Бишкек, Токмок жана Ош шаардык кеңешин кайра шайлоого 48,3 млн сом сарпталат

Борбордук шайлоо комиссиясы Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештеринин депутаттарын кайра шайлоого 48,3 млн сом сарптоону пландап жатат. БШК 2021-жылдын 11-июлуна дайындалган шайлоонун сметасын бекитти.

Негизги чыгымдар эмгек акыга жумшалат — 17,2 млн сом, жумуштун муктаждыгы үчүн материалдарды сатып алууга — 4,4 млн сом жана башка кошумча чыгашаларга — 20,9 млн сом каралган. Транспорттук чыгымдарга 2 млн сомго жакын жумшалат.

Мындан тышкары БШК шайлоого даярдануу жана аны өткөрүү боюнча календардык планды бекиткен. Ага ылайык, шайлоо алдындагы үгүт иштери 20-июнда башталып 10-июлда саат 8:00дө аяктайт.

Талапкерлердин тизмесин каттоо 20-июнга чейин уланат, ал эми шайлоочулардын толук измеси 9-июлга чейин жарыяланышы керек.

Буга чейин Боршайком 11-апрелде өткөн Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңешине болгон шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган. Мындай чечим добуш берүүнүн жыйынтыгына таасир берген бузуулардан улам кабыл алынган. Үч шаардык кеңештин депутаттарын кайра шайлоо 11-июлга дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.