизгейт» иши боюнча даярдаган материалы боюнча чакырылып жатканын дароо айткан. Бул иш боюнча УКМКнын мурдагы башчысы Абдил Сегизбаев айыпталууда.

2016-жылы Сегизбаев УКМКны башкарып турганда оппозиционер Өмүрбек Текебаевди жана башка депутаттарды «Мегакомдун» акцияларына ээлик кылат деп айыптаган. Ал Белиз мамлекетинен алынды деген документтерди далил катары көрсөткөн, депутаттар муну «жасалма» деп аташкан.

Каниметов башка журналисттердей эле бул боюнча материал даярдаган — УКМК аны бул иш боюнча күбө катары чакырган. Каниметов ага расмий билдирүү жөнөтүүнү суранган, себеби аны юристине бермек.

«Келгенде [УКМКга] билдирүүнү берем. Үйүңө жибермек белем, эмне? Канчада келериңерди СМС менен кабарлап койгула», — деп Канатка УКМКнын кызматкери жооп берген. Телефон менен суракка келип кет деп чакырганда барбай койсо деле болот, анткени ал мыйзамсыз. Жеке колуңузга же үй-бүлөңүзгө тил каттын негизинде берилгенде гана ал суракка барууга негиз боло алат, Канат дал ошол нерсени талап кылган.

«Мен сизге телефондон айтып жатпаймынбы, кандай айырмасы бар? [...] Мен сизди телефондон деле чакыра алам, эгер маселе жок болсо. Эгер сиз бизге маселе жарата турган болсоңуз, келиңиз анда биз дагы сизге маселе жаратып баштайлы. [...] Мен дагы сизге күн алыс билдирүү жөнөтөйүн, бул сизге керекпи», — деген ал.

Канат суракка барарын сылык түрдө айтып, редакторуна чалган. Ал Канатты юрист менен байланыштырган. Ал кеңешкенден кийин эртеси күнү жактоочусу менен суракка барган.


Сиз суракты кечиримдүү себеп болсо — башка жакта болсоңуз же ооруп жатсаңыз кийинкиге жылдырсаңыз болот.


Канат УКМКнын имаратына киргенден кийин Жуматаевди кесиптештери «Киллер» деп атай турганын билген. Жантаев дароо эле Канат менен юристке маалыматты жайылтпоо жөнүндөгү документке кол койдуруп алган.

Канат юристи менен чогуу документке кол коюудан баш тарткан, мындай аракет Жантаевдин жинин келтирип, ал адвокат суракка катышпайт деп коркуткан. Басымдан улам алар документке кол коюуга аргасыз болушкан.Тергөөчүнүн берген суроолорун Канат блокнотко толук жазып алгандан кийин гана жооп берерин билдирген.


Мыйзам боюнча тергөөчүдөн суракты диктофонго же камерага тартып алууну суранса болот. Эгер алар баш тартса анда өз алдыңызча жазып алсаңыз болот, буга мыйзам тыюу салбайт жана коркутуу болгон учурда коргонууга жардам берет.


«Тергөөчүлөргө бул жакпайт. Жантаевдин аябай жини келип, мен жазып алганга укугум жок экенин айтып, блокнотту терезеден ыргытып жиберерин айтып коркутту. Анын басымынан корккон жокмун, суракты баштан аяк жазып алдым», — деди ал.

Канат суракка барардын алдында мыйзамдарды окуп, өзүнүн укуктары тууралуу «Ютубдан» видеолорду көргөн. Сурак төрт сааттай болгон, бул убакыт аралыгында тергөөчү да суроо-жоопторду протокол үчүн жазып алган.

«Эң таң калыштуусу тергөөчү так суроо бергенде так жооп берсең ага бул жакпай калышы мүмкүн. Ал кайталап сурап, өзүнө керектүүсүн гана жазып алат», — деди журналист.

Канат суракка баргандардын барына, эгер тергөөчү жоопторду туура эмес жазып алса, калемсап менен негизги нерселерди жазып алууга кеңеш берет. Ал суракка юридикалык жана моралдык жактан эбак эле даяр болгонун айтат — Кыргызстанда мындай көрүнүштөргө журналисттер көп туш болот.

Сурак анын жеке коопсуздукка болгон мамилесин өрзгөрткөн — ал ага тыюу салынган заттарды таштап кетпешине, ошондой эле үйүндө жашыруун тинтүү жүрүзбөшүнө көңүл бурат.

«Суракка чейин бул нерсеге анча деле көңүл бурчу эмесин, азыр болсо этият болуп калдым. Бул аракеттердин бардыгы мени кокутууга багытталганын билип турам. Укук коргоо органдарынын жетекчилери мындай жолдон натыйжа болборун түшүнүп турат деп ойлойм», — деди Канат.

Ал мыйзамдарды көп окуп, укук коргоо органдарына суракка барганга чейин өз укуктарыңды билип алуу керектигин айтат.

Иллюстрация: Дарья Удалова

Сүрөт: Айдай Токоева

Текст: Айзирек Иманалиева