Кыргызстандын эң башкы музейлеринин бирин бир жарым жылдын ичинде оңдоп бүтүү пландалган. Бирок арадан беш жыл өтсө дагы музей ачылбай турат. Бул убакыт аралыгында музейде өрт чыгып, баалуу экспонаттарга зыян тийгизген. Музейдин айланасында ызы-чуулар токтобой келет, ал эми анын сактоочулары бийлик көйгөйлөрдү сыртка чыгарбай жатат деп айтышууда.

Аянттагы Мамлекеттик Тарых музейинин алдындагы фонтандар. Алар 2018-жылдын январынан кийин музейдин тышы жана анын айланасы оңдолгон соң орнотулган. Советтик модернизм стилинде курулган даңазалуу музей 2016-жылдан бери реконструкцияга жабылгандан бери көрүүчүлөрү үчүн жабык турат. Сүрөт: Азат Рузиев/Клооп

2016-жылы Кыргызстандын Улуттук тарых музейи оңдоого жабылганда курулуш иштери ашып кетсе бир жарым жылга созулат деп болжонгон.

Арадан беш жыл өтсө да 21,5 млн долларга бааланган реконструкция аягына чыга элек. Бишкектин борборундагы советтик модернизм стилинде курулган даңазалуу музей бүгүн да көрүүчүлөр үчүн жабык турат.

Имаратта оңдоо иштери иретсиз жана кечиктирүүлөр менен коштолгон: белгисиз себептерден музейде өрт чыккан, күтүүсүз жерден музейдин коллекциясындагы байыркы мумияны жерге берүү чечими пайда болгон, ал эми реконструкцияга байланышкан коррупциялык чуудан улам экс-премьер камалды.

Ага карабай, Тарых музейинин администарциясы менен кыргыз өкмөтү 135 миң экспонат (алардын айрымдары таш дооруна таандык деп айтылат) бекем сакталып турат деп тынымсыз кайталап келишет.

Масштабдуу оңдоо иштери башталганга чейин Улуттук тарых музейине коюлган улуттук кыргыз шырдактары жана үй буюмдары. Сүрөт: Кыргызстандын Улуттук тарых музейинин Фейсбуктагы барагы

Бирок музейди сактоочулар менен маектешүүдө жана OCCRP менен «Клооп» басылмасынын колуна тийген документтерге караганда абал таптакыр башкача экенин көрүүгө болот.

2016-жылы музейде өрт чыккандан кийин акы төлөнбөгөн эмгек өргүүгө кеткен көптөгөн кызматкерлер улуттук маданият үчүн зор мааниси бар эскпонаттар күйүп кеткенине тынчсызданышкан. Анда деле бийлик баары жакшы деп айтып чыккан.

Бир нече кызматкер Маданият министрлигине кат жолдоп (журналисттер каттар менен таанышты) коңгуроо кагышкан, кыязы, андан деле майнап чыккан эмес.

«Эч кимиси көңүл бурган жок», — деди музейдин акы төлөнбөгөн эмгек өргүүсүнө кеткен кызматкери. Журналисттерге каттардын көчүрмөсүн дагы ошол кызматкер көрсөттү.

Ал музейдин иштеп жаткан азыркы жана мурдагы кызматкерлери сыяктуу эле купуялуулук шарты менен маектешүүгө макул болду, буга алар бийлик журналисттер менен маектешкени үчүн өч алат деп чочулашканы себеп болду.

Журналисттер музей кызматкерлеринин айрым кооптонууларын тастыктаган маалыматтарды табышты. Музейдин ички документтерине карасак, бери дегенде 18 экспонат жабыркап же өрт чыкканда күйүп кеткен. Бул албетте өкмөттүн буга чейинки билдирүүлөрүн төгүндөйт. Соттук эксперттердин мурда жарыяланбаган отчётунда тилсиз жоонун келип чыгышына атайылап өрт коюу себеп болушу мүмкүн деген божомол бар.

