Баткен: Президент 6-майда капсула салган объекттин курулушу алигече башталбай турат

«Тажадым» инстаграм баракчасында президент Садыр Жапаров бир ай мурда пайдубалына капсула салган Баткен облусунун Лейлек районундагы аскердик шаарчанын курулушу башталбай турганы боюнча тасма жарыяланды.

Анда видеонун автору президент кеткенден кийин курулуш иштеринин башталбаганына нараазы болуп, эмнеге курбай жатышат деп суроо салган.

«Эч нерсе курулган жок, эч нерсе башталган жок. Эгер президентке жетпей жатса өзү деле көрсө болот», — деген ал.

Бул маселе боюнча Баткен облустук администрациясынын басма сөз катчысы Азатбек Курбанбековго байланышканыбызда маалымат такталып жатканын айтты.

Президент аталган курулуштун пайдубалын түптөө үчүн капсуланы 6-майда Баткенге болгон иш сапарында салган. Анда ал Маргун айылынын тургундары менен жолугушуп, чек ара анын ишиндеги «эң маанилүү маселе экенин» айткан. Бирок анда курулуш качан аяктаары тууралуу сөз болгон эмес.

Ошондой эле Жапаров калыбына келтирүү иштери боюнча жергиликтүү органдарга тапшырмалар берилгенин, аны координациялоону «өз көзөмөлүнө алаарын» убадалаган.

28-29-30-апрелде Баткен облусунлда тажик аскерлеринин куралдуу агрессиясынан улам тургундардын 136 турак үйү жана 84 объект өрттөлгөн — анын ичинде үч чек ара заставасы бар.