Төрт жыл мурда даяр болгон «Балдар жөнүндөгү кодексти» тез арада кабыл алуу талабы айтылды

Кыргызстан тез арада «Балдар жөнүндөгү кодекстин» жаңы редакциясын кабыл алышы керек. Бул тууралуу балдардын укугун коргоо боюнча жарандык коом уюму 25-майда өткөн басма сөз жыйында билдирди.

Алар бул өтүнүч жазылган ачык катты президентке, Жогорку Кеңештин депутаттарына жана башкы прокурорго жөнөтүштү.

«Кабыл алууну мындан ары дагы создуктуруу балдардын абалы, алардын коопсуздугу жана алардын укуктарын коргоо начарлашына алып келиши мүмкүн. Башкы прокуратура бүгүнкү күндө балдарга карата кылмыштар менен жоруктар көбөйгөнүн айта баштады», — деп билдирди «Укук борбору» коомдук фондунун директору Гүлнара Шейшекеева.

Гүлнара Шейшекеева.

Фонддун мүчөлөрүнүн пикири боюнча, Кыргызстанда балдардын абалы кескин начарлап кетиши — бул балдарга карата кылмыштардын алдын алуу боюнча таасирдүү чаралардын жоктугунун жыйынтыгы.

Алардын абалына өлкөдө татаал турмуштук кырдаалга кабылган балдарды аныктоо, аларга өз убагында колдоо көрсөтүү боюнча системанын жоктугу да таасир этет.

Укук коргоочулардын айтымында, ал үчүн эч нерсе иштеп чыгуунун кереги жок. 2017-жылы жумушчу топ түзүлүп, ал бир нече мыйзам долбоорлорун иштеп чыккан, анын ичинде «Балдар кодексинин» жаңы редакциясы дагы бар.

Балдар менен иштешкен депутаттар, укук коргоо органдардын, сот органдарынын өкүлдөрү, уюмдардын эксперттери, окумуштуулар жана башка адистер бардык керектүү иштерди жүргүзүшкөн.

«Бирок балдарды коргоо системасын жакшыртуу үчүн киргизилген мыйзам долбоорлорун кароо регламентте жалыган тартиптен артта калуу менен улам-улам жылдырылууда. Балдарды коргоо системасын реформалоо канчалык көп жылдырыла берсе, аракетсиздиктин дагы баасы ошончо жогору боло берет», — деп жыйынтыктады «Балдар укугун коргоо лигасы» фондунун директору Назгүл Турдубекова.

Назгүл Турдубекова.

Өкмөттүн маалыматына караганда, 2020-жылы балдар арасында өз өмүрүн кыйган 98 учур катталган. Укук коргоо органдары жашы жете элек жеткинчектер арасында өмүрүн кыйган учурлар карантин маалында бир жарым эсе өскөнүн — 2019-жылга карата жаш балдар арасында өз өмүрүн кыйган 48 учур катталганын билдирди.

Ошондой эле өкмөттүн маалыматына ылайык, 2021-жылы төрт айдын ичинде үй-бүлөлүк зомбулуктун 1463 учуру, зордук-зомбулук жана балдарга карата ырайымсыз мамиленин 129 фактысы катталган.