Иллюстративдик сүрөт

Акыркы бир нече жылдан бери Кыргызстанда мектеп бүтүрүүчүлөрү шаан-шөкөт уюштуруунун ордуна кайрымдуу иштерди жасап, айылына жана муктаждарга жардам берип келишет.

«Клооптун» журналисти Камила Бактыбек кызы 2021-жылы аймактардагы бүтүрүүчүлөрдүн каражат чогултуп, жасаган пайдалуу иштерин бир материалга топтоду.

Аз камсыз болгон үй-бүлө жана мугалим үйлүү болду

Ош облусунун Ноокат районунун Чеч-Дөбө айылындагы мектепти 25 жыл мурун бүтүргөн айылдаштар аз камсыз болгон үй-бүлөгө үй салып беришти. Мындай демилгени аталган айылдын тургуну Бектемир Жеңишбек уулу көтөрүп, классташтары колдоп берген.

«13 классташ бала 20 миң сомдон чогулттук. Андан сырткары жеке өзүнүн атынан 30-40 миң сомдон кошкондор да болду. Жакшылык ишке себепчи бололу дешип кээ бир ага-инилер көп иштерди акысыз жасап беришти. Пайдубалын ашар жолу менен куруп, үйдүн ичин заманбап кылып оңдоп бердик», — деди Жеңишбек уулу.

Сүрөт: «Турмуш» басылмасы

Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Ак-Тоок айылынын 20 жылдык бүтүрүүчүлөрү класс жетекчисине үй салып беришти. Алар Жалал-Абад шаарынын Көк-Арт кичи районунан эки бөлмөлүү үй салып беришкен.

Бүтүрүүчү кыздар үйдүн ичин толтуруп беришсе, 10 жылдык бүтүрүүчү кыздары муздаткыч алып беришкен.

Сүрөт: «Эркиндик» медиа

Ушундай эле демилгени Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Айгыр-Жал айылындагы бүтүрүүчүлөр да көтөрүп, классташы Нурзада Дөлөкеевага үч бөлмөлүү турак үй куруп беришкен. Ал эми үйдүн ички жасалгасын классташ кыздары колго алышкан.

Сүрөт: «Турмуш» басылмасы

Мектепке таза суу чыгып, темир тосмо орнотулду

Баткен облусунун Кадамжай районунун Халмион айыл өкмөтүнүн Ноогардан айылындагы «Ноогардан» мектебин 2008-жылы бүтүргөн Манас Көчкөров 1 миллион 500 миң сомго таза суу жана 100 миң сомго түнкүсүн жарык чыгаруучу чырак орнотуп берген.

Мындан сырткары, 20 жылдык юбилейге келген бүтүрүүчүлөр мектептин темир тосмосун жасаган устанын акысын төлөп беришкен.

Айылга жардам. Түнкү чырак, комбайн

Ош облусунун Шамалды-Сайда айылындагы бүтүрүүчүлөр Ош — Бишкек жолунда кырсыктардын көптүгүн эске алышып, түнкү чырактарды орнотуп жатышат.

«Шамалды-Сай шаарчасындагы аймагында көчө чырактары орнотулган эмес. Ушундан улам айрым айдоочулар жол четиндеги жөө жүргүнчүлөрдү байкабай, коюп кеткен учурлар көп эле катталган. Анын үстүнө мектеп окуучулары караңгыда жөө каттагандыктан алардын коопсуздугун ойлоп ушундай чечим кабыл алдык», — деп билдирген бүтүрүүчүлөрдүн Таир Шадыбеков.

Сүрөт: «Турмуш» басылмасы

Мындан сырткары, Нарын облусунун Ат-Башы районунун «Ача-Кайыңды» мектебинин 2001-жылкы бүтүрүүчүлөрү аталган айылга 600 миң сомдук комбайн алып беришти. Алар комбайнды айыл өкмөтүнө өткөрүп беришкен.

Бүтүрүүчү Атабек Асаналиевдин айтымында, буга чейин тургундар эгиндерин айдата албай кыйналышчу.

«Эми айылдыктар комбайнга майды куюуп, айдоочунун жарым акысын төлөп иштете беришсе болот», — деп билдирген Асаналиев.

Сүрөт: «Спутник» басылмасы

Өлкөдө коронавирус пандемиясына байланыштуу акыркы коңгуроо салтанаты 2020 жана 2021-жылдары онлайн форматында өткөрүлгөн. Бийлик мындай чечимди 19-майда кабыл алган. Акыркы коңгуроо күнү өлкөдө коомдук коопсуздукту сактоого ИИМдин дээрлик 4 миңге чукул кызматкери тартылган.

Редактору: Зарина Маматжанова