2017-жылы мумияны жерге көмүүгө байланышкан чуулгандуу окуянын документтери жана интервьюлары дагы окуянын расмий версиясына карама-каршы келет.

Журналисттер менен сүйлөшкөн музей кызматкерлери бул окуяларга байланыштуу айкындык болбой жатканы түйшөлтүп жатканын моюндашып, төмөнкүдөй божомол кылышты: музейдин администрациясы реконструкция учурунда баалуу артефакттарды коргой албай калганын жашырууга аракет кылууда.

Тарых музейи менен тыгыз байланышта иштеген археолог Кадича Ташбаеванын айтымында, музейдеги өрт жана мумияны көмүү окуяларын коштогон сырдуулук ал үчүн да таптакыр түшүнүксүз болгон: «Кызмат адамдары талкан сугунуп алгансып, эчтеке болбогонсуп олтурушат», — дейт ал.

2010-2018-жылдары музейдин директору болгон Анаркүл Исиралиева экспонаттарга жакшы көңүл бурулган эмес деген сөзгө кошулбайт. Анын айтымында, экспонаттарды кандай сактап, кандай коргош керектиги тууралуу чечимди бийлик кабыл алчу. Ал журналисттерге мумияны жерге берүү буйругу өкмөттөн келгенин билдирди.

Тилсиз жоо!

2016-жылдын 22-июлунда Бишкек өрт өчүрүү кызматына Улуттук тарых музейинин жыйындар залынан коюу түтүн чыгып жатканы тууралуу чукул чакыруу келип түшкөн.

Өрт өчүрүүчүлөр дароо окуя болгон жерге жөнөшкөн. Алар келгенде жыйындар залына кирүүчү төрт эшиктин үчөө кыш менен тосулганын көрүшкөн. Төртүнчү эшикте темир каалга орнотулуп, бирок кулпунун ачкычы жок болуп чыккан. Натыйжада өрт өчүрүүчүлөр кыш менен тосулган дубалды бузууга аргасыз болушкан. Ондогон өрт өчүрүү кызматкерлери беш даана атайын унаанын жардамы менен жети саат тилсиз жоо менен алышкан.

Музейдин 2016-жылдагы өрттөн кийинки жыйындар залы. Сүрөт: Музейдин кызматкериники

Алгач бийлик өкүлдөрү баалуу эч нерсе жабыр тартпаганын айтып ишендиришкен.

Андай аткаминерлердин бири, музейдин мурдагы директору Анаркүл Исиралиева күн алыс чыккан жергиликтүү гезиттердин бирине курган маегинде өрт ансыз да экспозициядан чыгаруу пландалып жаткан бир гана экспонатты, анчейин деле баалу эмес боз үйдү жок кылганын айтып ишендирген. Эгерде Исиралиеванын айткандарына ишенсек, башка баардык экспонаттар өрт чыкканга чейин сактоочу жайга көчүрүлгөн.

Бирок, өрт өчүрүүчүлөр менен сүйлөшкөндө жана журналисттердин колуна тийген документтерге ылайык, өрттүн кесепети Исиралиева айткандан алда канча олуттуу болгонун боолголодук. Жыйындар залындагы өрттү өчүргөн кызматкерлердин үчөө зал толтура коробка, алардын айрымдарында көргөзмө экспонаттары жана материалдар болгонун даана көргөнүн айтышкан.

Мындан тышкары, Бишкектин райондук милиция бөлүмүнүн талабы боюнча өрттүн себебин иликтеген сот эксперттеринин отчётунда өрттүн келип чыгышына «ачык оттон атайын күчөткүчтү колдонуп жалынды жайылтуу» себеп болгон. Жыйындар залындагы «өз алдынча чыккан көптөгөн жалын булактары» бар болгону, отчётто айтылгандай, «төгүлгөн күйүүчү суюктуктун жалындап кетиши» үчүн мүнөздүү.

Бирок, өрттүн келип чыгышы боюнча адистер бирдиктүү тыянак чыгарышкан эмес, ал эми алар топтогон маалыматтар коомчулукка жарыяланган эмес.

