Алкоголдук жана тамеки продукцияларына милдеттүү санариптик маркирлөө киргизилет — МСК

Кыргызстанда 1-июлдан тартып алкоголдук жана тамеки продукцияларын санариптик идентификациялоо каражаттары менен милдеттүү маркирлөө киргизилет. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Ведомствонун маалыматына ылайык, маркирлөөнүн GTIN-кодун алуу үчүн бул товарлардын колдонуучулары менен импорттоочулары GS1 Kyrgyzstan предметтик номерлөөчүлөр ассоциациясына кирүүсү керек.

Андан соң алар «Альфа Телеком» Улуттук маркирлөө оператору менен маркирлөө коду менен камсыздоо кызматын көрсөтүү тууралуу келишим түзүүсү керек. Ушундан кийин гана маркирлөө коду буйрутма кылынып, алардын товарга түшүрүлүүсү катталат.

Салык кызматынан 2022-жылдын 1-январынан тартып республиканын аймагында маркирленбеген алкогол жана тамеки азыктарын жүгүртүүгө тыюу салынат.

«Санарип маркирлөө колдонуу товар тууралуу бардык маалыматты алууга жол ачат: өндүргөн ишкананын аты, жери, чыккан күнү жана убактысы, жарактуу мөөнөтү, артикул жана стандарттын номери. Маалыматтар мамлекеттик маалыматтык системада сакталат», — деп айтылат товарларды маркирлөөнүн «Текшер» расмий сайтында.

Салык кызматынын маалыматына караганда, Кыргызстандагы товарларды маркирлөө системасы «СМАРТ Салым» салык процедураларын фискалдаштыруу программасынын алкагында жүрүп жатат.