Ош облусунун Кара-Суу шаарында 15 жаштагы өспүрүм 31-майда Шархансай каналына агып кетти. Учурда аны Өзбекстандан издеп жатышат.
ӨКМдин маалыматына ылайык, агым өспүрүмдү Өзбекстандын аймагына агызып кеткен. Мындан улам министрлик коңшу өлкөгө издөө иштерин жүргүзүү боюнча кат жолдогон.
1-июнь күнү Өзбекстандын ӨКМнин үч куткаруучусу Андижан облусунун Коргон-Төбө районундагы Түштүк Фергана каналында издөө иш-чараларын жүргүзүп, бирок натыйжа болгон эмес. Бүгүн, 2-июнда, издөө иштери улантылат.
Шархансай каналы — кыргыз-өзбек чек арасында жайгашкан. Ал Кемпир-Абад суу сактагычынан агып чыгып, Өзбекстандын Түштүк Фергана каналына куят.