Иса Өмүркүловдун уулу велосипедчен адамды сүзгөн учурда мас абалда болгон — ЖКККББ

Депутат Иса Өмүркуловдун уулу Азамат Өмүркулов 15-май күнү саат 22:30 чамасында Токтоналиев жана Масалиев (Түштүк Магистралы) көчөлөрүнүн кесилишинде велосипедчен кызды коюп кеткен. Азамат Өмүркулов мас абалында болгон. Бул тууралуу ЖКККББ билдирди.

«Жабырлануучу жөө жүргүнчүлөр тилкесинен өтүп бара жаткан. Баш мээси жабыркаган кыз кырсыктан кийин ооруканага жеткирилген. Окуядан кийин А.Өмүркулов наркологияга жеткирилип, анализдин жыйынтыгында организмде алкоголдук ичимдик бар экени тастыкталган», — деп билдиришти ЖКККББдан.

ЖКККББдан билдиришкендей, экспертиза дайындалып, автоунаа айып короого киргизилген.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, кызга амбулатордук жардам көрсөтүлгөн, бирок ооруканага баруудан баш тарткан. Бишкек ШИИБинен 24.kg басылмасына жабырлануучу арыз жазуудан баш тартканын айтышкан.

«Жол кырсыгы КЖБРге “Жол кыймылынын коопсуздук эрежесин жана автомототранспорттук каражаттарды эксплуатациялоонун эрежесин бузуу” беренеси боюнча катталды. Жабырлануучу арыз жазуудан баш тартканына карабастан сотко чейинки өндүрүш уланууда», — деп белгилешти ЖКККББдан.

Буга чейин бир катар ЖМКлар өздүк булактарга таянып, Азамат Өмүркуловдун канынан наркотикалык зат аныкталганын айтышкан. Бул маалыматты анын атасы четке каккан.

«Баары жакшы. Эч кимди тепселеп, сүзүп кеткен жок. Мага жеткен маалыматтар боюнча, уулум жол чырактын жашыл белгиси өчөрдө солго бурулган. Бул учурда велосипед тепкен киши жөө адамдар баскан чийинден өтүп кетүүгө аракет кылган. Жыйынтыгында уулумдун унаасы велосипеддин канатына тийген. Уулум баңги эмес. Эч ким ал жерден качып кеткен жок. Дагы бир жолу жол кырсык кичинекей эле болгонун кайталап коёюн», — деп айткан Өмүркулов 16-майда.

Азамат Өмүркулов 2012-жылы үч адамдын өмүрүн алган жол кырсыгына күнөөлүү деп табылып, жети жылга шарттуу кесилген. Ага эки жылдык сыноо мөөнөтү берилген.

Азамат Өмүркуловдун катыштыгы менен жол кырсыгы 2011-жылы августта Ысык-Көл облусунда болгон. Toyota Land Cruiser менен бараткан Азамат чектелген ылдамдыктан катуу айдап баратып, каршы жол тилкесине чыгып кетип, маңдайында келе жаткан автоунаа менен кагышкан. Натыйжада Audi үлгүсундөгү унаанын айдоочусу жана эки жүргүнчүсү каза тапкан. Жол тандабастын жүргүнчүлөрү жана экс-мэрдин уулу өзү да жараат алган.