Тарых музейдин азыркы директору Кеңешбек Алмакүчүков журналисттерге атайылап өрт коюу версиянын четке какпай турганын (соттук эксперттердин отчёту да өрт коюуну көрсөтүп турат) айтып берди. Музейдин күнүмдүк ишин жүргүзүүгө жардам берген дагы бир кызматкери да журналисттерге өрт коюу болушу мүмкүн деген кооптонуусун жашырган жок. Ал да жетекчилигинен «тил угам» деп атын атабоону суранды.

Музейдин азыркы директору Кеңешбек Алмакүчүков. Сүрөт «Клооп»

Бирок өрт чыккан учурда ошол кездеги музейдин жетекчилиги атайылап өрттөлдү деген версияны четке каккан. 2016-жылы 28-декабрда өрттүк-техникалык экспертиза аяктагандан төрт ай өткөндөн кийин Исиралиева жана музей администрациясынан беш адам милицияга кат жазган. Алар жаңы иликтөө жүргүзүүнү талап кылып, атайылап өрт коюуга мүмкүн эмес, анткени жыйындар залын үч милиция постту жана байкоочу камералар кайтарат деп билдиришкен.

Азыркы директор Алмакүчүков жиберилген талап боюнча эмне болгонун билбей турганын журналисттерге айтып берди. 2017-жылы укук коргоо органдары өрткө байланыштуу кылмыш ишин иликтеп баштаган, бирок журналисттерге бул иш боюнча жооп берүүдөн баш тартышты.

«Клооп» өткөн жылы бул иш дагы деле алдыга жылбай жатканы жөнүндө Алмакүчүковдун айткандарын жазган.

«Өрт коюу болгонбу-жокпу? Же өрт коопсуздугунун эрежелерин сактабагандан улам өрт чыкканбы? Бүгүнкү күнгө чейин жооп жок», — деген ал.

Өрт чыккандан бери беш жыл өтсө да келтирилген зыяндын масштабы белгисиз.

Журналисттердин колуна тийген музейдин ички документтеринде өрт чыкканда бери дегенде 18 килем күйүп кеткени көрсөтүлгөн. Документте ар бир килемдин инвентардык номери, өрткө чейинки жана өрттөн кийинки сүрөттөрү тиркелген. Сүрөткө караганда килемдер бир топ эле күйгөн.

Журналисттер ал килемдер канчалык баалуу экенин аныктай алышкан эмес. Ал эми музейдин этнографиялык коллекциясы менен жакындан тааныш мурдагы эки, азыркы эки кызматкердин айтымында, килемдер абдан баалуу тарыхый буюмдар болгон.

Документ менен жогоруда аты аталган сактоочу (музей кызматкерлеринин тынчсызданган каттарынын көчүрмөсүн дагы берген) дагы таанышып чыккан. Анын айтымында, килемдер музейдин негизги фондуна кирген жана «абдан баалуу» болчу.

Өрттүн жагдайын териштирген ведомстволор аралык комиссия түзгөн башка документте, жооптуу кызмат адамдары ушул окуядан кийин гана жыйындар залындагы экспонаттарды башка жакка көчүрүү чечимин кабыл алышкан. Кымбат баалуу металлдардан турган музейлик коллекцияны Улуттук банкка, калган экспонаттарды Маданият министрлигинин имаратынын жер төлөсүнө көчүрүшкөн. Өрт учурунда дагы кандай буюмдар жабыркаганын айтуу кыйын.

Өрт өчүрүлгөндөн кийин музейдин сактоочуларын «суу болгон эскпонаттарды кургатууга жардам көрсөтүү үчүн» дагы чакырышкан эмес. Бул тууралуу музейдин башка кызматкери айтып берген. «Эмне себептен көзөмөлдөөчүлөр, техникалык кызматкерлер иштеп жатты, бизди киргизбей коюшту?» — деп таң калган ал.

