Имамназар Бурканов Баткендин мэри болду. Ал Арзыбек Буркановдун тууганы

Имамназар Бурканов Баткен шаарынын мэри болуп дайындалды. 7-июнда өткөн шайлоодо аны шаардык кеңештин 31 депутатынын баары колдоду.

Бурканов Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, президент Садыр Жапаровдун жардамчысы болгон Арзыбек Бурканов менен Кызыл-Кыя ШИИБдин башчысы Нурланбек Буркановдун тууганы — алардын аталары бир тууган.

Бурканов өзү 56 жашта. 11-апрелдеги шайлоодо Баткен шаардык кеңешине «Ала-Тоо Кыргыз жери» партиясынан депутат болуп келген. Ага чейин «Таза-Суу» долбоорунда контролер болуп иштеген.

Ачык булактарда Буркановго «Сыйкыр Топурак» кыш, плита жана башка курулуш материалдарын өндүрүүчү компания менен «Газпром-транзит» авиация жана унаа күйүүчү майларын дүң сатуучу компания катталган.

Калаанын буга чейинки мэри Мамыржан Рахимов болчу. Ал президенттин Баткен облусунун чек арадагы айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча атайын өкүлү болуп дайындалгандан кийин мэрдин милдетин Акылбек Орозов аткарып жаткан.