Индира Кудайбергенова КММАнын ректору болуп кайрадан шайланды

Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында 29-майда өткөн шайлоодо Индира Кудайбергенова 698 добуш менен кайрадан ректор болуп шайланды.

Ректорлук кызматка 4 талапкер ат салышкан. Талапкер Зиябидин Айдаров 12 добуш алса, Эркин Алымбаев — 11 жана Жолдош Шаршембиев — 10 добуш алган.

Анткен менен КММАнын ректорун шайлоо бул жолу акция жана окуу жайдын кызматкерлеринин нааразычылыгы менен коштолду. Окуу жайдын маалымат кызматы шайлоого бир күн калганда 28-майда ректорду шайлоо жокко чыгарылган. Мындай буйрукка Билим берүү жана илим министрлигинин статс-катчысы Калысбек Шадыханов кол койгон.

Медакадемиянын жамааты министрликтин кийлигишип жатканына нааразычылыгын билдирген. Алар президентке Билим берүү министрлиги шайлоого жолтоо болуп жатканын айтып кайрылышкан. 28-майда окуу жайдын алдында таза шайлоо өткөрүүнү жана министрликтин кийлигишүүсүнө жол бербөө боюнча акция өткөн. Кийин окуу жайдын окумуштуулар кеңеши министрликтин буйругуна карабай шайлоо өткөргөн.

КММАнын ректорун шайлоо

Жогорку Кеңештин депутаты Наталья Никитенко окумуштуулар кеңешинин чечимин колдогон.

«Ректорду шайлоо принциби премьер-министрдин, депутаттардын, министрдин, статс-катчынын профессордук-окутуучулардын курамына алардын жетекчиси ким болушу керектиги үчүн чечим кабыл алуусуна жол бербөө максатында киргизилген», — деп фейсбук барагына жазды.

Индира Кудайбергенова 2000-жылдан бери КММАда жетекчилик кызматтарды аркалап келет, ал эми 2016-жылы окуу жайдын ректору болуп шайланган.