Археолог Кадича Ташбаеванын пикиринде, ошол окуяда музей жетекчилигинин иш-аракети жоопкерчиликсиз болгон.

«Бул табылгыс буюмдар, кыргыз элинин этнографиясы жана маданиятынын тарыхы. Музей жетекчисинин, музей директорунун музей ишин билбеген шалаакылыгынан бир заматта алар өрттөнүп кетти».


Жоголгон экспонаттар

2013-жылы музейдин коллекциясын инвентаризациялоодо 500дөн ашуун экспонаттар жоголгону белгилүү болгон. Маданит министрлигинин маалыматына караганда, жоголгон буюмдардын арасында: чокмор-баш — ХIХ кылымдагы курал, алты күмүш жана коло медаль, фарфор кумаралар, кеселер, байыркы ат жабдыктары, кийим-кечек жана үй буюмдары, совет мезгилине таандык көптөгөн медалдар бар.

2012 жана 2017-жылдары кыргыз укук коргоо кызматкерлери экспонаттардын жоголушу боюнча иликтөө баштаган. Бирок эки жолу тең иликтөө кийинкиге калтырылып, ал эми ыкчам иликтөө кызматкерлери шектүүлөрдү аныктаган эмес. Бул тууралуу журналисттерге Кыргызстандын ИИМи расмий билдирген.


Мумиянын каргышы

Эгерде Улуттук тарых музейинде чыккан өрттүн себептери боюнча талаштар уланып жаткан болсо, анда мекемеге байланыштуу башка чуулуу жагдай адам колунан келген эле иш экени анык.

2017-жылы октябрда Маданият министрлиги музей фондунан байыркы мумияны алып салып, көмүп салууну буйрук берген.

Археологдор 50-жылдары ошол убакта Кыргыз ССР болуп турган кезде Баткен районунун түштүк-батыш жагында аялдын мумияланган калдыктарын табышкан. Баштыпкы изилдөөлөр ал биздин доордун I—V кылымдарында жашаганын аныктаган. Бул республика жана археологиялык илим үчүн абдан маанилүү табылга болгон. «Баткен ханышасын» изилдөөнү улантуу пландалган болчу.

Бирок көзү ачыктар менен эзотериктер мумияны көмүүнү талап кылышкан. Алар: мумия жерге берилбегендиктен республикада ар кандай табият кырсыктары менен башаламандыктар болууда деп билдиришкен. Ал тургай көзү ачыктардын бири мумия жерге берилмейин 2017-жылдагы шайлоо тынч өтпөйт деп дагы айткан.

Шайлоого бир-эки күн калганда бийлик мумияны жерге берүүнү чечкени алар көзү ачыктардын айтканын аткарып жаткандай туюлган. Маданият министрлиги кийин өзүнүн расмий жообунда экстрасенстердин аралашканы тууралуу версияны четке каккан. Ведомствонун айтымында — мумия бузула баштаган, музей жетиштүү деңгээлде сактоону камсыздай албагандыктан көмүп салууну чечишкен.

Улуттук тарых музейинин коллекциясындагы мумия. 2017-жылы декабрда өкмөт 1500 жылдык мумияны археологдор менен илимий коомчулуктун каршылыгына карабастан көмүүнү тапшырган. Сүрөт: Кубатбек Табалдиев, археолог, Кыргыз-түрк «Манас» университетинин профессору

Ага карабай, мумиянын көмүлүшү Кыргызстандын илимий коомчулугун бир топ козгогон. Жергиликтүү илимпоздор менен археологдордон турган топ президенттин наамына кат жолдоп, бул окуяны «вандализм» деп аташкан.

Мумияга байланышкан окуя жөнөкөй кыргызстандыктардын көпчүлүгүнүн кыжырын кайнаткан: алар муну диндин өсүп жаткан терс таасиринин жана республикадагы ислам канондорун катаал чечмелөөнүн жыйынтыгы катары кабыл алышкан. Мумияны көмүүдөн баш тартуу — кыргыз салттарына каршы чыгуу деп билдирген ошол кездеги маданият министри Түгөлбай Казаков абалды ого бетер күчөткөн. (Мумия жерге берилгенден кийин Казаков кызматын тапшырып, бирок себебин ачык айткан эмес).

