Коронавирус: Кыргызстанга кирүүнүн эрежелери өзгөрдү

Чет жактан келген жүргүнчүлөр эми COVID-19 илдетине каршы эмделгени тууралуу күбөлүк же ПЧР-тесттин терс жыйынтыгы менен өлкөгө киргизилет. Бул тууралуу Экономика жана каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Ага ылайык, ушундай эле талап Кыргызстанга келип жаткан туристтерге дагы тиешелүү.

Мындай чечим тиешелүү мамлекет органдардын — Саламаттык сактоо министрлиги, ТИМ, Чек ара кызматы, Туризм департаменти, Минтранс жана «Манас» аэропорту — буйругунун негизинде 8-июнда кабыл алынган.

Эми Кыргызстанга чет жактан келгендерге төмөнкүдөй талаптар коюлат:

- соңку 72 саат аралыгындагы ПЧР-тесттин терс жыйынтыгы;

- же COVID-19 илдетине каршы вакцина алганы тууралуу күбөлүк .

Ушул эле талаптар 5 жаштан жогору балдарга тиешелүү. Эмделген туристтер 19-июндан баштап учак аркылуу, 12-июндан кургактагы чек ара пункттарынан Кыргызстанга кирсе болот.

Буга чейин «Манас» эл аралык аэропортунда 31-майдан тартып COVID-19 дартына карата ПЧР-тест тапшыруучу лаборатория иштеп баштаган. Лабораторияда бир күндө ПЧР-тесттен 14 миңге чукул адам өтө алат.

10-июнге карата Кыргызстан боюнча 108 667 кишиге коронавирус жуккан, анын Анын 101 715си оорудан айыкты. Ал эми илдет 1869 кишинин өмүрүн алды.