Садыр Жапаров мектептерде руханий-адеп-ахлакты өнүктүрүү боюнча сабактарды киргизүүнү тапшырды

Президент Садыр Жапаров 3-июнда билим берүү жана илим министри Болотбек Купешов менен өлкөдөгү мектептик билим берүүнүн өнүгүү келечегин талкуулады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Купешов менен жолугушууда Жапаров билим берүү тармагын өнүктүрүү жана анын таасирдүүлүгүн арттыруу керек деп билдирди. Анын айтымында, айрыкча бул маселеге борбор калаада өзгөчө көңүл бурулушу керек.

«Ошондой эле негизги баалуулуктарды, руханий багыт жана ишенимдерди калыптандыруу үчүн жогорку адеп-ахлактуу инсанды тарбиялоонун принциптерин жана жолдорун ачууга жардам бере турган руханий-адеп-ахлакты өнүктүрүү боюнча предметтерди киргизүү зарыл», — деп билдирди Жапаров.

Билим берүү министринин айтымында, Жапаровдун жарлыгы боюнча мектептерде руханий-адеп-ахлактык өнүктүрүү жана билим берүүнүн стандарттарын кайра карап чыгуу пландалууда.

Купешев бул үчүн этика, эстетика, дене тарбия жана мектепке чейинки жаштагы балдарды, мектеп окуучуларын жана студенттерди тарбиялоо боюнча сабактарды дагы киргизүү пландалып жатканын белгиледи.

Адеп-ахлак жана руний өнүгүү концепциясы эмне жөнүндө?

Президент Садыр Жапаров «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө» концепцияны иштеп чыгуу жөнүндө жарлыкка 2021-жылы январда кол койгон. Бул анын президенттикке келгендеги алгачкы жарылыгы болчу.

Жарлыкка ылайык, Концепцияны жүзөгө ашырууга түрдүү түзүмдөр катышууга тийиш болчу — министрлер кабинетинен тартып журналисттерге чейин.

Концепциянын максаты «ички саясаттын эң маанилүү багытын — жогорку моралдык ченемдерди, каада-салттарды, салттуу болгон үй-бүлөлүк жана коомдук баалуулуктарды, сергек жашоону өздөштүрүү, Кыргызстан элдеринин маданияттарынын дөөлөтүн, кайталангыстыгын жана бирдиктүүлүгүн чагылдырган жалпы адамзаттык баалуулуктардын системасына өтүү аркылуу жарандарды тарбиялоону колдоо».

Тема боюнча: «Топуктуулук жана кечиримдүүлүк». Руханий өнүгүү концепциясында эмнелер жазылган?

Бирок укук коргоочу уюмдар менен жарандык коом Жапаровдун жарлыгын сынга алышкан. Алардын пикиринде, адам укугу жаатында бейтаасын баалуулуктарды киргизүү жарандык коомго жана ЖМКга каршы репрессиялардын күчөшүнө алып келиши мүмкүн.

Президент жана долбоордун авторлору мындай концепциянын зарылчылыгын «ааламдагы орчундуу көйгөйгө айланган руханий адеп-ахлактуулуктун өксүшү» менен негиздешкен.

Концепцияны депутат Дастан Бекешев дагы сынга алган. Өзүнүн фейсбук барагына концепция ишке ашпайт деген оюн жазган — «баары формалдуу болот: пландар, тапшырмалар, отчёттор, тонналаган кагаздар, концепциянын өзгөрүшү, ал эми жыйынтыгында пландар ашыра аткарылат. Ошондой эле, “моралдык-нравалык баалуулуктарды жогору койгон коомду тарбиялоону”» ансыз деле ишке ашырса болот.

Бекешев дүйнө тарыхында «баалуулуктарды жайылтуучу же жетекчи өзү талап кылынган ченемдер менен жашамайынча бир да баалуулук коомго сиңбегенин» кошумчалаган.