Журналисттердин колундагы документтер жана сактоочулар менен сүйлөшүүлөр расмий версияны тастыктабайт. Тескерисинче, байыркы цивилизациядан калган баалуу реликвияны музейден шашылыш, атайын пландап, балким мыйзамсыз жок кылуу аракетинен кабар берет.

Мумияны изилдеген үч кыргыз археологу — Кадича Ташбаева, Кубатбек Табалдиев жана Темирлан Чаргынов — OCCRP басылмасына анын абалы жакшы болгонун, жакшы шартта сакталганын жана толук изилденип бүтпөгөнүн айтып беришти. Ал тургай Тарых музейинин мурдагы директору Исиралиева калдыктардын абалы «канааттандыраарлык» болгонун тастыктаган.

Анын үстүнө музей буюмдарына кандай мамиле кылуу керектиги тууралуу эрежеде музейдин өзү да, мамлекеттик органдар да экспонатты коллекциядан чыгарып салууга укугу жок деп айтылат. Эгерде экспонат жабыркаган болсо, музей ички комиссия чогултуп, келтирилген зыянды документтештирүүгө милдеттүү, ал эми объекттин баалуулугун эксперттер аныкташы керек. Мына ушундан кийин гана Маданият министрлиги экспонатты коллекциядан чыгаруу чечимин чыгара алат.

Бирок, баалоо процедурасына катышууга милдеттүү делген сактоочулардын биринин айтымында, музейди изилдеген комиссия мумияга байланышкан ишке чакырылган эмес. Журналисттер андай комиссия болгонун тастыктаган документтерди да таба алган эмес, ал эми музейдин жетекчилиги тиешелүү эксперттик талкуу болду беле деген суроого да жооп берген жок.

Бирок анын ордуна Маданият министрлиги бул боюнча корутунду чыгарууга укугу жок башка эле бир ведомстволор аралык комиссияны түзгөнү маалым. Археология боюнча адистер аз болгон комиссия эки жолу гана чогулган. Анын чечими кеп музейдин коллекциясында башкы экспонат тууралуу болуп атканда таң калычтуу шашылыштык менен коштолгон.

Комиссиянын 2017-жылдын 12-октябрындагы экинчи отурумунун протоколуна таянсак, алар абалды кыскача талкуулап, андан соң мумиянын тагдырын чечип койгон.

Бирок, андан бир жумага жетпеген убакыт мурун, 6-октябрда Маданият министрлигинин статс-катчысы Бактыбек Секимов өкмөткө жолдогон катында, мумияны Тарых музейинин коллекциясынан алып таштоо жана көмүү өтүнүчүн келтирген.

Археолог Ташбаева комиссиянын ичиндеги мумияны жерге берүүгө каршы добуш берген азыноолак мүчөлөрүнүн бири. Ал комиссияга жыйынга бир күн калганда чакыруу алганын журналисттерге айтып берген.

Уникалдуу мумияны жерге берүү Тарых музейинин кызматкерлери үчүн күтүүсүз окуя болгон. Аны көмүүнүн чыныгы себеби азыркы күнгө чейин түшүнүксүз.

«15 жыл ичинде эскпонатты негизги коллекциядан алып салган бир дагы учурду эстей албайм жатам», — деп билдирген акы төлөнбөгөн өргүүгө кеткен сактоочулардын бири. «Бирөөнү да эсептен чыгарган эмеспиз, уруксат беришчү эмес».

Бүдөмүк перспективалар

Экскурсовод 2018-жылдын 12-январында ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбековго Улуттук тарых музейиндеги улуттук кийим-кечелерди көрсөтүп жатат. Ал убакта музей реконструкцияга жабылган болчу. Сүрөт: Президенттин расмий сайты

Ушул тапта, музейди реконстраукциялоо иштери дээрлик аяктап калды, бирок ачылышына али көп бар сыяктанат.

