Абдил Сегизбаев эки тараптуу пневмония болуп ооруканага түштү

УКМКнын басма сөз кызматы мекеменин экс-башчысы Абдил Сегизбаев 24-майда эки тараптуу пневмония менен ооруканага жаткырылганын билдирди. Ал УКМКнын тергөө абагында кармалып жаткан.

«Өткөн дем алышта Сегизбаев өзүн начар сезип, температура болуп жатканын сезген. Андан соң, УКМКнын демилгеси менен дарылануу үчүн ооруканага жаткырылган», — деп билдиришти басма сөз кызматтан.

Vesti.kg басылмасы жеке маалымат булактарына таянып, Сегизбаевдин абалы өтө оор экенин жана №6 шаардык ооруканада дарыланып жатканын кабарлады.

Сүрөт: Vesti.kg

Буна чейин, 20-майда Бишкектин Биринчи май райондук соту Сегизбаевдин баш коргоо чарасын дагы эки айга узарткан.