COVID-19: Алты киши каза болду, жаңы 200 учур катталды

Республикалык штаб 14-майда өлкөдө коронавирустун 200 жаңы учуру катталганын маалымдады. Ооруну жуктургандардын арасында төрт медкызматкер бар.

Аймактар боюнча:

Бишкек шаарында — 124 (эки медкызматкер);

Чүй облусунда — 37 (бир медкызматкер);

Ысык-Көл облусунда — 15 (бир медкызматкер);

Ош облусунда — 7;

Жалал-Абад облусунда — 6;

Нарын облусунда — 5;

Талас облусунда — 5;

Ош шаарында — 1.

Ошондой эле өткөн суткада 235 бейтап айыкты. Бишкек шаарында — 166, Чүй облусунда — 45, Ош шаарында, Ош жана Жалал-Абад облустарында төрттөн, Нарын облусунда беш, Ысык-Көл жана Талас облустарында үчтөн, Баткен облусунда бир киши оорудан сакайды.

Мындан сырткары COVID-19дан Бишкек шаарында төрт, Чүй жана Ысык-Көл облустарында бирден бейтап көз жумду.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19 инфекциясын жуктургандардын саны 99 845ке жетти. Оорудан 92 953 бейтап айыгып, 1 687 киши көз жумду.

Бүгүнкү күндө 1 768 бейтап ооруканаларда дарыланып жатышат — алардын 86 өтө оор абалда. Мындан сырткары 2 427 киши үй шартында дарыланууда.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.