Маданият министрлигинен журналисттерге билдиришкендей, бир нече талаш маселелер мекеменин ишин жандантууга тоскоол болуп жатат. Кыргыз бийлиги жалданма-немец компаниясына азыркыга чейин болжол менен 226 миң евро карызын төлөй элек. Республиканын ИИМи музейдеги жаңы коопсуздук системасын текшерүүнү аягына чыгарган эмес. Андан тышкары, мекемеде IT-камсыздоо маселеси дагы деле курч бойдон.

Министрлик мойнуна алгандай, реконструкциялоодогу коррупция ишине байланышкан сот иши дагы музейдин ачылышына кедергисин тийгизүүдө.

2018-жылы июнда «Ата Мекен» оппозициячыл партиясынын депутаты Каныбек Иманалиев бийликти музей үчүн эмеректер кымбаттатылган баада сатып алынганын айтып айыптаган. Музейде өткөн басма сөз жыйында эл өкүлү кызгылт түстөгү отургучту көрсөтүп, анын баасы 100 миң сом, болжол менен 1 180 доллар экенин билдирген.

«Бул бюджеттики, силер менен биздин акча. Бул каражаттарды ооруканаларды оңдоого жумшаса болбойт беле?» — деп депутат суроо салган.

Журналисттер Иманалиев айткан сандардын далилин табышкан жок. Эл өкүлдөрүнө жолдонгон сурамдарга жооп келген жок.

Мындан көп өтпөй Кыргызстандын прокуратурасы бул иш боюнча кылмышты иликтей баштаган. Тергөөчүлөр музейди реконструкциялоону жетектеген премьер-министр Сапар Исаков жана президенттик администарциянын мурдагы мүчөсү өлкө казынасына бери дегенде 1,2 миллион доллар зыян келтирген деген тыянакка келишкен.

Исаков өзү сот отурумдарынын биринде, ага карата соттук териштирүүнү “Сооронбай Жээнбеков өзү жетектеген саясий буйрутма” деп билдирген. мурдагы премьер-министр Жээнбеков-Атамбаев чырында камакка алынган бир нече саясатчынын бири. Атамбаевдин тарапташы болгон Исаков сыяктуу саясатчыларга карата айыптоолор алардын саясий күрөшүнүн бир бөлүгү катары кеңири кабыл алынган.

2020-жылдын июнунда Бишкектин райондук сот Исаковду музейди реконструкциялоодо бюджеттик каражаттарды коромжу кылганы жана башка коррупциялык беренелер боюнча кылмыштар үчүн 18 жылга кесүү өкүмүн чыгарган. Төрт айдан кийин президент Сооронбай Жээнбековду тактан кулаткан нааразылыктардын шартында түрмөдөн чыгып, андан кийин качып кеткен.

Бийлик алмашкан соң эки айдан кийин Жогорку сот Исаковдун иши боюнча өкүмдү жокко чыгарган. Исаковду жана анын шериктерин жаңы соттук териштирүү күтүп жатат. Экс-премьер-министр менен байланышууга кылган аракетибизден майнап чыккан жок, бирок буга чейин ал сотто күнөөсүн мойнуна алган эмес.

Ал арада музей жабык турат. Реконструкция башталгандан бери беш жыл өттү, 21,5 млн доллар коротулду. Музейдин эмгек акы төлөнбөй өргүүгө жөнөтүлгөн кызматкерлерине жумушка чыгууга уруксат берилди, бирок, алардын айтымында, алар мурдагыдай эле экспонаттарга жолой алышпайт — экспонаттар убактылуу сактоо жайында бекитилген бойдон турат.«Ушунча жыл өттү, музей ошол бойдон ачылбай турат, — дейт кызматкерлердин бири. — Экспонаттарга эмне болгонун элестетүү кыйын».

Иликтөөгө Айдай Токоева дагы жардам берди.

Которгондор: Бегайым Талантбекова, Алмир Алмамбетов.