Коронавирустан сегиз киши каза болуп, жаңы 224 учуру катталды

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штаб 16-майда өлкөдө коронавирустун 224 жаңы учуру катталганын маалымдады. Ооруну жуктургандардын арасында жети медкызматкер бар.

Аймактар боюнча:

Бишкек шаарында — 150 (алты медкызматкер);

Чүй облусунда — 41 (бир медкызматкер);

Ысык-Көл облусунда — 18;

Нарын облусунда — 6;

Ош шаарында — 3;

Жалал-Абад облусунда — 2;

Талас облусунда — 2;

Ош облусунда — 2.

Ошондой эле өткөн суткада 300 бейтап айыкты. Бишкек шаарында — 192, Чүй облусунда — 74, Ысык-Көл облусунда он, Жалал-Абад облусунда тогуз, Нарын облусунда жети, Ош шаарында үч, Ош жана Талас облустарында экиден, Баткен облусунда бир киши оорудан сакайды.

Мындан сырткары COVID-19дан Бишкек шаарында беш, Чүй облусунда эки жана Ысык-Көл облусунда бир бейтап көз жумду.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19 инфекциясын жуктургандардын саны 100 473кө жетти. Оорудан 93 602 бейтап айыгып, 1 703 киши көз жумду.

Бүгүнкү күндө 1 733 бейтап ооруканаларда дарыланып жатышат — алардын 95и өтө оор абалда. Мындан сырткары 2 427 киши үй шартында дарыланууда.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.