Балдарды коргоонун Эл аралык күнү жыл сайын жай айынын биринчи күнү белгиленет. Балдарга камкордук жасоо демилгеси 1949-жылы Парижде өткөн аялдардын Демократиялык федерациясынын эл аралык конгрессинде көтөрүлүп, ал биринчи жолу 1950-жылы салтанат менен белгиленген.

«Клооптун» кабарчылары Ош шаарындагы майрамдык маанайды чагылдырып келишти. Калаада ата-энер бүгүн наристелерине өзгөчө көңүл бурушту. Алар балдарын сейил бакка жана оюн-зоок жайларга алып барып, атракциондорго түшүрүп, балмуздак жана оюнчуктарды белекке берип көңүлдөрүн көтөрүштү.

Сүрөттөрдүн авторлору: Нурпейил Ашур кызы, Камила Бактыбекова / Kloop.kg