Бишкектеги «Булгаары» заводу. Сүрөт: Kloop

Мал киндиктүү Нарын жергесинде акыркы үч жылдан бери кой териси кескин арзандап, таштандыга ыргытылып келет. Тургундар терилер эч нерсеге жарабай кор болуп жатканын билдиришсе, мунун себебин ортомчу ишкерлер тери иштетүүчү ишкана жоктугу жана терилердин экспорттолбой жатканы менен түшүндүрөт.

Нарында малдын териси эмне себептен өтпөй жатканын жана маселени чечүү жолдорун «Клооптун» журналисти Дилде Шатанова изилдеп көрдү.

«Күзүндө көрүнгөн жердин баары эле тери болуп калат»

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2020-жылы Нарында бир миллиондон ашык кой-эчки каттоого алынган. Алардын 187 миңден ашыгы ири мүйүздүү мал болсо, жылкынын саны 137 миңге жакын. Бул көрсөткүч каттоого алынган малдын гана саны.

Нарын шаарынын тургуну Рахмат Саргожоевдин айтымында, Совет учурунда тери иштеткен ишканалар көп болгон, кийин алар менчикке өтүп, иштебей калган. Ал мамлекет казино ачкандан көрө, тери иштеткен завод ачып койсо көп пайда түшөрүн айтат.

«Мурда койдун териси абдан баалуу болчу. Себеби андан улуттук кийимдер, ээр-токум, көлдөлөң, камчы, сумка өңдүү көп буюмдар жасалат. Ал аябай бышык болот. Кытайдын буюмдарына караганда алда канча сапаттуу. Мал союлуучу жактардан тери көп чыгат. Алардын баары эле таштандыга ыргытылат. Бул экологияны эле булгайт. Чакан ишкерликти колдоп, ошолорго шарт түзүп беришсе, терини иштетишмек. Жай-күз айларында тери көбөйүп, курттап, аябай жагымсыз жыт чыгат», — деп кейиди шаар тургуну.

Райондордон тери чогултуп иштеген ортомчу ишкер Азат Уркуевдин айтымында, 3-4 жыл мурун тери Кытайга экспорттолсо, азыр таштандыга кетет.


«Көп жыл айылдардан тери чогултуп иштедим. Убагында аябай барктуу болчу. Азыр эч кандай баркы жок. Ал эми бодо мал көбүнчө тирүү сатылып, тери көп деле чыкпайт. Биз жактан болгону топоздун гана терисин алышат. Түркияга алып кетишет. Нарын облусу мал киндиктүү болгон үчүн тери, жүн иштеткен завод-фабрика ачышса жакшы болмок», — дейт ишкер.


Уркуевдин айтымында, ал мурда кой терисин 400-500 сомдон сатып алса, учурда Нарында тери алган киши жок.

Жергиликтүү бийлик Ат-Башыга тери иштеткен ишкана ачууну пландоодо

Өкмөттүн Нарын облундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Адыл Сапаров Өзбекстандын Фергана облусунун башчылары менен тери иштетүү жана экспорттоо боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдирди.


«Биздин облустан мал тирүүлөй башка аймактарга сатылат. Жакында эле биздин делегация Өзбекстанга барып, эки облустун башчылары менен тери иштетүү маселеси боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк. Ошондой эле Ферганадагы тери иштеткен жеке ишкерлер менен дагы сүйлөштүк. Жакынкы бир-эки жыл аралыгында Ат-Башыга чоң ишкана ачууну көздөп, планын иштеп жатабыз. Ага чейин терини Өзбекстанга өткөрөлү деп сүйлөшүп жатабыз. Жакында коңшу өлкөдөн Ат-Башыга тери иштеткен ишкерлер келет. Ишкананы кайсыл жакка куруш керек, ошолорду сүйлөшөбүз. Андан сырткары Нарынга Фергананын жетекчилери келгенде ушул маселени талкуулайбыз», — деди Сапаров.


Ал Чүй облусундагы тери иштеткен жеке ишкерлер менен дагы сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жаткандыгын кошумчалады. Анын айтымында, ишкерлер булгаары иштетүүгө сапаты талапка жооп берген гана терилерди сатып алышат.

«Кыргызстанда тери иштеткен ири ишкана жок. Мурда Кочкор районуна кытайлар ачышкан, бирок кайра жаап салышты. Себеби, терини иштетүүдө элге зыяны тийбеши керек. Алар ошол талаптарды аткарбаганы үчүн эл жаптырып салган. Биз дагы тери иштетүүчү ишкананы элдин жашоосуна зыян тийгизбей, Ат-Башы районуна калк жашаган жерден алыс аймакка ачалы деп атабыз», — деди Сапаров.

Сапаров эгерде Нарын облусунан жеке ишкерлер чакан ишкана ачам десе, жардам берүүгө даяр экенин белгилеп, маселесин чечип берүүнү убадалады.

Майыптыгына карабай териден буюмдарды жасаган Рахатбек

Рахатбек Үсөнкожоев. Сүрөт: Kloop

Ат-Башы районунун тургуну Рахатбек Үсөнкожоев 11 жылдан бери эки буту баспайт. Ал кырсыкка учурап, жүлүнү жабыркаган. Турмуштун татаал сыноосуна моюн сунбай, териден ар кандай буюмдарды буйрутма менен жасайт. Ал азыр Бишкек шаарында турат, Нарында буйрутма аз болгондуктан, борборго көчүп келген.

