Катуу шамалдан улам жаракат алган үч жаран ооруканага түштү

Бишкекте 8-июндагы катуу шамалдан үч адам жабыркаганын Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Алардын мээси чайкалып, Улуттук госпиталдын нейротравма бөлүмүнө жаткырылган.

Катуу шамалдан улам борбор калаанын ар кайсыл райондорунда дарактар кулаган. Анын кесепетинен автоунаалар, электр чубалгылары жабыркап, адамдар жаракат алган.

Атап айтканда, Абдрахманов менен Пушкин көчөсүнүн кесилишинде бак кулап суусундук саткан аялды жана анын кардары жабыркаган. Эки аялга медициналык жардам көрсөтүлгөн.

Ошондой эле, күбөлөрдүн айтымында 7-кичи райондо автоунааны бак басып калган, бактыга жараша унаада эч ким болгон эмес.

Сүрөт: Kaktus.Media

Андан тышкары, Эркиндик бульварында келе жаткан унаага дарактын чоң бутагы кулаган, натыйжада анын маңдайкы айнеги күбүлүп калган. 

Сүрөт: “Акипресс”. 

Чокморов көчөсүндө дарактын бутагы сынып, электр чубалгыларын үзүп кеткен.

Катуу шамал Айни көчөсүндөгү турак үйдүн жана Кожомкул атындагы спорт ордосунун чатырын учуруп кеткен.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматынын маалыматьына таянсак, катуу шамал өлкөнүн башка аймактарында дагы катталган. Анда деле бактар кулап, автоунааларды, үйлөрдүн чатырларын сындырган.

Жарандык коргоо комиссиясы 8-июнда бул окуялар боюнча акт түзгөн. Аймактиардагы материалдык чыгымдын баасын 9-июнда Жарандык коргоо комиссиясы аныктайт.

Материалды даярдагандар: Бегимай Арстанбекова, Данияр Кенжалиев жана Нурсултан Үсөнов.