«Мен мурда Ат-Башыда терини өзүм иштетип, жасачумун. Бирок ал жакта буйрутма деле болбойт экен. Же атайын дүкөнүм жок болгондон кийин кыйын экен. Кийин бул жакка келип үйдөн иштеп баштадым. Чет өлкөдөн буйрутма беришет. Буйрутма көп түшүп калганда, беш-алты баланы жардамга чакырып, чогуу бүтүрөбүз. Аларга акчасын төлөп берем. Нарын шаарынан деле иштетейин деп бир жайды 8 миң сомго арендага алдым. Бирок ишимди кеңейте албадым. Эгерде Нарынга ишкана ачканга жардам беришсе, ошол жактан деле иштейт элем. Уюмдарга долбоор жазайын дейм, бирок билбейт экенмин», — дейт жеке ишкер.

Үсөнкожоев азыр териден камчы, кур, капчык, ачкыч кап, жаа жана башка сувенирлерди жасайт. Ал териден буюм жасоону өз алдынча эле өздөштүрүп алган. Эгер мамлекет жардам берсе, региондорго барып кол өнөрчүлүк багытында тренинг өтүп, кызыккандарды үйрөтүүгө даяр экенин кошумчалады. Ал ушул аркылуу тери иштетүүнү жандандырса болот дейт.

«Кыргызстанда тери иштетүүгө эч кандай тоскоолдуктар жок»

Кыргызстанда тери иштеткен чакан ишканалар бар. Алардын бири 1992-жылы түптөлгөн Чүй облундагы «Булгаары» заводу. Заводдон иштелип чыккан тери чет мамлекеттерге экспорттолот.

Ишкананын директору Владимир Серов иштетилген тери Орусияга, Казакстанга жөнөтүлөрүн, ошондой эле Кыргызстанда да туруктуу кардарлары бар экенин айтты.


«Акыркы учурда көк бөрү оюну популярдуулукка ээ болгондуктан, ээр-токум жасаган усталар көбөйдү. Бизге талап болгон үчүн булгарынын калыңдыгына жана түсүнө жараша түрлөрүн жасап атабыз. Учурда бул ишкердик туруктуу иштеп жатат. Булгаары чыгаруу үчүн койдун, буканын, деги эле теринин бардык түрлөрүн иштетебиз. Жылкынын териси гана иштетилбейт. Өндүрүш үчүн чийки зат өлкөнүн бардык аймагынан келет. Кочкор менен Нарын райондору боюнча “Тойбос” фирмасы бизге тери алып келет. Чынында биздин өкүлдөр бардык аймакты көзөмөлдөй албайт», — деди ишкананын жетекчиси.

Серовдун айтымында, бардык облустарда тери алуучу борборлору бар. Ишкер каалоочулардын бардыгы менен иштешүүгө даяр.

«Теринин сапаты начар болгон үчүн таштандыга ыргытылып кетет. Көпчүлүк фермерлер малдын терисин күйгүзүп, белги басышат. Андай тери дагы жараксыз болуп калат. Мамлекет тарабынан ишкердикке эч кандай тоскоолдуктар жок. Бардык документтер жайында болсо, тоскоолдук болбойт жана экспорт үчүн салык алынбайт. Кыргызстан боюнча 5-6 фирма булгаары иштетүү боюнча иш алып барат. Бизде иштетилген тери медицина тармагында протездик-ортопедиялык борборлор үчүн дагы колдонулат. Мындан тышкары Казакстан өз авиациясын форма менен камсыздоо үчүн да калың булгаарыларды алып кетет», — деди ал.

«Ишкерлерге колдоо көрсөтүп маселени чечсе болот»

Нарын аймактык ишкерлер ассоциациясынын директору Кылыч Мамбеталиев «Клоопко» курган маегинде жергиликтүү ишкерлер терини иштетсе, мамлекетке көп киреше түшөт дейт.


«Нарын облусунда тери абдан көп чыгат, бирок иштетилбей, таштандыга кетет. Маселени чечүүнүн жолдору бар: алгач жеке ишкерлерге колдоо көрсөтүш керек. Алар терини булгаары өндүрүшүнө пайдаланса болот. Ишкерлерди колдоо үчүн эл аралык уюмдар да арбын. Нарын тоолуу аймакта жайгашкандыктан, жардам алууга мүмкүнчүлүгү көбүрөөк», — деди ассоциациянын директору.


Мамбеталиевдин айтымында, Нарын облусунун ишкерлери долбоор жазууда кыйналышат. Бирок, ал аймактык ишкерлер ассоциациясынын адистери долбоор жазууга көмөктөшүүгө даяр экенин айтат.

«Банктын өкүлдөрү ишкерлер документтерди туура алып келбегендиктен, насыя ала албай кыйналганын айтышат. Биз долбоор жазуу боюнча тренингдерди уюштуруп турабыз. Тери иштетип, ишкана ачам, долбоор жазам дегендер тренингге катышса болот. ЖИА, USAID өңдүү ишкерлерди колдогон уюмдар көп. Ишкерлер биздин атайын адистин жардамы менен долбоор жазып, жөнөтүшсө болот. Эгер идея жакшы болсо, бөлүнгөн каражат да ошончолук жакшы болот», — деди ал.

Мамбеталиевдин айтымында, жеке ишкерлерди колдоого алуу менен калкты жумуш менен камсыз кылып, мамлекетке пайда алып келип, айлана-чөйрөнү таза сактаса болот.

Кыргызстанда кой -эчкилердин саны алты миллиондон ашуун, жылкылардын саны жарым миллион, ал эми ири мүйүздү малдын саны бир жарым миллиондонашса, уйлардын саны бир миллионго жакын.

Бул материал АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттигинин (USAID) жана FHI360 уюмунун каржылоосу менен Кыргызстандагы Интерньюстун өкүлчүлүгүнүн Медиа-К долбоорунун колдоосунда ишке ашырылды. Материалда айтылган пикирлер Интерньюстун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн көз карашына дал келбеши да мүмкүн.